00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Кабинет психолога как островок безопасности для школьника. Зачем эти специалисты в школе?
08:05
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Сот системасынын сапатын жана натыйжалуулугун жогорулатууда Сот адилеттигинин жогорку мектебинин ролу
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
«Ожидаем изменения западных доктрин», - Шерадил Бактыгулов об итогах саммита ШОС в Бишкеке
10:04
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
ШКУнун байкоочулары үчүн бирдиктүү макам киргизилет.Иран талкаланган ракета өндүрүшүн калыбына келтирип алдыАла-Арчадагы чокулардын бири ШКУ деп аталмай болду
Президент Садыр Жапаров "Кыргызстандагы чокулардын бирин Шанхай кызматташтык уюмунун чокусу деп атоо жөнүндө" жарлыкка кол койду. "Ынтымак ордодон" бул чечим ШКУнун түптөлгөндүгүнүн 25 жылдык урматына карата кабыл алынганын билдиришти. Ал — Аламүдүн районунун Ала-Арча мамлекеттик жаратылыш паркында жайгашкан, бийиктиги — 4050 метр. Учурда Бишкекте ШКУнун 25 жылдык юбилейлик саммити өтүп жатат.
Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө эмес, бирок кызматташкан өлкөлөр үчүн "ШКУнун өнөктөшү" деген бирдиктүү жаңы макам киргизилет. Бул тууралуу Россия президенти Владимир Путин Бишкекте өтүп жаткан мамлекет башчыларынын кеңешинин жыйынында билдирди. Анын айтымында, мындай макамды уюмдагы азыркы бардык байкоочу мамлекеттер жана диалог боюнча өнөктөштөр алышат. Ал ошондой эле Кыргызстандын төрагалыгын жогору баалап, уюмдун аймагында эбегейсиз интеллектуалдык, технологиялык мүмкүнчүлүктөр жана дүйнөлүк жаратылыш ресурстарынын олуттуу бөлүгү топтолгонун белгиледи.Россия саммиттин башкы жыйынтык документи болгон Бишкек декларациясындагы жалпы чечимдерди толук колдойт, мүчө өлкөлөрдүн ортосундагы соода-экономикалык алаканы чыңдоо социалдык-экономикалык өсүшкө түрткү берип, элдин жашоо сапатын жакшыртат.
Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев Шанхай кызматташтык уюмунун алкагында жасалма интеллект борборлорунун тармагын түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Бишкекте өтүп жаткан ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын саммитинде билдирди. Токаевдин айтымында, уюмга мүчө мамлекеттердин илимий жана инновациялык потенциалы чоң. Бул мүмкүнчүлүктү колдонуу менен өлкөлөр тажрыйба алмашуудан биргелешип технологияларды түзүүгө жана адистердин компетенцияларын жогорулатууга өтө алышат.Анын пикиринде, мындай кызматташтык жасалма интеллект жаатындагы илим-изилдөө иштерин өнүктүрүүгө жана жаңы технологияларды иштеп чыгууга шарт түзөт. Ошондой эле Токаев ШКУ аскердик-саясий блоктордун логикасынан тышкары иш алып барарын жана эч бир мамлекетке каршы багытталбаганын белгиледи
Иран авиачабуулга кабылып, зыянга учураган ракета өндүрүшүн калыбына келтирди. Бул туурасында Ислам революциясынын коргоочулар корпусунун жетекчиси Мохаммад Реза Нагди билдиргенин РИА Новости жазды. Анын айтымында, бул багыттагы бир топ объектилер жер үстүндө жайгашкандыгын каршылаш тарап билип алып, сокку урган. Азыр сөз болуп жаткан ишканалар коопсуз жайга көчүрүлгөн. Нагди ракеталар жогорку, заманга бап келген технология менен жасалып жатканын баса белгилеген. Иран ракеталык арсеналдын 90 пайызга жакынын сактап калгандыктан, аны арты-артынан создуктурбай чыгарууда. Мурдараак Иран менен АКШ тынчтык келишимин түзүү процессин баштоого багытталган меморандумга кол коюшкан. Бирок үч жумадан кийин кырдаал кайрадан курчуп кеткен. Вашингтон Тегеранды Ормуз кысыгындагы коммерциялык кемелерге кол салды деп айыптап, андан соң тараптардын атышуусу кайра башталган. Жакында эле АКШ президенти Дональд Трамп Иранга каршы экономикалык операция башталганын жарыялап, өлкө болуп көрбөгөндөй чектөөдө калганын билдирди. Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи тарап жаткан бул билдирүүлөр АКШнын жаңжалда жеңилгенин моюнга алганы деп айткан
Жаңылыктар түрмөгү
0