https://sputnik.kg/20260823/zhumaly-kubatovdu-eskeruu-1103075802.html
Көп нерсе өзү менен кетти. Чалгын кызматын негиздеген Жумалы Кубатовду эскерүү
Көп нерсе өзү менен кетти. Чалгын кызматын негиздеген Жумалы Кубатовду эскерүү
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын аскердик чалгын кызматынын негиздөөчүсү, полковник Жумалы Кубатов 1950-жылы Түп районунда туулган. Новосибирскидеги аскердик-саясий окуу жайын... 23.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-23T19:34+0600
2026-08-23T19:34+0600
2026-08-23T19:34+0600
кыргызстан
туяк
жумалы кубатов
чекист
чалгын кызматы
афганстан
тажикстан
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/14/1060565865_0:0:965:543_1920x0_80_0_0_f7f5ca24892b3edc1ab28b343c16b9e3.jpg
Кубатов 1992-жылы эгемен Кыргызстанда аскердик чалгын кызматын түптөп, чет өлкөлөрдө маанилүү маалыматтарды чогултууга жооп берген. 1993-жылы Тажикстандагы жарандык согушта туткундагы аскерлерди аман-эсен бошотууга салым кошкон. Кесиптештери аны кесипкөй адис, эр жүрөк жана принципиалдуу жетекчи катары баалашат. Кубатовдун үй-бүлөсү офицерлер династиясына кирет, аскердик улуу жол 1919-жылдан башталган. "Туяк" программасынын алкагында Марипа Кубатова жолдошунун бейнесин ачып берди. — Жумалы Кубатовду кыргыздын аскердик чалгын кызматын негиздеген полковник катары билебиз. Сиз ал кишини өмүрлүк жар, ата эле эмес, адам катары бейнесин ачып берсеңиз. — Жумалы Түп районунун Ой-Булак айылында туулуп-өскөн. Атасы эл үчүн кызмат кылган киши экен. Кайненем казактын кызы болчу. Ал да жакшы адам эле. Жумалы — бешинчи бала. Бирок атабыз апабызга үйлөнгөнгө чейин үйдөгү жесир жеңелерине нике кыйылып, аларды да багыптыр. Кайнатамдын эмгеги элге абдан сиңгендиктен, "өмүр бою жесирлер менен жашамак белең" дешип, казактын байы 14 жашар кызын берген экен. Ал бойго жеткенче жеңесинин койнунда жатат. Ошентип, беш балалуу болгондон кийин апабыз жесир калат. Мурунку жеңелеринин балдарын кошкондо баш-аягы 12 баланы машак терип, түнү менен уктабай апийим тазалап багышкан экен. Азапты ушундай тартыптыр. Балдары чоңоюп, кийин баары ордун таап, апабыз 92 жашында каза болду. Ал эми Жумалы агалары менен чогуу айылда өсүп, айыл чарбасына, талаа жумуштарына жардамдашып жүргөн. 10-классты бүткөндө авиацияга барып, комиссиядан өтпөй калыптыр. Абдан бышык, тың болгондуктан кайнатамдын бир тууганынын баласы "сен аскер кызматына эле бар" деген кеңешин берет. Ошол кишинин акылы менен Новосибирск шаарындагы төрт жылдык аскердик окуу жайга тапшырат. Өз киндигин өзү кесип, ушул кызматты аркалап кетет. Апасы "алыс жакта кантесиң" деп ыйлап, араң жиберген экен. Бир сом сурабай окуусун бүтүп, бүтүрүү кечесинде азыркы Эдуард Кубатовдун атасы, кайнагам барып, "карыган апасы бар" деп Кыргызстанга атайын бөлдүрүп алып келет. Болбосо Россиянын бир шаарына бөлгөнү жатышыптыр. Апам ал кезде 50 жашта болчу, бирок турмуштун кыйынчылыгын көп тарткандыктан улуу көрүнүп калса керек. Келгенде эле Кой-Ташка бөлүнүп, эмгек жолун ошол жерден баштайт. — Ошентип, сиз менен таанышып калды? — Мен өзүм Таластын кызымын. Бул жерде Политехникалык институтта окучумун. Чогуу жашаган курсташымдын жигити булардын айылынан экен. Ал Жумалыга "менин кызымды бирөөлөр алып кетпесин, барып карап тур" деп кат жазган экен. Жатаканага жолдошу менен келип эле мени тиктеп туруп калды. Мен ыңгайсызданып, бир чети жиним келди. Ошентип сүйлөшүп калдык да, 10 күндөн кийин сезимин билдирип, баш кошууга сунуш берди. Мен "жок, сиз кызыксыз го, бири-бирибизди жакшы билели" деп болбой койдум. Ошентип, эки жылдан кийин диплом алып, анан баш коштук. Ага чейин ата-энем "Түптү көргөн эмес элек, алыс, Таластан жигит табылган жокпу" деп ызылдап, каршы болушкан. Бир жолу сиңдим айылга бармак. Анан Кубат келип "Калыйнур Үсөнбеков боюнча Тамара Бакиева берүүгө чакырып жатат, телевизордон чыгам, ошондо көрүшсүн, макул болушат" деди. Чын эле ошол берүүдөн көрүп, анан макул болушкан. — Үйлөнүп, анан Афганстанга кеткен турбайбы... — Ооба, ал кезде эки балалуу болгонбуз. Баш кошкондон кийин Новосибирскиге бир жылдык контрчалгындоо курсуна окууга жөнөтүштү. Окууну бүткөн соң суранып, апабызга карап Нарын шаарына бөлүнүп келдик. Ал кезде кызыбыз төрөлүп калган, Нарындан уулдуу болдук. Нарындан кыргызча үйрөнүп, аксакалдар менен баарлашып, санжыраны, салт-санааны үйрөнгөн. "Марипа, мага кыргызча сүйлө" деп үйдөн да кыргызча сүйлөштүк. Новосибирскиде окуп жатканда конкурс болуп, анда ар бир улут өзүнүн маданиятын көрсөтүшү керек экен. "Марипа, мага кыргызча ыр тап, ырдайм" деп калды. "Сары-Челек" деген ырдын текстин таап бердим. Үнү бийик эле, ошондо ырдап, 1-орунду алган. Ырга шыктуу болчу, бардык жактан таланттуу эле. Ишиндеги ийгиликтеринен улам кийин Казакстанга бөлүштү. Ошол жакта жүргөндө афган согушу башталып калды. Өзү билип жүргөн болсо керек. Бир күнү Ошко которула турган болуп, даярданып жаткам. Кечинде жумуштан келип эле шашылыш командировкага кетип жатканын айтты. Мен Таласка ата-энемдикине барып турмай болдум. Ошентип, дайым даяр турчу чемоданын алып кетти. Кечинде эле жетекчиси жубайы менен келип, балдарым менен мени тамакка чакырышты. Телевизорду сайсак, жаңылыктардан афган согушу башталганы кабарланды. Беркилер мени жооткотуп коюшту. Ошондо билдим. Болбосо эч нерседен кабарым жок отургам. Бир жыл Афганстанда жүрдү. Мен шаарга келип, батирге кезекке турдум. Бир күнү чалып, чакырып калышты. Барсам, эки бөлмөлүү батир тийиптир. Балдарымды алып көчүп келдим. Энемди да жаныма алып келишти. Ошентип, балдарды бакчага берип, иштеп калдым. Ага чейин Жумалы жарадар болуп Ташкенттеги госпиталга жатып калыптыр. Колесников деп көп айтып калчу эле. Жарылуу болгондо орус жоокери Колесников "жолдош капитан тирүү болсо керек" деп ошол жерден сууруп чыгып, алып калган экен. Кийин өзүнүн суранычы менен үй-бүлөсүнө жакын Жамбылга которулуп, эки жоокердин жана медицина кызматкеринин коштоосунда учак менен жеткиришти. Врачтын коштоосунда таң атпай балдарымды көрөйүн деп үйгө келген. Ата-энем түлөө кылып, бир күндөн кийин алып кетишкен. Сакайгандан кийин кайра эле Афганстанга жиберишти. Согушта да чоң-чоң операцияларга катышып, Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөтүлгөн экен. — Нарында иштеп турганда да чет элдик тыңчыны кармаганы үчүн Андроповдун колунан грамота алган экен. — Ал кезде мындай сыйлыкты бул жаатта эч ким ала элек эле да. Коргоо министрлигинин өзгөчө кылмыштар менен иштөө, башкача айтканда, чалгын кызматында иштеди. Афганстандагы кезинде да жергиликтүү элдин ишенимине кирип, керек болсо алар кайсы бир керектүү маалыматтары менен бөлүшчү экен. Алар менен жакшы болуп, жоокерлерге келген ундан, буудайдан, майдан берип турчу тура. Жашоолору аябай оор, ачка, көрсөң жүрөгүң ооруйт дечү. Алар да Жумалыны өз тилинде атап алышкан. — Кийин Германияга да барып калыптыр? — Кубада да бир кырдаал чыгып, ошол жакка кетмек болуп калды. Бирок медициналык кароонун жыйынтыгында кызыбыздын жүрөгүнөн бир кемтик таап, дарыгерлер океандан ашып өтө албайт дешти. Мен да көңүлдөнгөн жокмун. Ошентип, Кубага барбай, Германияга бөлүнүп, ал жакта беш жыл жүрдүк. Эң сонун күндөрүбүз өттү. Баягы эле Батыштагы аскерлер тобунун (ЗГВ) өзгөчө бөлүмүндө контрчалгындоо кызматында иштеди. Ошол учурда да эл аралык тыңчыны кармаган. Бирок бул маалыматтар айтылбай, жашыруун калды. Мага деле убагында эч нерсе айтчу эмес. Кийин ачылганда, эмгеги бааланбай калганда ичи ачышып да, "ушундай да иштерди жасабадык беле" деп четин чыгарып жиберчү. Мен жооткотуп, кудайдын ушунусуна шүгүр деп алаксытып коер элем. Бирок көп нерсе өзү менен кетти го... Көбүнчө мени кабатырланбасын деп жүрөгүнө катып кетти. Кеткен жагынан аман-эсен келсе, "ө-өх" деп калчумун. Германиянын Дрезден шаарында КГБнын кызматкери болуп иштеп турган Владимир Путин менен чогулуштарда көрүшүп калган кездери болгон экен. Апабызды да кийин туулган жерине, Казакстанга алып барып келди. Бул энебиздин көксөөсү эле. Секелек кыз кезинде кеткен жерин байбиче болгондо барып көрүп, байкуш киши унаадан түшүп, жөө аралап, абдан ыйлаптыр... — Кызыктуу окуялары эсиңиздеби? — Балдардын чогулушуна дайыма мен барчумун. Жумуштан колу бошобойт, андай иштер менен деле иши жок болчу да. Бир жолу шаарда экенинде ата-энелер чогулушу болуп калып, мен бошобой жаткандыктан Жумалынын барып келишин сурасам, макул деп барган. Эптеп 5-классты таап, Кубатов Ильясты сураса "ал бул жакта жок" дешет. Барып, завуч менен директордон сурайт. "Атасы сиз болосузбу? Эмнеге балаңыздын канчанчы класста окуурун билбейсиз?" деп урушуптур. Ошентип, чогулушуна катышып, "ии, 7-класс болуп калган турбайбы, мен аябай уят болбодумбу" деп келди. Мен да "сурап албайт белең, иш деп жүрүп эле" деп күлдүм. Балдарды сыртынан эле "окууларыңар жакшыбы, уят кылбагыдай жакшы окугула" деп койчу. Экөөбүз төрт баланын ата-энеси болдук. Улуусу кыз, үчөө эркек. — Балдарынын аскер кызматкери болушун кааладыбы? — Аскер кызматкери болгула деп талап кылган жок. Бирок улуу балабыз Москвадагы Аскер институтунда араб таануу, араб тилинин котормочусу жагын аяктап, аскер котормочусу болду. Учурда пенсияга чыкты. — Өмүрүнүн акыркы учурларын эскерсеңиз... — 63 жаш курагында каза болду. Көбүнчө жүрөгүнөн жабыркады. Эч ким ооруйт деп ойлочу эмес. "Ай, Марипа, сыртымдан ушундай көрүнгөнүм менен ичимден калбыр болуп бүткөм да" деп койчу. Акыркы кездерде Кыргызстандагы абалга кейип, эми кандай болот деп санаа тартып жүрдү. Операциядан кийин да өзүн таштап салды. Кыргызстанга келгенден кийин МУКта (Эл аралык университетте) проректор болуп да иштеди. Абдан ак көңүл болчу. Балдарын да катуураак урушуп алса жүрөгү ооручу. Өзүнүн маанайын өзү көтөрүп, бир жерге барса баарынын көңүлүн ачып, жакшы сүйлөп, ырдачу. Орустардын санжырасын айтып берсе, "мунун баарын кайдан билесиң, вундеркиндсиң" деп алар таң калышчу. Пенсияга чыккандан кийин да депрессия болгон. Андан кийин банкка директордун жардамчысы катары жумушка киргенде да "уят болбоюн" деп экономика боюнча китептерди окуп, финансисттердин өзүнө лекция окуп жүрдү. Ишке абдан так эле.
https://sputnik.kg/20210627/kyrgyzstandyn-asker-chalgynchylarynyn-baalanbaj-kalgan-ehrdigi-1053017166.html
афганстан
тажикстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/0c/14/1060565865_61:0:876:611_1920x0_80_0_0_0830e2ebe8323fac9eb2add4ebc9fadd.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_47f290b43cbec9e6c1b1dd64bcedc9c3.jpg
кыргызстан, туяк, жумалы кубатов, чекист, чалгын кызматы, афганстан, тажикстан
кыргызстан, туяк, жумалы кубатов, чекист, чалгын кызматы, афганстан, тажикстан
Көп нерсе өзү менен кетти. Чалгын кызматын негиздеген Жумалы Кубатовду эскерүү
Кыргызстандын аскердик чалгын кызматынын негиздөөчүсү, полковник Жумалы Кубатов 1950-жылы Түп районунда туулган. Новосибирскидеги аскердик-саясий окуу жайын бүтүрүп, 1970-1980-жылдары Афганстанда жана Германияда контрчалгын бөлүмдөрүн жетектеген.
Кубатов 1992-жылы эгемен Кыргызстанда аскердик чалгын кызматын түптөп, чет өлкөлөрдө маанилүү маалыматтарды чогултууга жооп берген. 1993-жылы Тажикстандагы жарандык согушта туткундагы аскерлерди аман-эсен бошотууга салым кошкон. Кесиптештери аны кесипкөй адис, эр жүрөк жана принципиалдуу жетекчи катары баалашат.
Кубатовдун үй-бүлөсү офицерлер династиясына кирет, аскердик улуу жол 1919-жылдан башталган. "Туяк" программасынын алкагында Марипа Кубатова жолдошунун бейнесин ачып берди.
— Жумалы Кубатовду кыргыздын аскердик чалгын кызматын негиздеген полковник катары билебиз. Сиз ал кишини өмүрлүк жар, ата эле эмес, адам катары бейнесин ачып берсеңиз.
— Жумалы Түп районунун Ой-Булак айылында туулуп-өскөн. Атасы эл үчүн кызмат кылган киши экен. Кайненем казактын кызы болчу. Ал да жакшы адам эле. Жумалы — бешинчи бала. Бирок атабыз апабызга үйлөнгөнгө чейин үйдөгү жесир жеңелерине нике кыйылып, аларды да багыптыр. Кайнатамдын эмгеги элге абдан сиңгендиктен, "өмүр бою жесирлер менен жашамак белең" дешип, казактын байы 14 жашар кызын берген экен. Ал бойго жеткенче жеңесинин койнунда жатат. Ошентип, беш балалуу болгондон кийин апабыз жесир калат. Мурунку жеңелеринин балдарын кошкондо баш-аягы 12 баланы машак терип, түнү менен уктабай апийим тазалап багышкан экен. Азапты ушундай тартыптыр. Балдары чоңоюп, кийин баары ордун таап, апабыз 92 жашында каза болду.
Ал эми Жумалы агалары менен чогуу айылда өсүп, айыл чарбасына, талаа жумуштарына жардамдашып жүргөн. 10-классты бүткөндө авиацияга барып, комиссиядан өтпөй калыптыр. Абдан бышык, тың болгондуктан кайнатамдын бир тууганынын баласы "сен аскер кызматына эле бар" деген кеңешин берет. Ошол кишинин акылы менен Новосибирск шаарындагы төрт жылдык аскердик окуу жайга тапшырат. Өз киндигин өзү кесип, ушул кызматты аркалап кетет.
Апасы "алыс жакта кантесиң" деп ыйлап, араң жиберген экен. Бир сом сурабай окуусун бүтүп, бүтүрүү кечесинде азыркы Эдуард Кубатовдун атасы, кайнагам барып, "карыган апасы бар" деп Кыргызстанга атайын бөлдүрүп алып келет. Болбосо Россиянын бир шаарына бөлгөнү жатышыптыр. Апам ал кезде 50 жашта болчу, бирок турмуштун кыйынчылыгын көп тарткандыктан улуу көрүнүп калса керек. Келгенде эле Кой-Ташка бөлүнүп, эмгек жолун ошол жерден баштайт.
— Ошентип, сиз менен таанышып калды?
— Мен өзүм Таластын кызымын. Бул жерде Политехникалык институтта окучумун. Чогуу жашаган курсташымдын жигити булардын айылынан экен. Ал Жумалыга "менин кызымды бирөөлөр алып кетпесин, барып карап тур" деп кат жазган экен. Жатаканага жолдошу менен келип эле мени тиктеп туруп калды. Мен ыңгайсызданып, бир чети жиним келди. Ошентип сүйлөшүп калдык да, 10 күндөн кийин сезимин билдирип, баш кошууга сунуш берди. Мен "жок, сиз кызыксыз го, бири-бирибизди жакшы билели" деп болбой койдум. Ошентип, эки жылдан кийин диплом алып, анан баш коштук.
Ага чейин ата-энем "Түптү көргөн эмес элек, алыс, Таластан жигит табылган жокпу" деп ызылдап, каршы болушкан. Бир жолу сиңдим айылга бармак. Анан Кубат келип "Калыйнур Үсөнбеков боюнча Тамара Бакиева берүүгө чакырып жатат, телевизордон чыгам, ошондо көрүшсүн, макул болушат" деди. Чын эле ошол берүүдөн көрүп, анан макул болушкан.
— Үйлөнүп, анан Афганстанга кеткен турбайбы...
