https://sputnik.kg/20260902/yaponiyanyn-sssrge-zhenilishi-1103419062.html
Япония тизе бүгүп, советтик жоокерлер Квантун армиясын кыйраткан. Тарыхый видео
Япония тизе бүгүп, советтик жоокерлер Квантун армиясын кыйраткан. Тарыхый видео
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 1945-жылы 2-сентябрда Иосиф Сталин элге кайрылып, 3-сентябрды Японияны жеңген күн катары белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. 02.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-02T21:39+0600
2026-09-02T21:39+0600
2026-09-02T21:39+0600
ссср
экинчи дүйнөлүк согуш
иосиф сталин
япония
капитуляция
тарых
видео
https://sputnik.kg/img/07e9/09/03/1096278272_0:180:3004:1870_1920x0_80_0_0_808afc6a279f997eed6714627c7cc86e.jpg
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 1945-жылы 2-сентябрда Иосиф Сталин элге кайрылып, 3-сентябрды Японияны жеңген күн катары белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон. Маньчжур стратегиялык операциясынын жүрүшүндө СССР бир миллиондон ашуун кишиси бар Квантун армиясын кыйратып, андан улам Япония багынып бергенин жарыялаган. Японияны талкалоого советтик армиянын чечүүчү ролун унуткарып АКШ президенти Трумэн кийин "Россия Японияны жеңүүгө эч кандай аскердик салым кошкон эмес" деген. Анткен менен тарыхый фактылар таптакыр башка нерселерди айтууда. Япония флотунун 1941-жылдын 7-октябрында Перл-Харборго жасаган күтүүсүз чабуулунан (ушундан кийин АКШ Экинчи дүйнөлүк согушка аралашууга аргасыз болгон) кийин Вашингтон СССРдин колдоосуна муктаж эле. Тегеранда 1943-жылы, Ялтада 1945-жылы өткөн конференцияларда АКШ менен Улуу Британия Сталинден, өзгөчө 1944-жылы Нормандияда Экинчи фронт ачылгандан кийин Японияга каршы согушка кийлигишүүнү катуу суранышкан. Трумэн бул тууралуу күндөлүгүнө да "ишке ашканда япондор кыйрайт" деп жазган. Аскердик стратегдер советтик армиянын жардамысыз Япония 1947-жылдан эрте багынып бербей турганын божомолдошкон эле. Мындай жагдайда АКШ миллиондой аскеринен ажырамак. Токио 28-июлда капитуляциядан баш тарткандан кийин 6 жана 9-августта АКШ Хиросима менен Нагасакиге өзөктүк бомба таштап, бир заматта 120 миң киши өмүрү менен кош айтышкан. Ошентсе да чечүүчү ролду өзөктүк бомбалар ойногон эмес. Америка университетинин профессору Питер Кузник: "Согушка өзөктүк бомбалар эмес, советтик чабуул чекит койгон. Өзөктүк бомба менен согуш аяктаган деген сөз — америкалыктардын калпы. Бул дайым эстей жүрө турган маанилүү учур", — деген. Япония жетекчилиги да бул сөздү ырастаган. Премьер-министр Судзуки 1945-жылдын 9-августунда "бүгүн эртең менен согушка Советтер Союзунун кириши бизди биротоло туңгуюкка кептеп, согушту улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты" деген эле. Ал эми император Хирохито 14-августта "согушка Советтер Союзу кошулгандан кийин каршылык көрсөтүү империянын өзөгүнө коркучун туудурарын" моюндаган. Маршал Василевскийдин сөзү боюнча 19-августтан тарта "япон аскерлери багынып бере бештеген". 148 япон генералы, 594 миң офицер жана жоокер туткундалган. Маньчжур стратегиялык операциясынын жүрүшүндө СССР бир миллиондон ашуун кишиси бар Квантун армиясын кыйратып, Маньчжурияны (Кытай) жана Корей жарым аралынын түндүгүн бошоткон. Түштүк Сахалин кайтарылып, Курил архипелагынын суверенитети калыбына келтирилген. 1945-жылдын 2-сентябрында Япония Капитуляция тууралуу актыга кол коюп, ушуну менен Экинчи дүйнөлүк согуш соңуна чыккан. Россияда 3-сентябрь Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү эле эмес, милитаристтик Японияны жеңген күн катары да белгиленип келет. Тийиштүү мыйзамга РФ лидери Владимир Путин 2023-жылдын 24-июнунда кол койгон. Sputnik Дүйнөлүк экинчи согуш кандай болуп аяктаганы жана милитаристтик Япония кандай болуп багынып бергени тууралуу кенен баяндалган материал даярдаган.
ссср
япония
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/09/03/1096278272_137:0:2868:2048_1920x0_80_0_0_8562865ad7984164e6097c410f4318e9.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
ссср, экинчи дүйнөлүк согуш, иосиф сталин, япония, капитуляция , тарых, видео
ссср, экинчи дүйнөлүк согуш, иосиф сталин, япония, капитуляция , тарых, видео
БИШКЕК, 2-сен. — Sputnik. 1945-жылы 2-сентябрда Иосиф Сталин элге кайрылып, 3-сентябрды Японияны жеңген күн катары белгилөө боюнча жарлыкка кол койгон.
Маньчжур стратегиялык операциясынын жүрүшүндө СССР бир миллиондон ашуун кишиси бар Квантун армиясын кыйратып, андан улам Япония багынып бергенин жарыялаган.
"Бүгүн Япония багынып берди. Анын капитуляциясы менен Түштүк Сахалин жана Курил аралдары Советтер Союзуна өтүп, СССРди океан жана япон агрессиясынан коргой турган база катары кызмат кылат", — деген Сталин.
Японияны талкалоого советтик армиянын чечүүчү ролун унуткарып АКШ президенти Трумэн кийин "Россия Японияны жеңүүгө эч кандай аскердик салым кошкон эмес" деген. Анткен менен тарыхый фактылар таптакыр башка нерселерди айтууда.
Япония флотунун 1941-жылдын 7-октябрында Перл-Харборго жасаган күтүүсүз чабуулунан (ушундан кийин АКШ Экинчи дүйнөлүк согушка аралашууга аргасыз болгон) кийин Вашингтон СССРдин колдоосуна муктаж эле. Тегеранда 1943-жылы, Ялтада 1945-жылы өткөн конференцияларда АКШ менен Улуу Британия Сталинден, өзгөчө 1944-жылы Нормандияда Экинчи фронт ачылгандан кийин Японияга каршы согушка кийлигишүүнү катуу суранышкан.
Трумэн бул тууралуу күндөлүгүнө да "ишке ашканда япондор кыйрайт" деп жазган. Аскердик стратегдер советтик армиянын жардамысыз Япония 1947-жылдан эрте багынып бербей турганын божомолдошкон эле. Мындай жагдайда АКШ миллиондой аскеринен ажырамак.
Токио 28-июлда капитуляциядан баш тарткандан кийин 6 жана 9-августта АКШ Хиросима менен Нагасакиге өзөктүк бомба таштап, бир заматта 120 миң киши өмүрү менен кош айтышкан.
Ошентсе да чечүүчү ролду өзөктүк бомбалар ойногон эмес. Америка университетинин профессору Питер Кузник: "Согушка өзөктүк бомбалар эмес, советтик чабуул чекит койгон. Өзөктүк бомба менен согуш аяктаган деген сөз — америкалыктардын калпы. Бул дайым эстей жүрө турган маанилүү учур", — деген.
Япония жетекчилиги да бул сөздү ырастаган. Премьер-министр Судзуки 1945-жылдын 9-августунда "бүгүн эртең менен согушка Советтер Союзунун кириши бизди биротоло туңгуюкка кептеп, согушту улантуу мүмкүнчүлүгүнөн ажыратты" деген эле. Ал эми император Хирохито 14-августта "согушка Советтер Союзу кошулгандан кийин каршылык көрсөтүү империянын өзөгүнө коркучун туудурарын" моюндаган.
Маршал Василевскийдин сөзү боюнча 19-августтан тарта "япон аскерлери багынып бере бештеген". 148 япон генералы, 594 миң офицер жана жоокер туткундалган.
Маньчжур стратегиялык операциясынын жүрүшүндө СССР бир миллиондон ашуун кишиси бар Квантун армиясын кыйратып, Маньчжурияны (Кытай) жана Корей жарым аралынын түндүгүн бошоткон. Түштүк Сахалин кайтарылып, Курил архипелагынын суверенитети калыбына келтирилген.
1945-жылдын 2-сентябрында Япония Капитуляция тууралуу актыга кол коюп, ушуну менен Экинчи дүйнөлүк согуш соңуна чыккан. Россияда 3-сентябрь Экинчи дүйнөлүк согуштун аяктаган күнү эле эмес, милитаристтик Японияны жеңген күн катары да белгиленип келет. Тийиштүү мыйзамга РФ лидери Владимир Путин 2023-жылдын 24-июнунда кол койгон.
Sputnik Дүйнөлүк экинчи согуш кандай болуп аяктаганы жана милитаристтик Япония кандай болуп багынып бергени тууралуу кенен баяндалган материал даярдаган.