https://sputnik.kg/20260901/putin-shku-onoktosh-makamy-dung-produktsiya-1103367174.html
ШКУнун байкоочулары үчүн бирдиктүү макам киргизилет. Путиндин саммиттеги кеби
ШКУнун байкоочулары үчүн бирдиктүү макам киргизилет. Путиндин саммиттеги кеби
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө эмес, бирок кызматташкан өлкөлөр үчүн "ШКУнун өнөктөшү" деген бирдиктүү жаңы макам киргизилет... 01.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-01T13:11+0600
2026-09-01T13:11+0600
2026-09-01T13:11+0600
кыргызстан
бишкек
россия
шку
владимир путин
саммит
экономика
борбор азия
өнөктөштүк
макам
https://sputnik.kg/img/07ea/09/01/1103365822_0:53:3451:1994_1920x0_80_0_0_d93d8a564755bee47d85a936aba0f9ed.jpg
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө эмес, бирок кызматташкан өлкөлөр үчүн "ШКУнун өнөктөшү" деген бирдиктүү жаңы макам киргизилет. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Бишкекте өтүп жаткан мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай макамды уюмдагы азыркы бардык байкоочу мамлекеттер жана диалог боюнча өнөктөштөр алышат. Ал ошондой эле Кыргызстандын төрагалыгын жогору баалап, уюмдун аймагында эбегейсиз интеллектуалдык, технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана дүйнөлүк жаратылыш ресурстарынын олуттуу бөлүгү топтолгонун белгиледи. РФ лидеринин билдирүүсүндөгү башка дагы негизги учурлар: Россия саммиттин башкы жыйынтык документи болгон Бишкек декларациясындагы жалпы чечимдерди толук колдойт; мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык алаканы чыңдоо социалдык-экономикалык өсүшкө түрткү берип, элдин жашоо сапатын жакшыртат.
https://sputnik.kg/20260901/kiyinki-dko-kazanda-otot-1103365009.html
бишкек
борбор азия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/01/1103365822_361:0:3092:2048_1920x0_80_0_0_794ee356d545eae731af57e20e190d3f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, бишкек, россия, шку, владимир путин, саммит, экономика, борбор азия, өнөктөштүк, макам
кыргызстан, бишкек, россия, шку, владимир путин, саммит, экономика, борбор азия, өнөктөштүк, макам
БИШКЕК, 1-сен. — Sputnik. Шанхай кызматташтык уюмуна (ШКУ) мүчө эмес, бирок кызматташкан өлкөлөр үчүн "ШКУнун өнөктөшү" деген бирдиктүү жаңы макам киргизилет. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Бишкекте өтүп жаткан мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди.
Анын айтымында, мындай макамды уюмдагы азыркы бардык байкоочу мамлекеттер жана диалог боюнча өнөктөштөр алышат.
"Мындай чечим ШКУ менен иштешүүгө кызыккан өлкөлөр жана уюмдар менен болгон байланышты жакшыртып, кызматташтыкты өнүктүрүүгө жардам берет", — деди Путин.
Ал ошондой эле Кыргызстандын төрагалыгын жогору баалап, уюмдун аймагында эбегейсиз интеллектуалдык, технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана дүйнөлүк жаратылыш ресурстарынын олуттуу бөлүгү топтолгонун белгиледи.
"ШКУ өлкөлөрү саясат, экономика жана гуманитардык багытта жигердүү кызматташууда. Бул биргелешкен аракеттер мамлекеттерибиздин туруктуу өнүгүшүн камсыздап, Евразия континентинде тынчтык, ишеним жана туруктуулукту камсыздоого көмөктөшөт", — деди Путин.
РФ лидеринин билдирүүсүндөгү башка дагы негизги учурлар:
уюмдун хартиясына өзгөртүү киргизүү боюнча протокол кабыл алынат. Анын негизинде Ташкентте заманбап чакырыктарга каршы Универсалдуу борбор жана Душанбеде Баңгизатка каршы күрөшүү борбору ишке кирет;
Россия саммиттин башкы жыйынтык документи болгон Бишкек декларациясындагы жалпы чечимдерди толук колдойт;
мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык алаканы чыңдоо социалдык-экономикалык өсүшкө түрткү берип, элдин жашоо сапатын жакшыртат.