https://sputnik.kg/20260903/1103426561.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Таластын болгар калемпири ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолуудаЛавров: санкцияны токтотууну Европадан жүгүнүп суранбайбыз дедиӨрнөктө көчмөндөр цивилизациясынын... 03.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-03T11:00+0600
2026-09-03T11:00+0600
2026-09-03T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103426395_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5794d7f3e35a2a9ccf009af84687cc93.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Таластын болгар калемпири ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолуудаЛавров: санкцияны токтотууну Европадан жүгүнүп суранбайбыз дедиӨрнөктө көчмөндөр цивилизациясынын келечегине арналган илимий конференция өтөт
Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий конференция өтөт. Иш-чарада көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизациядагы орду жана маданий мурасы, климаттын өзгөрүшү жана санариптештирүү шартындагы туруктуу өнүгүү, саясий-укуктук системалар, археологиялык ачылыштар, этноспорт жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары талкууланат. Илимий иш-чаранын расмий бөлүгүн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев ачып, саламдашуу сөзүн сүйлөйт. Ошондой эле ачылыш аземине ЮНЕСКОнун колдоосу алдындагы ICHCAP( Ай ЧИ Кеп) борборунун директору Ким Доксун катышат. Иш-чарага илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова модераторлук кылат. Конференциянын алкагында эл аралык эксперттердин катышуусунда тематикалык сессиялар өтүп, түштөн кийин 8 параллелдүү секцияда талкуулар уюштурулат. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн китеп көргөзмөсү, музейге экскурсиялар уюштурулуп, достук жана биримдиктин символу болгон түндүк көтөрүү аземи өтөт.
Талас облусунун Манас районунда болгар калемпирин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, продукция ички рынок менен катар ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолууда. Болгар калемпири негизинен Россия жана Казакстанга жөнөтүлүп жатат. Райондо "Ласточка" сортундагы болгар калемпири 1 350 гектар жерге айдалган. Учурда түшүмдүүлүк орточо 200-250 центнерди түзүп, базардагы баасы сапатына жана көлөмүнө жараша орточо 40-45 сомдон сатылууда.
VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан негизги аянтчаларда медициналык пункттар, тез жардам бригадалары жана мобилдик госпиталь иштеп жатат. Сааматтык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 27-августтан 2-сентябрга чейин медициналык жардам алуу үчүн 507 адам кайрылган. Алардын көпчүлүгүнө жардам жеринде көрсөтүлгөн. Катышуучулар жана коноктор көп топтолгон Кырчын жайлоосунда алты медициналык пункт, ӨКМдин мобилдик госпиталы жана тез жардамдын 10 бригадасы иш алып барууда. Бул жерде 341 адам медициналык жардам сурап кайрылса, анын 126сы мобилдик госпиталда кабыл алынган. Кайрылуулардын негизги бөлүгү медициналык консультацияга, анын ичинде кан басымдын жана кандагы канттын деңгээлинин жогорулашына байланыштуу болгон. Ошондой эле жеңил жаракат алган учурлар катталган. Оюндардын бардык аянтчаларында медициналык коштоо иштери улантылууда.
