https://sputnik.kg/20260518/1101383507.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Politico басылмасы Россия менен сүйлөшүүлөрдө Европанын мүмкүн болгон ортомчуларын атады Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөгө Эбола вирусунун кирүү коркунучу... 18.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-18T15:00+0600
2026-05-18T15:00+0600
2026-05-18T15:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/12/1101383341_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_cdda791600df74dfc38f8b8dd9861a11.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Sputnik Кыргызстан
Politico басылмасы Россия менен сүйлөшүүлөрдө Европанын мүмкүн болгон ортомчуларын атады Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөгө Эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн экенин билдирдиСалкын Сарногоева маданият министринин орун басары болуп дайындалды. Алдыда кененирээк... Салкын Сарногоева маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол койду. Бул кызматты буга чейин Марат Тагаев аркалап келген. Ал кийин Кыргызстандын ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү болуп дайындалган. Белгилей кетсек, Салкын Сарногоева буга чейин Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Ал 1974-жылдын 29-декабрында туулган. 2015-жылдын февралынан 2019-жылдын июлуна чейин Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары болгон. Ал эми 2019-жылдын 28-июнунда аталган департаменттин директору болуп дайындалган.
Тамеки продукцияларын аткезчилик жол менен ташууга шектелип алты адам кармалды. Алардын арасында “Кант” чек ара заставасынын 23 жаштагы башчысы дагы бар. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булак кабарлады. Буга чейин УКМК жүктү Кыргызстандан алып чыгып кетүүгө аракет жасалып жаткан учурда аскер кызматкерлери кармалганын билдирген. Бишкек шаардык соту кармалгандар 15-июлга чейин камакка алынганын маалымдады. Чек ара кызматы азырынча бул боюнча комментарий бере элек.
Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Кыргызстанга Эбола вирусунун кирүү коркунучу учурда төмөн деп бааланууда жана кырдаал көзөмөлдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго жана Угандада Эбола оорусунун жайылышына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал жарыялаган. Ошого карабастан, Кыргызстанда бул инфекциянын учурлары катталган эмес.Вирус негизинен оорулуу адамдын же жаныбардын биологиялык суюктуктары аркылуу жугары, аба аркылуу таралбасы белгиленди. Министрлик эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу иштери улантылып жатканын билдирди.
Европалык басылма Politico Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде жана Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар Россия менен мүмкүн болгон болочок сүйлөшүүлөрдө Европанын атынан ортомчу болушу ыктымал талапкерлердин бири катары каралышы мүмкүн экенин жазды. Басылманын маалыматына караганда, Европанын атынан өтчү сүйлөшүүлөргө Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкүлү болбогон адам да катышуусу мүмкүн. “Бул Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде сыяктуу тажрыйбалуу, Жакынкы Чыгыш боюнча адис болгон фигураларды, же болбосо Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар сыяктуу Европа биримдиги менен да, Россия менен да байланыштарын сактап келген саясатчыларды билдириши мүмкүн”, — деп айтылат маалыматта. Буга чейин Politico Европа өлкөлөрүнүн өз ара тил табыша албаганы Россия менен болуучу мүмкүн болгон келечектеги сүйлөшүүлөрдө ортомчуну тандоого тоскоол болуп жатканын жазган. Ал эми Владимир Путин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, өзү үчүн Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шрёдер ылайыктуу вариант болушу мүмкүн экенин айткан. Бирок ал европалыктар өздөрү ишенген жана Россияга карата кескин билдирүүлөрдү жасабаган лидерди тандашы керектигин белгилеген. Ошондой эле Путин сүйлөшүүлөрдөн Россия эмес, Европа баш тартканын кошумчалаган. Ал эми Европа биримдигинин дипломатия башчысы Кая Каллас Герхард Шрёдердин Россия менен сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуусуна каршы экенин билдирди.
