https://sputnik.kg/20260928/1103937257.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерди окуу китептери жана окуу-методикалык колдономолор менен камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койгонун “Ынтымак ордодон”... 28.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-28T08:59+0600
2026-09-28T08:59+0600
2026-09-28T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103937091_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5a2a881193aa8975dee4b50b6916fef3.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерди окуу китептери жана окуу-методикалык колдономолор менен камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койгонун “Ынтымак ордодон” билдиришти. Документке ылайык мамлекеттик бюджеттен 8,5 миллиард сом бөлүнмөй болду. Каражат мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп берген окуу адабияттарын даярдоого жана басып чыгарууга жумшалат. Өкмөткө 2027–2030-жылдарга окуу китептерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу тапшырылды. Анда мекемелер аралык комиссия түзүү, окуу адабияттарына экспертиза жүргүзүү, авторлорду тандоо жана окуу китептерин конкурстук негизде иргеп алуу каралган. Мындан тышкары, ар бир окуу китебин жана окуу-методикалык колдонмону уникалдуу QR-код менен белгилөө пландалууда. Бул китептердин кайсы аймакка, мектепке, класска жана окуучуларга жеткирилгенине чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.
Кыргызстан менен Пакистан транзиттик сооданы өнүктүрөт Эки өлкөнүн ортосунда макулдашуу түзүлдү. Аны ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Документке 2-сентябрда Бишкекте кол коюлган. Макулдашууда жүк ташуучу унаалардын өтүшү, транспорттук жолдорду, портторду жана өткөрмө пунктуларды колдонуу тартиби каралган. Ошондой эле бажы жана башка текшерүүлөр жөнгө салынат. Транзит менен ташылган товарларга бажы төлөмдөрү жана салык алынбайт. Мындан тышкары, эки өлкө транзиттик соода боюнча атайын комитет түзөт. Ал соодага байланыштуу маселелерди жана талаштарды чечүүгө жардам берет.
Кыргызстандык мушкер UFC чуусунда калды Илимбек Акылбек уулу The Ultimate Fighter (TUF) шоусунун финалына чыккан. Шарт боюнча катышуучу мушкерлер чогуу жашап, беттеште жеңилгени долбоордон четтей берет. Жеңүүчү UFC менен келишим түзөт. Финалдык бөлүктө Илимбекке азербайжандык Мухаммед-Али Османлы атаандаш болгон. Биринчи раунддун аягында Османлы тыюу салынган ыкманы колдонуп, Илимбекке тизеси менен сокку урган. Кыргызстандык мушкер жыгылгандан кийин калыс беттешти дароо токтотуп, дарыгер Илимбекке беттешти улантууга тыюу салган. Көрүүчүлөр кыргызстандык мушкерге катуу нааразы болсо, соцтармакта ачуу сын айтылып жатат. Калыс тыюу салынган ыкманын колдонулушунан улам беттешти токтотконуна карабастан, көпчүлүк Илимбектин жаракатын симуляция деп сыпаттоодо. Эгер беттеш кайсы бир себептерден улам жараксыз деп табылып калбаса, Кыргызстанда дагы бир UFC мушкери пайда болот.
Садыр Жапаров Кыргызстандагы мектептерди окуу китептери жана окуу-методикалык колдономолор менен камсыз кылуу боюнча жарлыкка кол койгонун “Ынтымак ордодон” билдиришти. Документке ылайык мамлекеттик бюджеттен 8,5 миллиард сом бөлүнмөй болду. Каражат мамлекеттик билим берүү стандарттарына жооп берген окуу адабияттарын даярдоого жана басып чыгарууга жумшалат. Өкмөткө 2027–2030-жылдарга окуу китептерин басып чыгаруу боюнча мамлекеттик программаны иштеп чыгуу тапшырылды. Анда мекемелер аралык комиссия түзүү, окуу адабияттарына экспертиза жүргүзүү, авторлорду тандоо жана окуу китептерин конкурстук негизде иргеп алуу каралган. Мындан тышкары, ар бир окуу китебин жана окуу-методикалык колдонмону уникалдуу QR-код менен белгилөө пландалууда. Бул китептердин кайсы аймакка, мектепке, класска жана окуучуларга жеткирилгенине чейин көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берет.Кыргызстан менен Пакистан транзиттик сооданы өнүктүрөт Эки өлкөнүн ортосунда макулдашуу түзүлдү. Аны ратификациялоо боюнча мыйзам долбоору даярдалды. Документке 2-сентябрда Бишкекте кол коюлган. Макулдашууда жүк ташуучу унаалардын өтүшү, транспорттук жолдорду, портторду жана өткөрмө пунктуларды колдонуу тартиби каралган. Ошондой эле бажы жана башка текшерүүлөр жөнгө салынат. Транзит менен ташылган товарларга бажы төлөмдөрү жана салык алынбайт. Мындан тышкары, эки өлкө транзиттик соода боюнча атайын комитет түзөт. Ал соодага байланыштуу маселелерди жана талаштарды чечүүгө жардам берет. Кыргызстандык мушкер UFC чуусунда калды Илимбек Акылбек уулу The Ultimate Fighter (TUF) шоусунун финалына чыккан. Шарт боюнча катышуучу мушкерлер чогуу жашап, беттеште жеңилгени долбоордон четтей берет. Жеңүүчү UFC менен келишим түзөт. Финалдык бөлүктө Илимбекке азербайжандык Мухаммед-Али Османлы атаандаш болгон. Биринчи раунддун аягында Османлы тыюу салынган ыкманы колдонуп, Илимбекке тизеси менен сокку урган. Кыргызстандык мушкер жыгылгандан кийин калыс беттешти дароо токтотуп, дарыгер Илимбекке беттешти улантууга тыюу салган. Көрүүчүлөр кыргызстандык мушкерге катуу нааразы болсо, соцтармакта ачуу сын айтылып жатат. Калыс тыюу салынган ыкманын колдонулушунан улам беттешти токтотконуна карабастан, көпчүлүк Илимбектин жаракатын симуляция деп сыпаттоодо. Эгер беттеш кайсы бир себептерден улам жараксыз деп табылып калбаса, Кыргызстанда дагы бир UFC мушкери пайда болот.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1c/1103937091_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_0a44a05d34ae519b7c5de851ce05383c.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио