https://sputnik.kg/20260608/myktybek-abdyldayev-kaza-boldu-1101779221.html
Саясатчы Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайтты
Саясатчы Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайтты
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Мамлекеттик жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. 08.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-08T17:34+0600
2026-06-08T17:34+0600
2026-06-08T17:34+0600
кыргызстан
мыктыбек абдылдаев
өлүм
саясатчы
https://sputnik.kg/img/07e5/03/02/1051642839_0:29:3072:1757_1920x0_80_0_0_f84619781f5ec30b45e033acbcb0c056.jpg
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Мамлекеттик жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты. Жакындарынын айтымында, маркум бүгүн көчөдө баратып, абалы начарлап кеткен. Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Эмгек жолун заводдо токарь болуп баштап, комсомолдо иштеп, кийин ички иштер органдарында ар кандай кызматтарды аркалаган. Ал 2002-2005-жылдары башкы прокурор, ал эми 2005-2007-жылдары президенттик администрациянын жетекчиси кызматтарын аркалаган. Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. V чакырылышта төраганын орун басары, комитет төрагасы, ошондой эле фракция лидери болуп иштеген. Акыркы жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген. Мыктыбек Абдылдаев юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана милициянын генерал-лейтенанты болгон. Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды.
https://sputnik.kg/20260420/kyrgyzdyn-zhakyn-adamdy-mukhtar-shakhanov-duyno-saldy-1100879438.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/02/1051642839_245:0:2976:2048_1920x0_80_0_0_88422d20e4b6468ad31ad6448a3d575e.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, мыктыбек абдылдаев, өлүм, саясатчы
кыргызстан, мыктыбек абдылдаев, өлүм, саясатчы
Саясатчы Мыктыбек Абдылдаев дүйнөдөн кайтты
БИШКЕК, 8-июн. — Sputnik. Мамлекеттик жана саясий ишмер, Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мыктыбек Абдылдаев 73 жаш курагында дүйнөдөн кайтты.
Жакындарынын айтымында, маркум бүгүн көчөдө баратып, абалы начарлап кеткен.
Мыктыбек Абдылдаев 1953-жылдын 17-августунда Чүй облусунун Кара-Жыгач айылында төрөлгөн. Эмгек жолун заводдо токарь болуп баштап, комсомолдо иштеп, кийин ички иштер органдарында ар кандай кызматтарды аркалаган.
Ал 2002-2005-жылдары башкы прокурор, ал эми 2005-2007-жылдары президенттик администрациянын жетекчиси кызматтарын аркалаган.
Жогорку Кеңештин V жана VI чакырылыштарынын депутаты болгон. V чакырылышта төраганын орун басары, комитет төрагасы, ошондой эле фракция лидери болуп иштеген.
Акыркы жылдары Элдик курултайдын катчылыгын жетектеп келген.
Мыктыбек Абдылдаев юридика илимдеринин кандидаты, Кыргыз Республикасынын эмгек сиңирген юристи, мамлекеттик кызматтын 1-класстагы мамлекеттик кеңешчиси жана милициянын генерал-лейтенанты болгон.
Маркумдун артында жубайы жана эки баласы калды.