https://sputnik.kg/20260603/1101671569.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы курулуп жаткан турак жайларда автоунаа токтото турган жерлер кагазда эмес, иш жүзүндө болушу керек. Бул туурасында курулуш, архитектура жана... 03.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-03T11:00+0600
2026-06-03T11:00+0600
2026-06-03T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/03/1101671403_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_53345481bd26eea455d1fb1e7ab4dd27.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкекте жаңы курулуп жаткан турак жайларда автоунаа токтото турган жерлер кагазда эмес, иш жүзүндө болушу керек. Бул туурасында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолукканда айтты.Аткаминер көптөгөн турак жай комплекстеринде автокөлүк токтотуучу жайлар жетишсиздигин баса белгиледи. Мындан ары ар бир курулуш объектиндеги машина токтотуучу жайлардын саны талапка жооп берер-бербеси текшерилип турат.Буга чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында талап кылынган 3 миң 519дун ордуна болгону 2 миң 532 орун гана каралганы белгилүү болгон. Айрым курулуштарда убада кылынган айланма жана эки кабат токтотмо жайлар да курулбай калган.
Быйыл борбор калаада 20 мектеп курулуп жатат, келерки жылы дагы 15 мектеп куруу пландалууда. Бул туурасында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева радиолордун биринде айтты.Ал ички миграциядан улам баш калаада окуучулардын саны арбын экендигине токтолду."Борбордо 50гө жакын конушта мектептер курулуп жатат. Бардыгы Бишкекте жашагысы келет, ички миграция күч. Былтыр Россиядан жана Америкадан көптөгөн мекендештер кайтып келишти. Ошол эле учурда, мисалы, Канттан күн сайын 15 миңдей бала келип окуйт. Бирок Бишкек резина эмес да", — деди министр.
Өзгөн районунда жер тилкесин мыйзамсыз кеңейтип, өз билемдик менен контейнер орноткон Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ош аймактык башкармалыгына чара көрүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, прокуратуранын катынын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Кызыл-Октябрь айыл аймагында Бишкек – Ош жолунун боюндагы тараза пунктунун жанына документсиз контейнерлер коюлганы аныкталган. Жер тилкеси тиешелүү уруксат кагаздары жок, өз билемдик менен кеңейтилип, курулуш жүргүзүлгөн. Мекемеге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзамсыз коюлган объекттер алынып, жер тилкеси мурдагы баштапкы абалына келтирилди.
Венгрия Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна каршы чыкпай турганын билдирди. Бул тууралуу Politico европалык дипломаттарга таянып жазганын РИА Новости кабарлады.Басылманын айтымында, бул чечим Киевге жакынкы күндөрү мүчөлүк боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүндүк берет. Маселе Венгриянын премьер-министри Петер Мадьяр Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү менен 16,4 миллиард евролук каражатты кайра ачуу маселесин талкуулагандан кийин жанданган.Ошондой эле Украина Закарпатьедеги венгрлердин укуктарын калыбына келтирүүгө байланыштуу Будапешт койгон 11 талаптын көпчүлүгүн аткарууга убада бергени белгиленди.Бул жуманын аягына чейин ЕБ өлкөлөрүнүн элчилери Украина менен Молдованын Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи этабын баштоо боюнча бир пикирге келери күтүлүүдө. Бул үчүн Киев мындан аркы реформалардын планын жана улуттук азчылыктардын маселелерин жөнгө салуу боюнча чараларды сунушташы керек.Украина менен Молдова 2022-жылдын июнь айында Евробиримдикке кирүүгө талапкер макамын алган. Буга чейин Брюсселде чечим көбүнчө саясий мүнөздө болуп, Киев менен Кишиневго колдоо көрсөтүү максатын көздөгөнү айтылып келген. Ал эми Москва Украинанын Евробиримдикке кирүү маселеси анын эгемендүү укугу экенин бир нече жолу билдирген.