Европа биздин өз ара кызматташуубуз мурдагы жылдары өтө маанилүү болгондуктан санкцияларды токтотууну жүгүнүп суранат деп алган, бирок андай болбойт. Бул туурасында РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Чыгыш экономикалык форумунда билдирди. Ал россиялыктардын да намысы бар экендигине токтолгон. "Европа мурунку жылдардагы кызматташуубуз Россия Федерациясы үчүн ушунчалык маанилүү болгондуктан биз артынан чуркап, "мейли эми, бизди кечиргиле, болгон ишти унуталы, кайрадан кызматташалы, санкцияларды алып салгыла" деп жалынып-жалбарабыз деп ойлоп алды. Бирок андай болбойт, мындай нерсе биздин элдин табиятына такыр жат. Биздин да өз намысыбыз бар", — деген Лавров
Таластын болгар калемпири ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолуудаЛавров: санкцияны токтотууну Европадан жүгүнүп суранбайбыз дедиӨрнөктө көчмөндөр цивилизациясынын келечегине арналган илимий конференция өтөт Ысык-Көл облусунун Өрнөк айылындагы Курманжан Датка атындагы Көчмөндөр цивилизациясынын борборунда VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында “Көчмөндөр цивилизациясы: мурастары, парадигмасы жана келечеги” аттуу эл аралык илимий конференция өтөт. Иш-чарада көчмөндөрдүн дүйнөлүк цивилизациядагы орду жана маданий мурасы, климаттын өзгөрүшү жана санариптештирүү шартындагы туруктуу өнүгүү, саясий-укуктук системалар, археологиялык ачылыштар, этноспорт жана түрк дүйнөсүнүн маданий мурастары талкууланат. Илимий иш-чаранын расмий бөлүгүн Кыргызстандын мамлекеттик катчысы Арслан Койчиев жана ТҮРКСОЙ эл аралык уюмунун башкы катчысы Султан Раев ачып, саламдашуу сөзүн сүйлөйт. Ошондой эле ачылыш аземине ЮНЕСКОнун колдоосу алдындагы ICHCAP( Ай ЧИ Кеп) борборунун директору Ким Доксун катышат. Иш-чарага илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри Гүлзат Исаматова модераторлук кылат. Конференциянын алкагында эл аралык эксперттердин катышуусунда тематикалык сессиялар өтүп, түштөн кийин 8 параллелдүү секцияда талкуулар уюштурулат. Мындан тышкары, катышуучулар үчүн китеп көргөзмөсү, музейге экскурсиялар уюштурулуп, достук жана биримдиктин символу болгон түндүк көтөрүү аземи өтөт. Талас облусунун Манас районунда болгар калемпирин жыйноо иштери башталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги билдирди. Маалымдалгандай, продукция ички рынок менен катар ЕАЭБ өлкөлөрүнө экспорттолууда. Болгар калемпири негизинен Россия жана Казакстанга жөнөтүлүп жатат. Райондо "Ласточка" сортундагы болгар калемпири 1 350 гектар жерге айдалган. Учурда түшүмдүүлүк орточо 200-250 центнерди түзүп, базардагы баасы сапатына жана көлөмүнө жараша орточо 40-45 сомдон сатылууда. VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндары өтүп жаткан негизги аянтчаларда медициналык пункттар, тез жардам бригадалары жана мобилдик госпиталь иштеп жатат. Сааматтык сактоо министрлигинен билдиришкендей, 27-августтан 2-сентябрга чейин медициналык жардам алуу үчүн 507 адам кайрылган. Алардын көпчүлүгүнө жардам жеринде көрсөтүлгөн. Катышуучулар жана коноктор көп топтолгон Кырчын жайлоосунда алты медициналык пункт, ӨКМдин мобилдик госпиталы жана тез жардамдын 10 бригадасы иш алып барууда. Бул жерде 341 адам медициналык жардам сурап кайрылса, анын 126сы мобилдик госпиталда кабыл алынган. Кайрылуулардын негизги бөлүгү медициналык консультацияга, анын ичинде кан басымдын жана кандагы канттын деңгээлинин жогорулашына байланыштуу болгон. Ошондой эле жеңил жаракат алган учурлар катталган. Оюндардын бардык аянтчаларында медициналык коштоо иштери улантылууда. Европа биздин өз ара кызматташуубуз мурдагы жылдары өтө маанилүү болгондуктан санкцияларды токтотууну жүгүнүп суранат деп алган, бирок андай болбойт. Бул туурасында РФ ТИМинин башчысы Сергей Лавров Чыгыш экономикалык форумунда билдирди. Ал россиялыктардын да намысы бар экендигине токтолгон. "Европа мурунку жылдардагы кызматташуубуз Россия Федерациясы үчүн ушунчалык маанилүү болгондуктан биз артынан чуркап, "мейли эми, бизди кечиргиле, болгон ишти унуталы, кайрадан кызматташалы, санкцияларды алып салгыла" деп жалынып-жалбарабыз деп ойлоп алды. Бирок андай болбойт, мындай нерсе биздин элдин табиятына такыр жат. Биздин да өз намысыбыз бар", — деген Лавров
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/03/1103426395_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_bb6a204e821077a65c06ba59437ad342.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио