https://sputnik.kg/20260813/tashiev-aktoo-okum-talap-kylat-1102960115.html
Адвокат: Ташиев актоо өкүмүн талап кылат
Адвокат: Ташиев актоо өкүмүн талап кылат
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратура эмне үчүн өкүмгө даттанып, эмнени талап... 13.08.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-08-13T10:42+0600
2026-08-13T10:42+0600
2026-08-13T12:19+0600
кыргызстан
адвокат
"75чилер иши"
камчыбек ташиев
икрамидин айткулов
актоо
талап кылуу
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101882293_0:32:1280:752_1920x0_80_0_0_817fef278a65667e8d7917fa8ada53ea.jpg
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратура эмне үчүн өкүмгө даттанып, эмнени талап кылып жатканын айтып берди.Бүгүн Бишкек шаардык сотунда бийликти басып алууга даярдык көрүү боюнча кылмыш ишинин апелляциялык арызы боюнча процесс уланып жатат.Буга чейин прокуратура “75чилердин каты” ишинин фигуранттарын тогуз жылдан эркинен ажыратууну сураган эле.Эскерте кетсек, июлдун башында Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевди, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевди жана Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулун мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратып, бирок 3 жылга пробациялык көзөмөл колдонгон.Сот аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп таап, бирок “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актаган. Ушундай эле өкүм саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Курсан Асановго карата дагы кабыл алынган.
https://sputnik.kg/20260730/tashiyevdin-advokaty-kiyinki-instantsiyaga-dattandy-1102687344.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/0f/1101882293_0:0:1280:961_1920x0_80_0_0_b9ea05297e3b61a46f8d1612b7c52540.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, адвокат, "75чилер иши", камчыбек ташиев, икрамидин айткулов, актоо, талап кылуу
кыргызстан, адвокат, "75чилер иши", камчыбек ташиев, икрамидин айткулов, актоо, талап кылуу
БИШКЕК, 13-авг. — Sputnik. УКМКнын мурдагы төрагасы Камчыбек Ташиевдин адвокаты Икрамидин Айткулов Башкы прокуратура эмне үчүн өкүмгө даттанып, эмнени талап кылып жатканын айтып берди.
Бүгүн Бишкек шаардык сотунда бийликти басып алууга даярдык көрүү боюнча кылмыш ишинин апелляциялык арызы боюнча процесс уланып жатат.
“Актоо (“Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу”) өкүмүн прокуратура жокко чыгарып, жаза чектөөнү суранууда. Мындан тышкары, 326-берене боюнча да өкүмдү өтө жеңил деп эсептеп, жазаны катаалдаштырууну талап кылууда. Мен жактаган адамдын позициясы: биз күнөөсүзбүз жана актоо өкүмүн талап кылабыз”, — деди Айткулов соттун алдында журналисттерге.
Буга чейин прокуратура “75чилердин каты” ишинин фигуранттарын тогуз жылдан эркинен ажыратууну сураган эле.
Эскерте кетсек, июлдун башында Биринчи май райондук соту УКМКнын мурдагы башчысы Камчыбек Ташиевди, мурдагы башкы прокурор Курманкул Зулушевди жана Жогорку Кеңештин мурдагы спикери Нурланбек Тургунбек уулун мүлкүн конфискациялоо менен төрт жылга эркинен ажыратып, бирок 3 жылга пробациялык көзөмөл колдонгон.
Сот аларды бийликти басып алууга аракет кылган деп таап, бирок “Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу” беренеси боюнча актаган. Ушундай эле өкүм саясатчылар Бекболот Талгарбеков, Эмил Узакбаев, Аалы Карашев, Курманбек Дыйканбаев, Курсан Асановго карата дагы кабыл алынган.