Бишкекте жаңы курулуп жаткан турак жайларда автоунаа токтото турган жерлер кагазда эмес, иш жүзүндө болушу керек. Бул туурасында курулуш, архитектура жана турак жай-коммуналдык чарба министри Нурдан Орунтаев курулуш компанияларынын өкүлдөрү менен жолукканда айтты.Аткаминер көптөгөн турак жай комплекстеринде автокөлүк токтотуучу жайлар жетишсиздигин баса белгиледи. Мындан ары ар бир курулуш объектиндеги машина токтотуучу жайлардын саны талапка жооп берер-бербеси текшерилип турат.Буга чейинки текшерүүнүн жыйынтыгында талап кылынган 3 миң 519дун ордуна болгону 2 миң 532 орун гана каралганы белгилүү болгон. Айрым курулуштарда убада кылынган айланма жана эки кабат токтотмо жайлар да курулбай калган. Быйыл борбор калаада 20 мектеп курулуп жатат, келерки жылы дагы 15 мектеп куруу пландалууда. Бул туурасында агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева радиолордун биринде айтты.Ал ички миграциядан улам баш калаада окуучулардын саны арбын экендигине токтолду."Борбордо 50гө жакын конушта мектептер курулуп жатат. Бардыгы Бишкекте жашагысы келет, ички миграция күч. Былтыр Россиядан жана Америкадан көптөгөн мекендештер кайтып келишти. Ошол эле учурда, мисалы, Канттан күн сайын 15 миңдей бала келип окуйт. Бирок Бишкек резина эмес да", — деди министр.Өзгөн районунда жер тилкесин мыйзамсыз кеңейтип, өз билемдик менен контейнер орноткон Жерде жүрүүчү жана суу транспорт департаментинин Ош аймактык башкармалыгына чара көрүлдү. Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, прокуратуранын катынын негизинде текшерүү жүргүзүлгөн. Натыйжада Кызыл-Октябрь айыл аймагында Бишкек – Ош жолунун боюндагы тараза пунктунун жанына документсиз контейнерлер коюлганы аныкталган. Жер тилкеси тиешелүү уруксат кагаздары жок, өз билемдик менен кеңейтилип, курулуш жүргүзүлгөн. Мекемеге Укук бузуулар жөнүндө кодексинин негизинде 100 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Мындан тышкары, мыйзамсыз коюлган объекттер алынып, жер тилкеси мурдагы баштапкы абалына келтирилди.Венгрия Украинанын Евробиримдикке кошулуусуна каршы чыкпай турганын билдирди. Бул тууралуу Politico европалык дипломаттарга таянып жазганын РИА Новости кабарлады.Басылманын айтымында, бул чечим Киевге жакынкы күндөрү мүчөлүк боюнча расмий сүйлөшүүлөрдү баштоого мүмкүндүк берет. Маселе Венгриянын премьер-министри Петер Мадьяр Евробиримдиктин расмий өкүлдөрү менен 16,4 миллиард евролук каражатты кайра ачуу маселесин талкуулагандан кийин жанданган.Ошондой эле Украина Закарпатьедеги венгрлердин укуктарын калыбына келтирүүгө байланыштуу Будапешт койгон 11 талаптын көпчүлүгүн аткарууга убада бергени белгиленди.Бул жуманын аягына чейин ЕБ өлкөлөрүнүн элчилери Украина менен Молдованын Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрүнүн биринчи этабын баштоо боюнча бир пикирге келери күтүлүүдө. Бул үчүн Киев мындан аркы реформалардын планын жана улуттук азчылыктардын маселелерин жөнгө салуу боюнча чараларды сунушташы керек.Украина менен Молдова 2022-жылдын июнь айында Евробиримдикке кирүүгө талапкер макамын алган. Буга чейин Брюсселде чечим көбүнчө саясий мүнөздө болуп, Киев менен Кишиневго колдоо көрсөтүү максатын көздөгөнү айтылып келген. Ал эми Москва Украинанын Евробиримдикке кирүү маселеси анын эгемендүү укугу экенин бир нече жолу билдирген.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/03/1101671403_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_9faa4e66c6fa19442fe888d5c76ab839.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио