https://sputnik.kg/20260929/1103962499.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн балык ресурстарын көбөйтүү максатында көлгө куйган дарыяларга 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл... 29.09.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-09-29T09:00+0600
2026-09-29T09:00+0600
2026-09-29T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1d/1103962333_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_7056dfed97185906d792b086423238ff.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Ысык-Көлдүн балык ресурстарын көбөйтүү максатында көлгө куйган дарыяларга 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чраба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара 25-26-сентябрда Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы балык өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү. Ага экологдор, ветеринарлар, илимий адистер жана жергиликтүү тургундар катышты. Чабактар Караталаа, Тоң жана Тосор айылдарындагы участокторго жана дагы бир аймакка 200 миңден бөлүнүп коё берилди. Иш-чара Ысык-Көлдүн балык ресурстарын сактоого, көбөйтүүгө жана көлдүн экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн колдоого багытталган.
Кыргызстандын энергетиктеринин командасы Анкара шаарында өткөн кесиптик чеберчилик боюнча эл аралык сынакта "Эң мыкты координацияланган бригада" номинациясын жеңип алды. "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтын маалыматына караганда, сынак 21-25-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн бөлүштүрүүчү электр тармактарында иштеген адистеринин арасында өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын энергетика тармагынын өкүлдөрү катышты. Сынактын негизги практикалык тапшырмасы тирөөчтөгү бузулган күч трансформаторун алмаштыруу болду. Катышуучулар төмөнкү жана орто чыңалуудагы операцияларды аткарып, жердетүү системасын орнотуу, сактагычтарды алмаштыруу жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча тапшырмаларды аткарышты. Кыргызстандын командасынын курамына Чүй, Ош, Ысык-Көл, Бишкек жана Талас электр тармактарынын адистери кирди. Сынак энергетика тармагындагы адистердин кесиптик даярдыгын, командалык ишин жана электр тармактарында коопсуз иш алып баруу көндүмдөрүн көрсөтүүгө багытталды.
Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугу экинчи этаптын алкагында күнүнө 1 миң тоннадан 3 миң тоннага чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалык башчысы Нурсултан Акматов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, заводдун курулушу эки этапка бөлүнгөн. Инвестордук келишимдин негизинде биринчи этап учурда толук кандуу иштеп жатат. "Божомол менен учурда күнүнө 1 миң 200 тонна таштанды кайра иштетилип жатат. Бул жакшы көрсөткүч. Бирок ошол эле учурда 800 тоннага жакын таштанды дагы эле таштанды таштоочу жайга жеткирилүүдө. Демек, заводдун иши жакшы болгону менен Бишкек үчүн жетишсиз", — деди Акматов. Министрликтин өкүлүнүн маалыматына ылайык, учурда заводдун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Анын алкагында ишкананын кайра иштетүү кубаттуулугу күнүнө 3 миң тоннага чейин жеткирилет. Акматов бул көрсөткүч Бишкек шаарында пайда болгон таштандыны кайра иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Зарылчылык жаралса, Чүй облусунун борборго жакын жайгашкан аймактарынан таштандыларды чогултуу каралууда. Завод ишке киргенден кийин Бишкектеги
Ысык-Көлдүн балык ресурстарын көбөйтүү максатында көлгө куйган дарыяларга 800 миң карп-сазан балыгынын чабагы коё берилди. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чраба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти. Иш-чара 25-26-сентябрда Балык өнөр жайы комплекси департаментинин Тоң районундагы балык өстүрүү бөлүмүнүн кызматкерлери тарабынан өткөрүлдү. Ага экологдор, ветеринарлар, илимий адистер жана жергиликтүү тургундар катышты. Чабактар Караталаа, Тоң жана Тосор айылдарындагы участокторго жана дагы бир аймакка 200 миңден бөлүнүп коё берилди. Иш-чара Ысык-Көлдүн балык ресурстарын сактоого, көбөйтүүгө жана көлдүн экосистемасынын биологиялык ар түрдүүлүгүн колдоого багытталган. Кыргызстандын энергетиктеринин командасы Анкара шаарында өткөн кесиптик чеберчилик боюнча эл аралык сынакта "Эң мыкты координацияланган бригада" номинациясын жеңип алды. "Кыргызстан улуттук электр тармактары" ААКтын маалыматына караганда, сынак 21-25-сентябрда Түрк мамлекеттер уюмуна мүчө өлкөлөрдүн бөлүштүрүүчү электр тармактарында иштеген адистеринин арасында өттү. Иш-чарага Кыргызстан, Түркия, Азербайжан, Казакстан, Өзбекстан жана Түркмөнстандын энергетика тармагынын өкүлдөрү катышты. Сынактын негизги практикалык тапшырмасы тирөөчтөгү бузулган күч трансформаторун алмаштыруу болду. Катышуучулар төмөнкү жана орто чыңалуудагы операцияларды аткарып, жердетүү системасын орнотуу, сактагычтарды алмаштыруу жана коопсуздук талаптарын сактоо боюнча тапшырмаларды аткарышты. Кыргызстандын командасынын курамына Чүй, Ош, Ысык-Көл, Бишкек жана Талас электр тармактарынын адистери кирди. Сынак энергетика тармагындагы адистердин кесиптик даярдыгын, командалык ишин жана электр тармактарында коопсуз иш алып баруу көндүмдөрүн көрсөтүүгө багытталды. Бишкектеги таштандыны кайра иштетүүчү заводдун кубаттуулугу экинчи этаптын алкагында күнүнө 1 миң тоннадан 3 миң тоннага чейин көбөйтүлөт. Бул тууралуу Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин башкармалык башчысы Нурсултан Акматов "Биринчи радионун" түз эфиринде билдирди. Анын айтымында, заводдун курулушу эки этапка бөлүнгөн. Инвестордук келишимдин негизинде биринчи этап учурда толук кандуу иштеп жатат. "Божомол менен учурда күнүнө 1 миң 200 тонна таштанды кайра иштетилип жатат. Бул жакшы көрсөткүч. Бирок ошол эле учурда 800 тоннага жакын таштанды дагы эле таштанды таштоочу жайга жеткирилүүдө. Демек, заводдун иши жакшы болгону менен Бишкек үчүн жетишсиз", — деди Акматов. Министрликтин өкүлүнүн маалыматына ылайык, учурда заводдун экинчи этабын ишке ашыруу боюнча иштер жүрүп жатат. Анын алкагында ишкананын кайра иштетүү кубаттуулугу күнүнө 3 миң тоннага чейин жеткирилет. Акматов бул көрсөткүч Бишкек шаарында пайда болгон таштандыны кайра иштетүүгө толук мүмкүнчүлүк түзөрүн белгиледи. Зарылчылык жаралса, Чүй облусунун борборго жакын жайгашкан аймактарынан таштандыларды чогултуу каралууда. Завод ишке киргенден кийин Бишкектеги
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/09/1d/1103962333_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_52d8f644088de23c461c4f1dae79c95e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио