00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
4 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:00
5 мин
19:59
1 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Жаңылыктар
21:00
5 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
2026-жылдын январь–июнь айларында Кыргызстанда тоо-кен тармагынан түшкөн салыктар жана төлөмдөр 46,5 млрд сомду түзүп, өткөн жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу 18,2 млрд сомго көбөйдү. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин коллегиялык жыйынында маалымдалды. Маалыматка ылайык, 2025-жылдын алгачкы алты айында бул көрсөткүч 28,3 млрд сомду түзгөн. Ошентип, тармакта туруктуу өсүш байкалып, мамлекеттик бюджетке түшкөн кирешелер кыйла жогорулады.
Кыргызстанда тарыхый-маданий мурас объектилерин бузууга, мамлекеттик тизмеден чыгарууга жана алардын коргоо аймактарында жаңы курулуштарды жүргүзүүгө 10 жылдык мораторий киргизүү сунушталды. Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги иштеп чыккан мыйзам долбоору коомдук талкууга коюлду. Ага ылайык, тарыхый имараттардын баалуулугун жоготту деп танууга, аларды тарых жана маданият эстеликтеринин мамлекеттик тизмесинен чыгарууга, бузууга жана демонтаждоого 10 жылдык мөөнөткө тыюу салынат. Документте министрлер кабинетине мыйзам күчүнө киргенден кийин алты айдын ичинде тарыхый-маданий мурас объектилерин толук каттап, эсеп-чоттоп чыгуу, мамлекеттик тизмеге кирген объектилердин коргоо аймактарынын так чек араларын аныктоо жана тиешелүү ченемдик-укуктук актыларды мыйзамга ылайык келтирүү милдети жүктөлөт. Мыйзам долбоорунун негиздемесинде акыркы жылдары курулуш компанияларынын жана айрым чарба жүргүзүүчү субъектилердин басымынан улам тарыхый-маданий мурас объектилеринин коргоо аймактары кыскарып, айрым эстеликтер мамлекеттик тизмеден чыгарылып, алардын ордуна коммерциялык багыттагы имараттар курулуп жатканы белгиленген.
Кыргыз мамлекеттүүлүгүн негиздегендердин бири, көрүнүктүү мамлекеттик ишмер Жусуп Абдрахмановго арналган "Жусуп" аттуу толук метраждуу тарыхый-драмалык көркөм фильм августтун аягында элге тартууланат.Маданият, маалымат жана жаштар саясаты министрлиги кинокартина XX кылымдын I жарымындагы тарыхый окуяларды чагылдырып, Абдрахмановдун кыргыз мамлекеттүүлүгүн түптөөдөгү ордун жана анын элине жана мекенине берилгендигин баяндаарын кабарлады. "Кинодолбоордо ошол доордун тарыхый атмосферасы кылдат жандантылып, тартуу иштери Кыргызстанда, Россияда, Казакстанда жана Өзбекстанда жүргүзүлгөн", — деп маалыматта айтылган.
Бишкектик окуучулар начар көргөндөр үчүн AI жардамчысы бар акылдуу көз айнек иштеп чыгышты. Бул туурасында жаш ойлоп табуучулар өздөрү билдиришти. Балдардын айтымында, алар азиздердин жашоосун жеңилдетүүнү көздөшкөн.EyeSens командасынын изилдөөсүнө ылайык, Кыргызстандагы көзү жакшы көрбөгөндөрдүн 94,4 пайызы тротуарлардын жанындагы автоунаа токтотуучу жайларга, ал эми 83,3 пайызы бак-дарактын бутагына урунуп, жаракат алышат. Алардын таягы жерге чукул буюмдарды аныктоого жардам берип, ал эми өйдөрөөк жактарды жакшылап сыйпалап, биле албай калышат.Долбоордун командасы Жогорку Кеңештин депутаты Дастан Бекешев менен жолугуп, ага көз айнектин кандай иштерин көрсөтүп беришти.Бул акылдуу көз айнекти жогорку класстын окуучулары Байаман Ажимырзаев, Канат Тынчтыкбеков, Аманат Эрмаматов, Султанмурат Эркинбеков түзүп, ага Ботокөз Сооронбаева куроторлук кылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0