00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Если разобраться...
Транзитная торговля на 200 млн долларов. новая фабрика и торговля молоком: когда за новостью стоит нечто большее
12:09
78 мин
Күн башат
Молдалиев: тарыхый окуяларды коомдук уюмдар гана эмес, мамлекет да эскерип, баалашы керек
13:07
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ачык кеп
Нотариус: курсакта калган наристе да биринчи кезектеги мураскер боло алат
15:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Смотреть вверх: любительская астрономия в Кыргызстане
16:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
До гемодиализа: как Кыргызстан хочет изменить подход к лечению болезней почек?
18:07
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Айыл чарбасындагы аялдардын ролун күчөтүү максатында "Агро айым" кыймылын түзүү сунушталды. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинде өткөн жумушчу жолугушууда айтылды. "Айыл чарбасындагы аялдар: биригүү, катышуу, өнүгүү" аттуу иш-чарага аял фермерлер, ишкер айымдар, кооператив жетекчилери жана агросектордун эксперттери катышты. Жолугушууда аялдардын жер жана суу ресурстарына жетүүсү, жеңилдетилген насыяларды, гранттарды жана инвестицияларды алуу мүмкүнчүлүктөрү талкууланды. Мындан тышкары, айыл чарба продукциясын кайра иштетүү, сертификациялоо жана жаңы рынокторго чыгуу маселелерине көңүл бурулду. Катышуучулар министрликтин алдында Гендердик кеңеш түзүүнү, ошондой эле аял фермерлерди жана ишкерлерди бириктирген "Агро айым" кыймылын түзүүнү сунушташты. Демилге ишке ашса, аялдардын айыл чарба тармагындагы тажрыйбасын бириктирүүгө, өз ара кызматташтыкты күчөтүүгө жана алардын агробизнестеги мүмкүнчүлүктөрүн кеңейтүүгө багытталган иштерди системдүү жүргүзүүгө шарт түзүлөт.
Кыргызстан электромобилдерди бажы төлөмүсүз ташып кирүү квотасын толук пайдаланып бүттү. Быйыл өлкөгө алгач 15 миң электромобилди бажы төлөмүсүз киргизүүгө квота берилген. Августта соңуна чыккандан кийин Евразиялык экономикалык комиссия дагы 10 миң автоунаага кошумча квота бөлгөн. Учурда ал да толук пайдаланылды. Эми электромобилдерди импорттоодо 15 пайыздык бажы алымы төлөнөт.
Кыргызстан 2028-жылы өтө турган футзал боюнча Азия кубогун өткөрүү укугуна талапкерлигин расмий сунуштады. Тиешелүү өтүнмө Кыргыз футбол биримдиги тарабынан Азия футбол конфедерациясына (АФК) берилди. Кыргыз футбол биримдигинин маалыматына караганда, Азия футбол конфедерациясынын талаптарына ылайык даярдалган концепцияда турнирди өткөрүүгө зарыл болгон спорттук объектилер, машыгуу аянтчалары, мейманканалар жана транспорттук-логистикалык инфраструктура боюнча маалыматтар камтылган. Кыргызстандын мелдешти өткөрүүгө даярдыгын жана инфраструктурасын баалоо үчүн АФК өкүлдөрүнүн инспекциялык сапары 30-сентябрдан 2-октябрга чейин өтүшү пландалууда. Турнирди кабыл алуучу өлкө инспекциянын жыйынтыктары жана берилген документтердин негизинде аныкталат. Белгилей кетсек, Кыргызстан буга чейин футзал боюнча Азия кубогунун тандоо баскычынын беттештерин үч жолу өткөргөн.
Сербиянын президенти Вучич отставкага кетти Александр Вучич Сербиянын президенттигинен кетүү боюнча документке кол койгонун РИА Новости кабарлады. Кечээ өлкө башчынын администрациясынын алдына тарапташтары чогулуп, колдоо көрсөтүшкөн. Вучич кайрылуу жасап, 2017 жана 2022-жылдары өткөн президенттик шайлоодогу жеңиш үчүн ыраазычылык билдирди. "Сербия Республикасынын Конституциясынын 116 а5-беренесине ылайык, президенттик кызматтан отставкага кетип жатам", — дегенден кийин Вучич документке кол койгон. Ал дүйшөмбү күнү ыйгарым укугун өлкө башчынын милдетин аткара турган парламент төрагасы Ана Брнабичке өткөрүп бере турганын белгиледи. Декабрдын соңуна чейин өлкөдө президенттик шайлоо өтүшү керек. Ишемби күнү Вучич Россия лидери Владимир Путин менен телефондон сүйлөшүп, 14 жыл аралыгындагы кызматташтык үчүн ыраазычылык билдирген. Экс-президент Сербиянын мындан аркы жетекчилери да тең салмактуу тышкы саясат жүргүзөрүнө ишеним артты.
Жаңылыктар түрмөгү
0