Politico басылмасы Россия менен сүйлөшүүлөрдө Европанын мүмкүн болгон ортомчуларын атады Саламаттыкты сактоо министрлиги өлкөгө Эбола вирусунун кирүү коркунучу төмөн экенин билдирдиСалкын Сарногоева маданият министринин орун басары болуп дайындалды. Алдыда кененирээк... Салкын Сарногоева маданият, маалымат жана жаштар саясаты министринин орун басары болуп дайындалды. Тиешелүү тескемеге Адылбек Касымалиев кол койду. Бул кызматты буга чейин Марат Тагаев аркалап келген. Ал кийин Кыргызстандын ТҮРКСОЙ уюмундагы өкүлү болуп дайындалган. Белгилей кетсек, Салкын Сарногоева буга чейин Маданият министрлигинин маалыматтык саясат башкармалыгынын башчысы болуп иштеген. Ал 1974-жылдын 29-декабрында туулган. 2015-жылдын февралынан 2019-жылдын июлуна чейин Маданият министрлигинин Маалымат жана массалык коммуникациялар департаментинин директорунун орун басары болгон. Ал эми 2019-жылдын 28-июнунда аталган департаменттин директору болуп дайындалган.Тамеки продукцияларын аткезчилик жол менен ташууга шектелип алты адам кармалды. Алардын арасында “Кант” чек ара заставасынын 23 жаштагы башчысы дагы бар. Бул тууралуу Sputnik агенттигине ишенимдүү маалымат булак кабарлады. Буга чейин УКМК жүктү Кыргызстандан алып чыгып кетүүгө аракет жасалып жаткан учурда аскер кызматкерлери кармалганын билдирген. Бишкек шаардык соту кармалгандар 15-июлга чейин камакка алынганын маалымдады. Чек ара кызматы азырынча бул боюнча комментарий бере элек. Саламаттык сактоо министрлиги билдиргендей, Кыргызстанга Эбола вирусунун кирүү коркунучу учурда төмөн деп бааланууда жана кырдаал көзөмөлдө. Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму Конго жана Угандада Эбола оорусунун жайылышына байланыштуу эл аралык өзгөчө кырдаал жарыялаган. Ошого карабастан, Кыргызстанда бул инфекциянын учурлары катталган эмес.Вирус негизинен оорулуу адамдын же жаныбардын биологиялык суюктуктары аркылуу жугары, аба аркылуу таралбасы белгиленди. Министрлик эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу иштери улантылып жатканын билдирди.Европалык басылма Politico Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде жана Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Джайшанкар Россия менен мүмкүн болгон болочок сүйлөшүүлөрдө Европанын атынан ортомчу болушу ыктымал талапкерлердин бири катары каралышы мүмкүн экенин жазды. Басылманын маалыматына караганда, Европанын атынан өтчү сүйлөшүүлөргө Европа биримдигине мүчө өлкөлөрдүн өкүлү болбогон адам да катышуусу мүмкүн. “Бул Норвегиянын тышкы иштер министри Эспен Барт Эйде сыяктуу тажрыйбалуу, Жакынкы Чыгыш боюнча адис болгон фигураларды, же болбосо Индиянын тышкы иштер министри Субраманьям Жайшанкар сыяктуу Европа биримдиги менен да, Россия менен да байланыштарын сактап келген саясатчыларды билдириши мүмкүн”, — деп айтылат маалыматта. Буга чейин Politico Европа өлкөлөрүнүн өз ара тил табыша албаганы Россия менен болуучу мүмкүн болгон келечектеги сүйлөшүүлөрдө ортомчуну тандоого тоскоол болуп жатканын жазган. Ал эми Владимир Путин журналисттердин суроосуна жооп берип жатып, өзү үчүн Германиянын мурдагы канцлери Герхард Шрёдер ылайыктуу вариант болушу мүмкүн экенин айткан. Бирок ал европалыктар өздөрү ишенген жана Россияга карата кескин билдирүүлөрдү жасабаган лидерди тандашы керектигин белгилеген. Ошондой эле Путин сүйлөшүүлөрдөн Россия эмес, Европа баш тартканын кошумчалаган. Ал эми Европа биримдигинин дипломатия башчысы Кая Каллас Герхард Шрёдердин Россия менен сүйлөшүүлөрдө ортомчу болуусуна каршы экенин билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/12/1101383341_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_6203351af238fc949d3e310c8c38eb31.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио