https://sputnik.kg/20260420/kyrgyzdyn-zhakyn-adamdy-mukhtar-shakhanov-duyno-saldy-1100879438.html
Казак-кыргызга бирдей акын Мухтар Шаханов дүйнө салды
Казак-кыргызга бирдей акын Мухтар Шаханов дүйнө салды
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnuk. Казак элинин чыгаан акыны, жазуучусу, коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнө салды. Бул туурасында Казакстандын Маданият... 20.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-20T09:27+0600
2026-04-20T09:27+0600
2026-04-20T09:42+0600
казакстан
кыргызстан
мухтар шаханов
чыңгыз айтматов
маданият
адабият
https://sputnik.kg/img/104148/48/1041484816_0:104:1800:1117_1920x0_80_0_0_d76c839cd75227989e3fb640f782f517.jpg
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnuk. Казак элинин чыгаан акыны, жазуучусу, коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнө салды. Бул туурасында Казакстандын Маданият министрлиги кабарлады. Ал кыргыз элине да таанымал инсан эле. Кыргыздын үлкөн жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен калемдеш, сырдаш жан достордон болгон. Андан сырткары, кыргызстандык маданият ишмерлери менен тыгыз байланышта, карым-катнашта жүрүп, эки элдин адабий байланышына көпүрөлүк милдетти аткарган. 1993-жылдан тартып Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын аркалап, ошол мезгилде ага Кыргыз эл акыны наамы берилген. Шаханов эмгек жолун 1961-жылы баштап, мезгилдүү басылмаларда эмгектенген. 1989-жылдан тарта СССРдин эл депутаты, ал эми 1991-жылы казак парламентинин депутаты болгон. Ал Казакстандын саясий окуяларына, улуттук позициясын талап кылган учурларга четте калбай аралашып турган.
https://sputnik.kg/20260325/chpu-aktyor-abdykalyk-akmatov-kaza-boldu-1100412365.html
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104148/48/1041484816_87:0:1714:1220_1920x0_80_0_0_6ef6cffa28f05d0dd4ebbc3377f41e3d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
казакстан, кыргызстан, мухтар шаханов, чыңгыз айтматов, маданият, адабият
казакстан, кыргызстан, мухтар шаханов, чыңгыз айтматов, маданият, адабият
БИШКЕК, 20-апр. — Sputnuk. Казак элинин чыгаан акыны, жазуучусу, коомдук ишмер Мухтар Шаханов 84 жашында дүйнө салды. Бул туурасында Казакстандын Маданият министрлиги кабарлады.
Ал кыргыз элине да таанымал инсан эле. Кыргыздын үлкөн жазуучусу Чыңгыз Айтматов менен калемдеш, сырдаш жан достордон болгон. Андан сырткары, кыргызстандык маданият ишмерлери менен тыгыз байланышта, карым-катнашта жүрүп, эки элдин адабий байланышына көпүрөлүк милдетти аткарган.
1993-жылдан тартып Казакстандын Кыргызстандагы элчиси кызматын аркалап, ошол мезгилде ага Кыргыз эл акыны наамы берилген.
Шаханов эмгек жолун 1961-жылы баштап, мезгилдүү басылмаларда эмгектенген. 1989-жылдан тарта СССРдин эл депутаты, ал эми 1991-жылы казак парламентинин депутаты болгон. Ал Казакстандын саясий окуяларына, улуттук позициясын талап кылган учурларга четте калбай аралашып турган.