https://sputnik.kg/20260509/1101186621.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек ШИИБи Жеңиш күнү өтчү иш-чараларга байланыштуу элге кайрылып, тартипти сактоого чакырды.Маалыматта милиция күчөтүлгөн режимде иштеп, коопсуздукту... 09.05.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-05-09T08:59+0600
2026-05-09T08:59+0600
2026-05-09T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/05/09/1101186455_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_02735130e1ade751fb5e841f75a23d53.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
Бишкек ШИИБи Жеңиш күнү өтчү иш-чараларга байланыштуу элге кайрылып, тартипти сактоого чакырды.Маалыматта милиция күчөтүлгөн режимде иштеп, коопсуздукту 3000ден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөй турганы айтылат. Өзгөчө көңүл "Өчпөс полк" жүрүшүнө жасалган. Укук коргоо органдары белгиленген эрежелерди жана милиция кызматкерлеринин талаптарын сактоону өтүнүүдө. Муну менен катар тыюу салынган аракеттерди да тизмектеди: дрондорду жана башка учуучу аппараттарды уруксатсыз колдонуу; абадан уруксатсыз тартуу; курал-жарактарды, кооптуу буюмдарды, пиротехникаларды алып жүрүү; алкоголдук ичимдиктерди алып кирүү жана колдонуу; айнек идиштерди колдонуу; экстремисттик, чагымчыл жана саясий символикаларды колдонуу; үгүт иштерин жүргүзүү; коомдук тартипти бузган аракеттер. Дрондор атайын уруксат менен гана учурулары айтылды. Ал эми талаптар бузулган учурда чара көрүлмөкчү.
Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов 9-май – Жеңиш күнү менен облустун аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мурза Далиевди жана оорук эмгекчилерин майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда ардагерлерге белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңиштин 81 жылдыгына карата куттуктоолор айтылып, согуш учурунда өздөрүнүн каармандыктарын көрсөтүп, тынчтык алып келгендиктери үчүн ыраазычылык билдирилди. Өз кезегинде согуштун жана ооруктун ардагерлери милиция кызматкерлерине ак баталарын берип, өлкөдө ар дайым тынчтык болушун каалашты.
Борбор Азия өлкөлөрү жайында сугат үчүн суу берүү графигин макулдашты. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Ташкентте өлкөлөрдүн суу менен энергетиканы тескеген министрлери чогулуп, Токтогул суу сактагычынан сууну кое берүүнүн көлөмүн жана режимин такташкан. "2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын апрелине чейин Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 1 миллиард 560 миллион кВт/сааттан ашык электр энергиясын берген. Мунун эсебинен Токтогул суу сактагычындагы ресурстарды азыркы айыл чарба сезону үчүн сактап калууга мүмкүн болду. Бул Казакстан менен Өзбекстандын фермерлерине сугат иштеринин алгачкы этабын үзгүлтүксүз өткөрүүгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, министрлер эми июндун ортосунда Бишкекке чогулушат. Анда июль, август жана сентябрь айларына карата суу кое берүүнүн көлөмү менен графиги акыркы жолу такталып, бекитилет.
Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин аяктады. 8-майда ишкананын адистери системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтуруу жана ысык суу менен камсыздоону ишке киргизүүгө даярдык көрүүнү башташат. Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бер
Бишкек ШИИБи Жеңиш күнү өтчү иш-чараларга байланыштуу элге кайрылып, тартипти сактоого чакырды.Маалыматта милиция күчөтүлгөн режимде иштеп, коопсуздукту 3000ден ашуун милиция кызматкери көзөмөлдөй турганы айтылат. Өзгөчө көңүл "Өчпөс полк" жүрүшүнө жасалган. Укук коргоо органдары белгиленген эрежелерди жана милиция кызматкерлеринин талаптарын сактоону өтүнүүдө. Муну менен катар тыюу салынган аракеттерди да тизмектеди: дрондорду жана башка учуучу аппараттарды уруксатсыз колдонуу; абадан уруксатсыз тартуу; курал-жарактарды, кооптуу буюмдарды, пиротехникаларды алып жүрүү; алкоголдук ичимдиктерди алып кирүү жана колдонуу; айнек идиштерди колдонуу; экстремисттик, чагымчыл жана саясий символикаларды колдонуу; үгүт иштерин жүргүзүү; коомдук тартипти бузган аракеттер. Дрондор атайын уруксат менен гана учурулары айтылды. Ал эми талаптар бузулган учурда чара көрүлмөкчү.Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Марлис Асанов 9-май – Жеңиш күнү менен облустун аймагындагы Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Мурза Далиевди жана оорук эмгекчилерин майрамы менен куттуктады. Бул тууралуу облустук милициянын басма сөз кызматынан билдиришти. Маалыматка ылайык, анда ардагерлерге белектер жана акчалай сыйлыктар тапшырылды. Жеңиштин 81 жылдыгына карата куттуктоолор айтылып, согуш учурунда өздөрүнүн каармандыктарын көрсөтүп, тынчтык алып келгендиктери үчүн ыраазычылык билдирилди. Өз кезегинде согуштун жана ооруктун ардагерлери милиция кызматкерлерине ак баталарын берип, өлкөдө ар дайым тынчтык болушун каалашты. Борбор Азия өлкөлөрү жайында сугат үчүн суу берүү графигин макулдашты. Бул тууралуу Казакстандын Энергетика министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, Ташкентте өлкөлөрдүн суу менен энергетиканы тескеген министрлери чогулуп, Токтогул суу сактагычынан сууну кое берүүнүн көлөмүн жана режимин такташкан. "2025-жылдын сентябрынан 2026-жылдын апрелине чейин Казакстан Кыргызстандын энергосистемасына 1 миллиард 560 миллион кВт/сааттан ашык электр энергиясын берген. Мунун эсебинен Токтогул суу сактагычындагы ресурстарды азыркы айыл чарба сезону үчүн сактап калууга мүмкүн болду. Бул Казакстан менен Өзбекстандын фермерлерине сугат иштеринин алгачкы этабын үзгүлтүксүз өткөрүүгө шарт түзөт", — деп айтылат маалыматта. Белгилей кетсек, министрлер эми июндун ортосунда Бишкекке чогулушат. Анда июль, август жана сентябрь айларына карата суу кое берүүнүн көлөмү менен графиги акыркы жолу такталып, бекитилет.Бишкекте 9-майдан тарта ысык суу бериле баштайт. Бул тууралуу мэриядан билдиришти. Маалыматка ылайык, "Бишкекжылуулуктармагы" муниципалдык ишканасы шаарды ысык суу менен камсыздоо үчүн колдонулган жылуулук тармактарында оңдоо жана калыбына келтирүү иштерин аяктады. 8-майда ишкананын адистери системаны муздак суу менен этап-этабы менен толтуруу жана ысык суу менен камсыздоону ишке киргизүүгө даярдык көрүүнү башташат. Бишкек ЖЭБи керектөөчүлөргө ысык сууну 9-майдан тарта бер
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/05/09/1101186455_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_31b67d2dd3b5b687197f2bb2a2154ff8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио