Террорчулук, кысым жана тарыхты бурмалоо. Небензя БУУ жыйынында Украина тууралуу
13:12 25.08.2026 (Жаңыртылды: 16:04 26.08.2026)

© Sputnik / Валерий Шарифулин
/ Жазылуу
БИШКЕК, 25-авг. — Sputnik. Согуш талаасында максатына жете албаган Киев режими Россиянын жай тургундарына каршы террорчулукка барган деңгээлге жетти. Бул тууралуу Россиянын БУУдагы туруктуу өкүлү Василий Небензя Коопсуздук кеңешинин Украина боюнча жыйынында айтты.
Ал Владимир Зеленский РФ шаарларына, эл жашаган аймактарга, жарандык инфраструктурага сокку уруу үчүн батыш мамлекеттеринен курал-жарак жана ок-дары сураганын улантып жатканына токтолгон.
"Бүгүнкү жыйын Украина эгемендүүлүгүнүн 35 жылдыгы деген ураан алдында өтүп жатат. Майрамдоого негиз барбы? Бул мезгил аралыгында ар ким каалагандай башкара берип, өлкө кыйроого кептелди", — деди Небензя.
Россиялык дипломаттын билдирүүсү:
Батыштын батыл кийлигишүүсү менен Украина башкача көз караштагылар кысымга учурап, оппозиционерлер абакта жок кылынган "Зеленский атындагы концлагерге" айланды;
Украинаны курал менен камсыздап келген өлкөлөр эми тынчтыктын жактоочулары болуп чыга келишти;
Киев бийлиги советтик өтмүштү жокко чыгарып, тарыхты бурмалоодо, Экинчи дүйнөлүк согушта карапайым калкты кырган Адольф Гитлердин тарапташтарын даңазалап келет;
православдарды куугунтуктоо ур-токмок менен коштолууда;
Запорожье АЭСинин айланасындагы оюн өзгөчө кооптуу болуп турат. Киев режими МАГАТЭнин башкы директору Рафаэль Гроссинин станцияга жасай турчу сапарын үзгүлтүккө учуратты;
Киевдин күч топтоп алышы үчүн Москваны согушту жүрүп жаткан жеринен токтотууга мажбурлоо ишке ашпайт. Россия менен ультиматум тилинде сүйлөшүүдөн да пайда болбойт.


