00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Бир адамдан жылына 260 кг таштанды: Кыргызстанда калдыктарды башкаруу кандай өзгөрөт?
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Кыргызстан проактивдүү саясат жүргүзүшү керек. Регионалдык хаб өлкө экономикасына эмне берет?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Кеменгер
Улуттук дем — дүйнөлүк бийиктик”: Кыргызстан өзүнүн уңгужолун таптыбы?
19:06
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
11 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитинин жыйынтыгында жалпы 28 документ кабыл алынды. Тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев алардын ичинен негизги үчөөнү атады.Алардын бири — ШКУнун 25 жылдыгына арналган Бишкек декларациясы. Анда уюмга мүчө мамлекеттердин эл аралык жана аймактык маселелер боюнча жалпы позициялары чагылдырылган.Ошондой эле мамлекет башчылары ШКУнун Уставына өзгөртүүлөрдү киргизүү боюнча протоколго кол коюшту. Бул документ уюмдун ишин натыйжалуу жана ийкемдүү жүргүзүүгө укуктук негиз түзөт.Мындан тышкары, коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты күчөтүүгө багытталган документтер кабыл алынды. Алардын алкагында Ташкентте Коопсуздукка болгон коркунучтарга каршы күрөшүү боюнча универсалдуу борбордун, Душанбеде ШКУнун Баңгизатка каршы борборунун ишин жөнгө салган жоболор бекитилди.
Россия президенти Владимир Путин Россия Кыргызстандын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон каларын билдирди. Бул тууралуу ал өлкө башчысы Садыр Жапаров менен болгон эки тараптуу жолугушуусунда билдирди. Путин муну менен бирге Россия Кыргызстандын башкы соода өнөктөштөрүнүн бири бойдон каларын белгилеп, жетишкендиктерди тизмектеди. Анын айтымында, Кыргызстандын тышкы соодасынын 26 пайызы Россияга туура келет. Былтыр товар жүгүртүү 26 пайызга жогоруласа, быйыл алты айда дагы 36 пайызга өскөн. Россия президенти эки мамлекеттин ортосундагы сооданын 98 пайызы улуттук валюталарда жүрүп жатканына токтолгон. "Россиянын Кыргызстанга жасаган инвестициясы 1,2 миллиард доллардан ашты. Республикада россиялык капитал менен иштеген 2 миңден көп ишкана бар", — деди Путин. Ал Кыргызстандын ШКУ саммитине даярдыгын жогору баалады.
Кыргызстан менен Россиянын мамилесинин пайдубалы бекем жана стратегиялык мүнөзгө ээ. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров Россиянын мамлекет башчысы Владимир Путин менен жолугушуусунда билдирди.Жапаров эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуунун деңгээли жогору экенин белгилеп, аны андан ары өнүктүрүүнүн маанилүүлүгүн айтты.Биз Россия Федерациясы менен жетишилген өз ара кызматташуунун жогорку деңгээлине чоң маани беребиз жана мындан ары да практикалык кызматташтыкты чыңдоого, кеңейтүүгө ниеттенебиз”, — деди Жапаров. Өлкө башчысы Путинге Бишкекте өткөн ШКУ саммитине жеке катышканы, Кыргызстандын төрагалыгы учурундагы бардык артыкчылыктуу демилгелерин колдоп бергени үчүн ыраазычылык билдирди.Жолугушуунун жүрүшүндө президент соода-экономикалык, инвестициялык, энергетикалык, гуманитардык багыттардагы, ошондой эле аймактар аралык байланыштар менен биргелешкен долбоорлорду ишке ашыруу маселелерине токтолду.Сүйлөшүүлөрдүн соңунда Садыр Жапаров эки өлкөнүн кызматташтыгын өнүктүрүүгө кошкон салымы үчүн “Росатом” мамлекеттик корпорациясынын башкы директору Алексей Лихачевго Достук орденин тапшырды.
Быйылкы жылдын 15-сентябрынан тарта Таиланд Кыргызстанга карата кабыл алган 30 күнгө чейинки визасыз режим иштей баштайт. Бул тууралуу падышалыктын Тышкы иштер министрлиги билдирди.Жаңы тартип кадимки паспорт ээлерине тиешелүү. Учурда кыргызстандыктар Таиландга баруу үчүн 15 күндүк виза алышат. 15-сентябрдан кийин мунун зарылдыгы болбойт.Таиланддын жарандары да Кыргызстанда 30 күнгө чейин визасыз жүрө алышат.
Жаңылыктар түрмөгү
0