— Ооба, ал кезде эки балалуу болгонбуз. Баш кошкондон кийин Новосибирскиге бир жылдык контрчалгындоо курсуна окууга жөнөтүштү. Окууну бүткөн соң суранып, апабызга карап Нарын шаарына бөлүнүп келдик. Ал кезде кызыбыз төрөлүп калган, Нарындан уулдуу болдук. Нарындан кыргызча үйрөнүп, аксакалдар менен баарлашып, санжыраны, салт-санааны үйрөнгөн. "Марипа, мага кыргызча сүйлө" деп үйдөн да кыргызча сүйлөштүк. Новосибирскиде окуп жатканда конкурс болуп, анда ар бир улут өзүнүн маданиятын көрсөтүшү керек экен. "Марипа, мага кыргызча ыр тап, ырдайм" деп калды. "Сары-Челек" деген ырдын текстин таап бердим. Үнү бийик эле, ошондо ырдап, 1-орунду алган. Ырга шыктуу болчу, бардык жактан таланттуу эле.
Ишиндеги ийгиликтеринен улам кийин Казакстанга бөлүштү. Ошол жакта жүргөндө афган согушу башталып калды. Өзү билип жүргөн болсо керек. Бир күнү Ошко которула турган болуп, даярданып жаткам. Кечинде жумуштан келип эле шашылыш командировкага кетип жатканын айтты. Мен Таласка ата-энемдикине барып турмай болдум.
Ошентип, дайым даяр турчу чемоданын алып кетти. Кечинде эле жетекчиси жубайы менен келип, балдарым менен мени тамакка чакырышты. Телевизорду сайсак, жаңылыктардан афган согушу башталганы кабарланды. Беркилер мени жооткотуп коюшту. Ошондо билдим. Болбосо эч нерседен кабарым жок отургам.
Бир жыл Афганстанда жүрдү. Мен шаарга келип, батирге кезекке турдум. Бир күнү чалып, чакырып калышты. Барсам, эки бөлмөлүү батир тийиптир. Балдарымды алып көчүп келдим. Энемди да жаныма алып келишти. Ошентип, балдарды бакчага берип, иштеп калдым.
Ага чейин Жумалы жарадар болуп Ташкенттеги госпиталга жатып калыптыр. Колесников деп көп айтып калчу эле. Жарылуу болгондо орус жоокери Колесников "жолдош капитан тирүү болсо керек" деп ошол жерден сууруп чыгып, алып калган экен. Кийин өзүнүн суранычы менен үй-бүлөсүнө жакын Жамбылга которулуп, эки жоокердин жана медицина кызматкеринин коштоосунда учак менен жеткиришти. Врачтын коштоосунда таң атпай балдарымды көрөйүн деп үйгө келген. Ата-энем түлөө кылып, бир күндөн кийин алып кетишкен. Сакайгандан кийин кайра эле Афганстанга жиберишти. Согушта да чоң-чоң операцияларга катышып, Советтер Союзунун Баатыры наамына көрсөтүлгөн экен.
— Нарында иштеп турганда да чет элдик тыңчыны кармаганы үчүн Андроповдун колунан грамота алган экен.
— Ал кезде мындай сыйлыкты бул жаатта эч ким ала элек эле да. Коргоо министрлигинин өзгөчө кылмыштар менен иштөө, башкача айтканда, чалгын кызматында иштеди. Афганстандагы кезинде да жергиликтүү элдин ишенимине кирип, керек болсо алар кайсы бир керектүү маалыматтары менен бөлүшчү экен. Алар менен жакшы болуп, жоокерлерге келген ундан, буудайдан, майдан берип турчу тура. Жашоолору аябай оор, ачка, көрсөң жүрөгүң ооруйт дечү. Алар да Жумалыны өз тилинде атап алышкан.
— Кийин Германияга да барып калыптыр?
— Кубада да бир кырдаал чыгып, ошол жакка кетмек болуп калды. Бирок медициналык кароонун жыйынтыгында кызыбыздын жүрөгүнөн бир кемтик таап, дарыгерлер океандан ашып өтө албайт дешти. Мен да көңүлдөнгөн жокмун. Ошентип, Кубага барбай, Германияга бөлүнүп, ал жакта беш жыл жүрдүк.
Эң сонун күндөрүбүз өттү. Баягы эле Батыштагы аскерлер тобунун (ЗГВ) өзгөчө бөлүмүндө контрчалгындоо кызматында иштеди. Ошол учурда да эл аралык тыңчыны кармаган. Бирок бул маалыматтар айтылбай, жашыруун калды. Мага деле убагында эч нерсе айтчу эмес. Кийин ачылганда, эмгеги бааланбай калганда ичи ачышып да, "ушундай да иштерди жасабадык беле" деп четин чыгарып жиберчү. Мен жооткотуп, кудайдын ушунусуна шүгүр деп алаксытып коер элем. Бирок көп нерсе өзү менен кетти го... Көбүнчө мени кабатырланбасын деп жүрөгүнө катып кетти. Кеткен жагынан аман-эсен келсе, "ө-өх" деп калчумун.
Германиянын Дрезден шаарында КГБнын кызматкери болуп иштеп турган Владимир Путин менен чогулуштарда көрүшүп калган кездери болгон экен.
Апабызды да кийин туулган жерине, Казакстанга алып барып келди. Бул энебиздин көксөөсү эле. Секелек кыз кезинде кеткен жерин байбиче болгондо барып көрүп, байкуш киши унаадан түшүп, жөө аралап, абдан ыйлаптыр...
— Кызыктуу окуялары эсиңиздеби?
— Балдардын чогулушуна дайыма мен барчумун. Жумуштан колу бошобойт, андай иштер менен деле иши жок болчу да. Бир жолу шаарда экенинде ата-энелер чогулушу болуп калып, мен бошобой жаткандыктан Жумалынын барып келишин сурасам, макул деп барган.
Эптеп 5-классты таап, Кубатов Ильясты сураса "ал бул жакта жок" дешет. Барып, завуч менен директордон сурайт. "Атасы сиз болосузбу? Эмнеге балаңыздын канчанчы класста окуурун билбейсиз?" деп урушуптур. Ошентип, чогулушуна катышып, "ии, 7-класс болуп калган турбайбы, мен аябай уят болбодумбу" деп келди. Мен да "сурап албайт белең, иш деп жүрүп эле" деп күлдүм.
Балдарды сыртынан эле "окууларыңар жакшыбы, уят кылбагыдай жакшы окугула" деп койчу. Экөөбүз төрт баланын ата-энеси болдук. Улуусу кыз, үчөө эркек.
— Балдарынын аскер кызматкери болушун кааладыбы?
— Аскер кызматкери болгула деп талап кылган жок. Бирок улуу балабыз Москвадагы Аскер институтунда араб таануу, араб тилинин котормочусу жагын аяктап, аскер котормочусу болду. Учурда пенсияга чыкты.
— Өмүрүнүн акыркы учурларын эскерсеңиз...
— 63 жаш курагында каза болду. Көбүнчө жүрөгүнөн жабыркады. Эч ким ооруйт деп ойлочу эмес. "Ай, Марипа, сыртымдан ушундай көрүнгөнүм менен ичимден калбыр болуп бүткөм да" деп койчу.
Акыркы кездерде Кыргызстандагы абалга кейип, эми кандай болот деп санаа тартып жүрдү. Операциядан кийин да өзүн таштап салды.
Кыргызстанга келгенден кийин МУКта (Эл аралык университетте) проректор болуп да иштеди. Абдан ак көңүл болчу. Балдарын да катуураак урушуп алса жүрөгү ооручу. Өзүнүн маанайын өзү көтөрүп, бир жерге барса баарынын көңүлүн ачып, жакшы сүйлөп, ырдачу. Орустардын санжырасын айтып берсе, "мунун баарын кайдан билесиң, вундеркиндсиң" деп алар таң калышчу.
Пенсияга чыккандан кийин да депрессия болгон. Андан кийин банкка директордун жардамчысы катары жумушка киргенде да "уят болбоюн" деп экономика боюнча китептерди окуп, финансисттердин өзүнө лекция окуп жүрдү. Ишке абдан так эле.