https://sputnik.kg/20260826/1103198036.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө жыл башынан бери азык-түлүк товарларынын баасы 6,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Ага ылайык, ушул эле мезгилде күнүмдүк керектелүүчү... 26.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-26T08:59+0600
2026-08-26T08:59+0600
2026-08-26T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1a/1103197870_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_f160d4afe7ea7fb0f23ab855d0c4336d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Өлкөдө жыл башынан бери азык-түлүк товарларынын баасы 6,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Ага ылайык, ушул эле мезгилде күнүмдүк керектелүүчү товарлар (кийим-кече, тиричилик буюмдары ж.б.) 5,8 пайызга, ал эми кызмат көрсөтүүлөр 11,1 пайызга кымбаттаган. Баанын өсүшүнө ички жана тышкы факторлор таасир берип жатканы айтылды. Улуттук банктын маалыматына караганда, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы транспорттук жана башка чыгымдардын өсүшүнө таасирин тийгизген. Ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баанын өсүшү белгиленген.
Олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген спортчуларга төрт жылга мамлекеттик стипендия берүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, стипендия 1-5-орун алган спортчуларга бир олимпиадалык циклге, башкача айтканда, төрт жылга дайындалат. Бирок спортчу допинг колдонгону аныкталса, кылмыш жасаса, Кыргызстандын жарандыгынан чыкса же башка өлкөнүн курама командасына өтсө, стипендия токтотулат. Мыйзам долбоорунда олимпиада чемпиондорун жана байге ээлерин даярдаган биринчи жана жеке машыктыруучуларга да төрт жылга мамлекеттик стипендия берүү каралган. Муну менен катар аларга жыл сайын акысыз медициналык кароодон өтүү, санаторийге жолдомо жана МИКтен кезексиз үй алуу мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн. Мындан сырткары, улуттук курама команданын спортчулары аскердик кызмат өтөп жатып, машыгуусун үзгүлтүккө учуратпашы үчүн атайын "спорт роталарын" түзүү сунушталды. Тагыраагы, кадимки аскердик бөлүктөрдө эле "спорт роталары" түзүлүп, анда спортчулар аскердик кызматын өтөп, ошол эле учурда машыгуусун уланта алышат. Расмий спорттук иш-чараларга, окуу-машыгуу жыйындарына катышуу, мелдештерге катышкан учурлар дагы аскердик кызматын өтөп жаткан убакытка эсептелет.
28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу айрым жолдордо жеңил автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу облустук милиция билдирди. Ага ылайык, иш-чара өтүп жаткан мезгилде көлдүктөрдөн жана коноктордон жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту пайдалануу сунушталды. Көчмөндөр оюндарына байланыштуу уюштурулган коомдук транспорт менен жүрүү акысыз болот. Тактап айтканда, Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин унаа жолу убактылуу бир тараптуу багытта уюштурулат. Машина менен келген жарандар атайын уюштурулган унаа токтотуучу жайларга калтырып, андан ары коомдук транспорт менен жүрө алышат.
Согуш талаасында максатына жете албаган киев режими Россиянын жай тургундарына каршы террорчулукка барган деңгээлге жетти. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсузджук кеңешинин Украина боюнча жыйынында айтты. Ал Владимир Зеленский РФ шаарларына, эл жашаган аймактарга, жарандык инфраструктурага сокку уруу үчүн батыш мамлекеттеринен курал-жарак жана ок-дары сураганын у
Өлкөдө жыл башынан бери азык-түлүк товарларынын баасы 6,3 пайызга өстү. Бул тууралуу Улуттук банк билдирди. Ага ылайык, ушул эле мезгилде күнүмдүк керектелүүчү товарлар (кийим-кече, тиричилик буюмдары ж.б.) 5,8 пайызга, ал эми кызмат көрсөтүүлөр 11,1 пайызга кымбаттаган. Баанын өсүшүнө ички жана тышкы факторлор таасир берип жатканы айтылды. Улуттук банктын маалыматына караганда, күйүүчү-майлоочу майлардын кымбатташы транспорттук жана башка чыгымдардын өсүшүнө таасирин тийгизген. Ошондой эле дүйнөлүк азык-түлүк рыногунда баанын өсүшү белгиленген. Олимпиадада алдыңкы орундарды ээлеген спортчуларга төрт жылга мамлекеттик стипендия берүү сунушталууда. Жогорку Кеңештин депутаттары демилгелеген мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Ага ылайык, стипендия 1-5-орун алган спортчуларга бир олимпиадалык циклге, башкача айтканда, төрт жылга дайындалат. Бирок спортчу допинг колдонгону аныкталса, кылмыш жасаса, Кыргызстандын жарандыгынан чыкса же башка өлкөнүн курама командасына өтсө, стипендия токтотулат. Мыйзам долбоорунда олимпиада чемпиондорун жана байге ээлерин даярдаган биринчи жана жеке машыктыруучуларга да төрт жылга мамлекеттик стипендия берүү каралган. Муну менен катар аларга жыл сайын акысыз медициналык кароодон өтүү, санаторийге жолдомо жана МИКтен кезексиз үй алуу мүмкүнчүлүгү берилиши мүмкүн. Мындан сырткары, улуттук курама команданын спортчулары аскердик кызмат өтөп жатып, машыгуусун үзгүлтүккө учуратпашы үчүн атайын "спорт роталарын" түзүү сунушталды. Тагыраагы, кадимки аскердик бөлүктөрдө эле "спорт роталары" түзүлүп, анда спортчулар аскердик кызматын өтөп, ошол эле учурда машыгуусун уланта алышат. Расмий спорттук иш-чараларга, окуу-машыгуу жыйындарына катышуу, мелдештерге катышкан учурлар дагы аскердик кызматын өтөп жаткан убакытка эсептелет. 28-августтан 6-сентябрга чейин Ысык-Көл облусунда өтө турган VI Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына байланыштуу айрым жолдордо жеңил автоунаалардын кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу облустук милиция билдирди. Ага ылайык, иш-чара өтүп жаткан мезгилде көлдүктөрдөн жана коноктордон жеке унаалардын ордуна коомдук транспортту пайдалануу сунушталды. Көчмөндөр оюндарына байланыштуу уюштурулган коомдук транспорт менен жүрүү акысыз болот. Тактап айтканда, Семеновка айылынан Кырчын жайлоосуна чейин жана Кырчын жайлоосунан Григорьевка айылына чейин унаа жолу убактылуу бир тараптуу багытта уюштурулат. Машина менен келген жарандар атайын уюштурулган унаа токтотуучу жайларга калтырып, андан ары коомдук транспорт менен жүрө алышат. Согуш талаасында максатына жете албаган киев режими Россиянын жай тургундарына каршы террорчулукка барган деңгээлге жетти. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсузджук кеңешинин Украина боюнча жыйынында айтты. Ал Владимир Зеленский РФ шаарларына, эл жашаган аймактарга, жарандык инфраструктурага сокку уруу үчүн батыш мамлекеттеринен курал-жарак жана ок-дары сураганын у
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/08/1a/1103197870_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0b590aece645159fb338ea16762e8d04.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио