https://sputnik.kg/20260405/samsak-stanaliyevdi-eskeruu-1100576939.html
Жалгыз уулу чарчап, туулган айылы суу алдында калган... Самсак Станалиевди эскерүү
Жалгыз уулу чарчап, туулган айылы суу алдында калган... Самсак Станалиевди эскерүү
Sputnik Кыргызстан
Самсак Станалиев кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Поэзияда философиялык ой жүгүртүүсү, прозада адамдын ички дүйнөсүн так чагылдырган чеберлиги... 05.04.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-04-05T13:46+0600
2026-04-05T13:46+0600
2026-04-05T21:27+0600
кыргызстан
туяк
гүлзада станалиева
адабият
проза
акын
эскерүү
https://sputnik.kg/img/07ea/04/02/1100575322_0:111:1200:786_1920x0_80_0_0_c81c105dbb51b980c6e144e1fd57be51.jpg.webp
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда Кыргыз эл акыны, Ишенаалы Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Тынчтыкбек Нурманбетов жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева болду. Биз Кыргыз эл жазуучусу, акын, прозаик, сынчы, публицист жана котормочу Самсак Станалиевди эскердик. — Самсак Станалиевдин чыгармачылыгына кайрылуудан мурун бала кезин эскерсек. Токтогулда чоңойгон экен. Гүлзада Станалиева: — 2025-жылы агамдын 70 жылдык мааракеси өттү. Тилекке каршы, ал күндү өзү көрбөй, 2024-жылы каза болуп калды. Абам Кетмен-Төбө өрөөнүнүн азыркы Токтогул суу сактагычынын алдында калган Жазы-Кечи айылынан болот. Ырларында да айылына арналган тематика басымдуу болуп, бул жүрөгүнө жакын, кайгылуу тема экени байкалат. Эр жеткенде армияга чакырылып, андан кийин Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде окуп калат. Кийин айылына барса, айылы жок. Азыр Бишкектен баратканда Кара-Көл шаарынын оозунда Жазы-Кечи деген айыл бар. Ошол жерге элди көчүрүп барып, жаңы конушка эски айылдын атын ыйгарып коюшкан. Төрт кыз, бир уулдуу болгон. Бирок ошол уулу наристе кезинде чарчап калган. "Же туулган айылы жок, же туягы жок болуп өтөмбү" деп кейип, ушул эки темага көп кайрылыптыр. Айымкүл чоң апам "түшүмдө кадимки Током келип (Токтогул Сатылганов — ред.) биздин боз үйгө туу сайып кеткен. Самсактын бирдеме жазып калганы ошондон улам" деп көп айтчу. Көрсө, ошондо боюнда бар экен. Чоң апабыз өзү да кошокчу болчу. Биздин тууган-уруктун арасында чоң апамсыз өлүк зыйнаты өтчү эмес. Радиодон да берүүлөрдү башка ишин токтото коюп укчу. Чоң апамдын сөзгө чебердиги, андагы шык-талант агама өтсө керек деп ойлойм. Мектепте окуп жүргөндө эле кыздарга арзуусун айта албагандар келип, ыр менен кат жаздырып кетишчү экен. — Демек, "эр тайын тартат" дегендей, талант апа жагынан оошкон экен да. Алгач акындыкка чейин эсепчи да болуп иштептир. Так илимдерге да жакын окшойт. Г.С.: — Балким. Агам чынында эле аналитикалык мыкты ой жүгүртчү. Ошол тактыгы Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөнбаев жана Чыңгыз Айтматов тууралуу үч тарыхый романды жазганда көрүнүп, изилдөөчү катары иштеди. Бир маалыматтын эки башка варианты болуп калса аны жазчу эмес. Көркөм чыгарма жазып жатса да чоң илимий иш жазып жаткандай архивдерде отуруп, изилдеп, анализдеп жазды, илимий-аналитикалык, көркөм ой жүгүртүүсү да күчтүү болгон. Кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча абдан көп макалалары бар, бирок жазуучу катары жашап өттү. — Агай, Самсак Станалиев менен качан таанышып, бирге иштешип калдыңыз? Тынчтыкбек Нурманбетов: — Экөөбүздүн мамиле 1978-жылы "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп жүргөндө эле башталган. Мени "Ленинчил жаштан" тапкан досум" деп койчу эле, ошол күндөн өмүрү өткөнчө дос болдук. Чыгармачылыктын өйдө-ылдыйында, татаал жолунда санаалаш болдук. Ал мага "кыргыз адабиятынын эки трагедиясы бар. Биринчиси — совет мезгилиндеги үгүт-насыятка багытталган чыгармалар жасалма адабиятты пайда кылып койгон. Чыныгы адабиятты, мүдөөнү чагылдырган чыгармаларды жазгандар репрессияга кабылган" дечү. Чынында Касым Тыныстанов баш болуп атылып кетпедиби. Аны көргөн жаштар жалтак болуп, чыныгы адабиятка баш бага албай калышкан. Самсак адабият сынчысы катары өмүр сүрдү, наамкорлорго күйүп кетер эле. Чыгармачылык эркиндик жакшы, бирок анын жоопкерчилиги да бар. Самсак Станалиев тарыхый-биогорафиялык чыгармаларды ийне-жибине чейин иликтеп жазчу. Ар бир сөзү ырдап сүйлөп, ыйлап турат. Демек, бул романист-стилист, психолог, санжырачы, тарыхчы, ал билгенди тарыхчылар да билчү эмес. Архивди билчү. Көрүнүктүү адамдардын досьесин алып жүрчү. Ушунчалык кызык инсан эле. Орден түгүл, медаль да алган эмес. Кыргыз эл жазуучусуна талапкерлиги "Нурборбор" адабий ийриминен кеткен. Өзү ага маани деле берген эмес. Бул киши тегерегиндегилердин баарынын чыгармачылык дараметин билчү. Тубаса акын эле. Артынан түшсө мыкты болмок. Чыгармачылыктын кумарына батканы менен убай-урматын көргөнгө жетишпей калды. Бул кишини сынчы Кеңешбек Асаналиев, Салижан Жигитов жана Кадыркул Даутов да баалачу. — Жазуучулуктан тышкары ал кишини котормочу катары билебиз. Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романын которгон. Бул багытка кандайча кайрылып калды? Г.С.: — Мурда да бирин-экин чыгармаларды которуп жүргөн. Ал эми "Тоолор кулаганда" романын академик Абдылдажан Акматалиевдин сунушу менен которуп калган. Котормонун кол жазмасы менен Чыңгыз Айтматов өзү таанышып, батасын берген экен. — Самсак Станалиевди 12 китептин автору деп жатабыз. Жогоруда кайрылган эки тематикасына токтолдуңуз. Сиз да сын жазып калып жүрөсүз. Көркөм поэтикалык чыгармаларын окуганда көбүнчө эмнелерди байкай алабыз? Г.С.: — Бул киши кыргыз адабиятында залкарлардын өмүр таржымалын изилдөөчү катары калды. "Залкарлар сүйгөн сулуулар" деген китеби бар. Ошондо кадимки эле Токтогулдун Алымканы ким болгон, андан башка кимдер менен мамилеси болгонун изилдеген. Атайдын "Күйдүм чогу" кимге арналган? Ал кантип жаралып калган, Муктар Ауэзовдун Фатимасы ким болгонун изилдеп, ошол аялдарга суктантып жазган чыгармалары бар. Аалы Токомбаевдин "Муңдашым Мунар, кайдасың" деген чыгармасындагы Мунарды иликтеп, ошол сулуулардын тагдыры аркылуу белгилүү адамдардын белгисиз тараптарын, тагдырын, сүйүүгө болгон мамилеси аркылуу бейнесин, ички дүйнөсүн ачып берген. Андан кийин залкарлар тууралуу чоң романдарга кайрылып жатпайбы. Мындан тышкары, тилчилер агамды сөз менен мыкты иштеген стилист деп баасын беришет. Ибраим Абдувалиев деген окумуштуу, тилчи агайыбыз агамдын китептериндеги көп сүйлөмдөрдү лексика, морфология боюнча колдонуптур. Агамдын чыгармаларындагы фразеологизмдерди, автор тапкан сөз айкаштарын изилдөө келечектин иши деп ойлойм. Ошол эле учурда тарыхый романдарды жазууда да Тыныстанов менен Токомбаевдин келишпестиктерин ошол доордун оош-кыйышынан, психологиясынан чыгып, объективдүү чагылдырып берген. Кечээ жакында эле Түркиядан "Чагылгандын көз жашы" романы которулду. Ага чейин мыкты чыгарма катары тандалып, өзү барып келген. Сыйлыгын колуна алып, абдан сүйүнгөн. Бирок китебинин чыкканын көрбөй калды. Алгач 3000 нуска менен чыкты эле, ал түгөнүп, азыр 5000 нуска менен чыга турган болуптур. Ушул жылы 75 жылдыгына карата жолугушууларды көп өткөрдүк. Көрсө, агам китепканалар менен абдан тыгыз иштешкен экен. Шаардык китепканалардын баары эскерүү кечелерин өткөрүп жатат. Мен ал кишинин карындашы катары гана билсем, калемдештери башка кырларын да ачып берүүдө. Олжобай Шакирдин айтымында, Касым Тыныстановдун түрмөдө кыйналганын сезип жазуу үчүн көмүрканада иштеп, ошол жакта отуруп жазган экен. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясында Касым Тыныстановдун чөбөрөлөрү иштегендиктен акырын барып, анын баскан-турганын карап, издениптир. Гезиттер жабылып калганда башкалар окуу жайларга, мамлекеттик иштерге кирсе, агам Тыныстановду жазууга отурган. Буга гезитте иштеп жүргөндө байбичесинен маек алып калып, ошону менен эне-баладай мамиледе болуп калганы себеп окшойт да. Жеңеме да Касым Тыныстанов тууралуу кечке айта берген. Бир ирет барсам, "короомдо Тыныстанов жүргөндөй сезилет, чыксам эч ким жок" деп айтты. Ошол образга болушунча кирип кеткен да. Керек болсо атууга кеткен жерин "Тыныстановду мен аткандай болдум" деп маек берип жатат. Ушунчалык чыңалуу менен жазган. Кеңешбек Асаналиев да бул романга "психологиялык романдын үлгүсүн берди" деп баалап, көлөмдүү макала арнаган. — Эми адам катары бейнесин, мүнөзүн ачып берсеңиз... Г.С.: — Ырларында "мага өзүң жөнүндө жазбайсыңбы" дешет, мен өзүм жөнүндө эле жазам, ороймун, олдоксонмун, оорукчанмын" дейт. Бирок ошондой болгону менен агам абдан назик жан эле. Кээде жүрөгүнө жакын кабыл алып, таарынган учуру болчу. Бирок чыгармачылыкка туура эмес мамиле жасаган же өз ордун билбей аша чаап кеткен калемгерлердин көңүлүнө карабай бетине катуу айтып салчу. Андайда жанында турган мен жаман болуп кетчүмүн. Бул анын оройлугу эмес, адабиятка болгон өтө бийик сый-урматы деп эсептейм. — Өмүрүнүн акырында эмнени ойлонуп, эмнеге толгонуп жашады? Т.Н.: — Мансапкорлукка берилип, дүйүнө жыйган жок. Кыргыз адабиятынын тагдырына күйдү. Жашоосунда да өксүп калды, эркек баласынын жоктугуна катуу күйдү. Туулган жери суу алдында калды. Ушунун баарын трагедия катары кабылдап жашады. Теги: радио адабият акын чыгарма Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев Тынчтыкбек Нурманбетов
https://sputnik.kg/20260125/kaken-almazbekov-tuuraluu-kyzyktuu-faktylar-1099307432.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_7d2c8ea8f7067bb76958c73f773ffa8d.jpg.webp
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_7d2c8ea8f7067bb76958c73f773ffa8d.jpg.webp
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/04/02/1100575322_3:0:1198:896_1920x0_80_0_0_9cedb589f6b72c2465ae200404e3828c.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Нурайым Рысмамбетова
https://sputnik.kg/img/07e7/02/08/1072723228_634:137:847:350_100x100_80_0_0_7d2c8ea8f7067bb76958c73f773ffa8d.jpg.webp
кыргызстан, туяк, гүлзада станалиева, адабият, проза, акын, эскерүү
кыргызстан, туяк, гүлзада станалиева, адабият, проза, акын, эскерүү
Жалгыз уулу чарчап, туулган айылы суу алдында калган... Самсак Станалиевди эскерүү
13:46 05.04.2026 (Жаңыртылды: 21:27 05.04.2026) Самсак Станалиев кыргыз адабиятынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Поэзияда философиялык ой жүгүртүүсү, прозада адамдын ички дүйнөсүн так чагылдырган чеберлиги менен айырмаланган. Сын жана публицистикада да иштеп, коомдук ойлорду ортого салган таасирдүү калемгер болгон.
Sputnik Кыргызстан радиосунун "Туяк" программасында мейманда Кыргыз эл акыны, Ишенаалы Арабаев атындагы КМУнун ардактуу профессору Тынчтыкбек Нурманбетов жана Кыргыз-Түрк "Манас" университетинин доценти, филология илимдеринин кандидаты Гүлзада Станалиева болду. Биз Кыргыз эл жазуучусу, акын, прозаик, сынчы, публицист жана котормочу Самсак Станалиевди эскердик.
— Самсак Станалиевдин чыгармачылыгына кайрылуудан мурун бала кезин эскерсек. Токтогулда чоңойгон экен.
Гүлзада Станалиева: — 2025-жылы агамдын 70 жылдык мааракеси өттү. Тилекке каршы, ал күндү өзү көрбөй, 2024-жылы каза болуп калды. Абам Кетмен-Төбө өрөөнүнүн азыркы Токтогул суу сактагычынын алдында калган Жазы-Кечи айылынан болот. Ырларында да айылына арналган тематика басымдуу болуп, бул жүрөгүнө жакын, кайгылуу тема экени байкалат. Эр жеткенде армияга чакырылып, андан кийин Кыргыз улуттук университетинин филология факультетинде окуп калат. Кийин айылына барса, айылы жок. Азыр Бишкектен баратканда Кара-Көл шаарынын оозунда Жазы-Кечи деген айыл бар. Ошол жерге элди көчүрүп барып, жаңы конушка эски айылдын атын ыйгарып коюшкан.
Төрт кыз, бир уулдуу болгон. Бирок ошол уулу наристе кезинде чарчап калган. "Же туулган айылы жок, же туягы жок болуп өтөмбү" деп кейип, ушул эки темага көп кайрылыптыр. Айымкүл чоң апам "түшүмдө кадимки Током келип (Токтогул Сатылганов — ред.) биздин боз үйгө туу сайып кеткен. Самсактын бирдеме жазып калганы ошондон улам" деп көп айтчу. Көрсө, ошондо боюнда бар экен. Чоң апабыз өзү да кошокчу болчу. Биздин тууган-уруктун арасында чоң апамсыз өлүк зыйнаты өтчү эмес. Радиодон да берүүлөрдү башка ишин токтото коюп укчу. Чоң апамдын сөзгө чебердиги, андагы шык-талант агама өтсө керек деп ойлойм. Мектепте окуп жүргөндө эле кыздарга арзуусун айта албагандар келип, ыр менен кат жаздырып кетишчү экен.
— Демек, "эр тайын тартат" дегендей, талант апа жагынан оошкон экен да. Алгач акындыкка чейин эсепчи да болуп иштептир. Так илимдерге да жакын окшойт.
Г.С.: — Балким. Агам чынында эле аналитикалык мыкты ой жүгүртчү. Ошол тактыгы Касым Тыныстанов, Жоомарт Бөкөнбаев жана Чыңгыз Айтматов тууралуу үч тарыхый романды жазганда көрүнүп, изилдөөчү катары иштеди. Бир маалыматтын эки башка варианты болуп калса аны жазчу эмес. Көркөм чыгарма жазып жатса да чоң илимий иш жазып жаткандай архивдерде отуруп, изилдеп, анализдеп жазды, илимий-аналитикалык, көркөм ой жүгүртүүсү да күчтүү болгон. Кыргыз адабиятынын тарыхы боюнча абдан көп макалалары бар, бирок жазуучу катары жашап өттү.
— Агай, Самсак Станалиев менен качан таанышып, бирге иштешип калдыңыз?
Тынчтыкбек Нурманбетов: — Экөөбүздүн мамиле 1978-жылы "Ленинчил жаш" гезитинде иштеп жүргөндө эле башталган. Мени "Ленинчил жаштан" тапкан досум" деп койчу эле, ошол күндөн өмүрү өткөнчө дос болдук. Чыгармачылыктын өйдө-ылдыйында, татаал жолунда санаалаш болдук. Ал мага "кыргыз адабиятынын эки трагедиясы бар. Биринчиси — совет мезгилиндеги үгүт-насыятка багытталган чыгармалар жасалма адабиятты пайда кылып койгон. Чыныгы адабиятты, мүдөөнү чагылдырган чыгармаларды жазгандар репрессияга кабылган" дечү. Чынында Касым Тыныстанов баш болуп атылып кетпедиби. Аны көргөн жаштар жалтак болуп, чыныгы адабиятка баш бага албай калышкан. Самсак адабият сынчысы катары өмүр сүрдү, наамкорлорго күйүп кетер эле. Чыгармачылык эркиндик жакшы, бирок анын жоопкерчилиги да бар. Самсак Станалиев тарыхый-биогорафиялык чыгармаларды ийне-жибине чейин иликтеп жазчу. Ар бир сөзү ырдап сүйлөп, ыйлап турат. Демек, бул романист-стилист, психолог, санжырачы, тарыхчы, ал билгенди тарыхчылар да билчү эмес. Архивди билчү. Көрүнүктүү адамдардын досьесин алып жүрчү. Ушунчалык кызык инсан эле. Орден түгүл, медаль да алган эмес. Кыргыз эл жазуучусуна талапкерлиги "Нурборбор" адабий ийриминен кеткен. Өзү ага маани деле берген эмес. Бул киши тегерегиндегилердин баарынын чыгармачылык дараметин билчү. Тубаса акын эле. Артынан түшсө мыкты болмок. Чыгармачылыктын кумарына батканы менен убай-урматын көргөнгө жетишпей калды. Бул кишини сынчы Кеңешбек Асаналиев, Салижан Жигитов жана Кадыркул Даутов да баалачу.
— Жазуучулуктан тышкары ал кишини котормочу катары билебиз. Айтматовдун "Тоолор кулаганда" романын которгон. Бул багытка кандайча кайрылып калды?
Г.С.: — Мурда да бирин-экин чыгармаларды которуп жүргөн. Ал эми "Тоолор кулаганда" романын академик Абдылдажан Акматалиевдин сунушу менен которуп калган. Котормонун кол жазмасы менен Чыңгыз Айтматов өзү таанышып, батасын берген экен.
— Самсак Станалиевди 12 китептин автору деп жатабыз. Жогоруда кайрылган эки тематикасына токтолдуңуз. Сиз да сын жазып калып жүрөсүз. Көркөм поэтикалык чыгармаларын окуганда көбүнчө эмнелерди байкай алабыз?
Г.С.: — Бул киши кыргыз адабиятында залкарлардын өмүр таржымалын изилдөөчү катары калды. "Залкарлар сүйгөн сулуулар" деген китеби бар. Ошондо кадимки эле Токтогулдун Алымканы ким болгон, андан башка кимдер менен мамилеси болгонун изилдеген. Атайдын "Күйдүм чогу" кимге арналган? Ал кантип жаралып калган, Муктар Ауэзовдун Фатимасы ким болгонун изилдеп, ошол аялдарга суктантып жазган чыгармалары бар. Аалы Токомбаевдин "Муңдашым Мунар, кайдасың" деген чыгармасындагы Мунарды иликтеп, ошол сулуулардын тагдыры аркылуу белгилүү адамдардын белгисиз тараптарын, тагдырын, сүйүүгө болгон мамилеси аркылуу бейнесин, ички дүйнөсүн ачып берген. Андан кийин залкарлар тууралуу чоң романдарга кайрылып жатпайбы. Мындан тышкары, тилчилер агамды сөз менен мыкты иштеген стилист деп баасын беришет. Ибраим Абдувалиев деген окумуштуу, тилчи агайыбыз агамдын китептериндеги көп сүйлөмдөрдү лексика, морфология боюнча колдонуптур. Агамдын чыгармаларындагы фразеологизмдерди, автор тапкан сөз айкаштарын изилдөө келечектин иши деп ойлойм. Ошол эле учурда тарыхый романдарды жазууда да Тыныстанов менен Токомбаевдин келишпестиктерин ошол доордун оош-кыйышынан, психологиясынан чыгып, объективдүү чагылдырып берген. Кечээ жакында эле Түркиядан "Чагылгандын көз жашы" романы которулду. Ага чейин мыкты чыгарма катары тандалып, өзү барып келген. Сыйлыгын колуна алып, абдан сүйүнгөн. Бирок китебинин чыкканын көрбөй калды. Алгач 3000 нуска менен чыкты эле, ал түгөнүп, азыр 5000 нуска менен чыга турган болуптур. Ушул жылы 75 жылдыгына карата жолугушууларды көп өткөрдүк. Көрсө, агам китепканалар менен абдан тыгыз иштешкен экен. Шаардык китепканалардын баары эскерүү кечелерин өткөрүп жатат. Мен ал кишинин карындашы катары гана билсем, калемдештери башка кырларын да ачып берүүдө. Олжобай Шакирдин айтымында, Касым Тыныстановдун түрмөдө кыйналганын сезип жазуу үчүн көмүрканада иштеп, ошол жакта отуруп жазган экен. Ошондой эле Улуттук илимдер академиясында Касым Тыныстановдун чөбөрөлөрү иштегендиктен акырын барып, анын баскан-турганын карап, издениптир. Гезиттер жабылып калганда башкалар окуу жайларга, мамлекеттик иштерге кирсе, агам Тыныстановду жазууга отурган. Буга гезитте иштеп жүргөндө байбичесинен маек алып калып, ошону менен эне-баладай мамиледе болуп калганы себеп окшойт да. Жеңеме да Касым Тыныстанов тууралуу кечке айта берген. Бир ирет барсам, "короомдо Тыныстанов жүргөндөй сезилет, чыксам эч ким жок" деп айтты. Ошол образга болушунча кирип кеткен да. Керек болсо атууга кеткен жерин "Тыныстановду мен аткандай болдум" деп маек берип жатат. Ушунчалык чыңалуу менен жазган. Кеңешбек Асаналиев да бул романга "психологиялык романдын үлгүсүн берди" деп баалап, көлөмдүү макала арнаган.
— Эми адам катары бейнесин, мүнөзүн ачып берсеңиз...
Г.С.: — Ырларында "мага өзүң жөнүндө жазбайсыңбы" дешет, мен өзүм жөнүндө эле жазам, ороймун, олдоксонмун, оорукчанмын" дейт. Бирок ошондой болгону менен агам абдан назик жан эле. Кээде жүрөгүнө жакын кабыл алып, таарынган учуру болчу. Бирок чыгармачылыкка туура эмес мамиле жасаган же өз ордун билбей аша чаап кеткен калемгерлердин көңүлүнө карабай бетине катуу айтып салчу. Андайда жанында турган мен жаман болуп кетчүмүн. Бул анын оройлугу эмес, адабиятка болгон өтө бийик сый-урматы деп эсептейм.
— Өмүрүнүн акырында эмнени ойлонуп, эмнеге толгонуп жашады?
Т.Н.: — Мансапкорлукка берилип, дүйүнө жыйган жок. Кыргыз адабиятынын тагдырына күйдү. Жашоосунда да өксүп калды, эркек баласынын жоктугуна катуу күйдү. Туулган жери суу алдында калды. Ушунун баарын трагедия катары кабылдап жашады.
Теги: радио адабият акын чыгарма Кыргыз эл жазуучусу Самсак Станалиев Тынчтыкбек Нурманбетов