00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
6 мин
Туяк
Кадыржан Кыдыралиев: кыргыз киносунун алтын муунунун өкүлү
17:07
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
7 мин
Об экономике и не только
ШОС, БРИКС и борьба за финансовые институты — эксперт о новой геополитике Евразии
18:08
38 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
9 мин
Спортбокс
Кыргыз футболу жаңы доордун алдында: Просинечки, Азия Кубогу жана чоң үмүттөр
19:10
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
8 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
20:09
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Экологияны коргоо: жайыт, парк, суу жээктеринде мототранспортко чектөөлөр киргизилди
21:08
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
ШКУ киберкылмыштарга каршы күрөштү күчөтөт. ИИМ башчыларынын жыйыны өтүүдө АКШнын Өкүлдөр палатасы антироссиялык санкциянын долбоорун жактырды Касымалиев Кыргызстан менен Беларусь кайсы тармакта ийгиликке жетише аларын айтты Кыргызстан менен Беларустун кызматташтыкты кеңейтүү мүмкүнчүлүгү чоң. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев Бишкекте өтүп жаткан кыргыз-беларус бизнес-форумунда билдирди. Анын айтымында, эки өлкө экономикалык алаканы өнүктүрө алат. "Кыргызстандын географиялык абалы абдан ыңгайлуу, логистика, айыл чарба, жеңил өнөр жай, энергетика жана туризм жаатында чоң мүмкүнчүлүккө ээ. Беларусь өнүккөн өнөр жай базасынан, агрардык, машина куруу сектордогу ийгиликтеринен, өндүрүштөгү жетишкендиктеринен улам кызыгуу жаратып келет", — деди Касымалиев. Минкаб төрагасы келечектүү өндүрүш долбоорлорун өз ара ишенимдин негизинде ишке ашырууга болорун, бул узак мөөнөттүү кызматташуу менен инвестиция тартуунун негизи экенин белгилеген.
Бишкекте Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө өлкөлөрдүн ички иштер министрлеринин жыйыны өтүүдө. Иш-чарага ШКУ катчылыгынын, Интерполдун жана КМШнын уюшкан кылмыштуулукка каршы күрөшүү бюросунун өкүлдөрү да катышууда. ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев белгилегендей, трансулуттук кылмыштуулукка каршы натыйжалуу күрөшүү үчүн мамлекеттердин күчүн бириктирүү зарыл. Ал жасалма интеллект колдонулган кылмыштардын көбөйүшүн тынчсыздандырган көрүнүш катары баалады. Пландалган иштердин катарында Ташкентте, Бишкекте жана Душанбеде киберкылмышка каршы жаңы борборлорду түзүү, ошондой эле учурдагы эл аралык келишимдерди жаңылоо бар. ШКУ өлкөлөрү заманбап коркунучтарга каршы туруу үчүн маалымат алмашууну күчөтүп, бирдиктүү иш алып барууну уланта турганын билдиришти.
Нарын — Торугарт унаа жолунда (Ат-Башы районунун чыгыш тарабы) калыңдыгы 25-35 сантиметр кар жаады. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы билдирди. Учурда атайын техника тартылып, трасса кардан тазаланып жатат. Буга чейин Арпа өрөөнүндө 20 сантиметр кар жааганы кабарланган. ӨКМ малчыларга жем-чөп жеткирүү иштери уюштурулуп жатканын билдирди. Министрлик тоолуу аймактарда аба ырайы кескин өзгөрүп жаткандыгына байланыштуу айдоочуларды жолдо этият болууга, ылдамдыкты ашырбай, аралыкты так сактоого чакырат.
АКШнын Өкүлдөр палатасы Украинага жардам бере турган жана Россияга каршы санкциянын долбоорун жактырды. Бул туурасында РИА Новости жазды. Документти аталган палатанын 226 мүчөсү колдосо, 195и каршы чыккан. Добуш бергендердин 18и республикачылар, 207си демократтар, бирөө көз карандасыз мыйзамчы дешти. Былтыр апрелде киргизилген мыйзам долбоорунда Украинаны калыбына келтирүү фондун түзүү каралган. Анда президенттин Украинага жана Чыгыш Европа өлкөлөрүнө курал-жаракты насыяга же ижарага берүү укугун кайрадан жаңылап, жандандыруу да айтылган. Аны менен катар эле Пентагондун Киевге коопсуздук жана чалгын жаатында жардамдашуу мөөнөтүн 2027-жылдын аягына чейин узартуу туурасында да жазылган. Мамлекеттик департаментке Балтика боюндагы өлкөлөрдүн Куралдуу күчтөрү менен Чек ара кызматын күчтөндүрүү үчүн тиешелүү чараларды көрүү милдети да тагылган. Бул мыйзам күчүнө кирсе АКШ президенти Россия менен Украинанын ортосундагы кырдаалга баа берүүгө укуктуу болот. Мамлекеттин башчысы жасаган анализинин негизинде чектөөлөрдү, анын ичинде санкцияларды киргизе алат, активдерди бөгөттөп, кошумча экспорттук алымдарды да коет.
Жаңылыктар түрмөгү
0