00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:00
4 мин
Спортбокс
Кыргыз футболу жаңы доордун алдында: Просинечки, Азия Кубогу жана чоң үмүттөр
19:05
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Договор, сроки и земля - юрист о том как проверить новостройку до подписания документов
20:10
51 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Экологияны коргоо: жайыт, парк, суу жээктеринде мототранспортко чектөөлөр киргизилди
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жазылуу
Кыргыз-беларус бизнес-форумунун жүрүшүндө жалпы суммасы 5 миллион доллардан ашкан 20га жакын келишимге кол коюлду. Бул тууралуу Соода-өнөр жай палатасынын башчысы Темир Сариев билдирди. Форум Бишкектеги "Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясында өтүп, аны аталган палата уюштурган. Сариевдин айтымында, жетишилген макулдашуулар эки өлкөнүн экономикалык кызматташтыгын жаңы деңгээлге чыгарууга шарт түзөт. Ал Беларусь Кыргызстан үчүн ишенимдүү өнөктөш экенин белгиледи. Форумдун жүрүшүндө ишкерлер ортосунда түз сүйлөшүүлөр, инвестициялык долбоорлор жана кооперациялык байланыштарды кеңейтүү маселелери талкууланды. Иш-чарага министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев жана Беларустун премьер-министри Александр Турчин катышты. Беларустун өкмөт башчысы Кыргызстанга расмий сапар менен келген. Делегациянын курамында 40ка жакын ири компаниянын өкүлдөрү бар.
ЕАЭБ өлкөлөрүндө роумингдин баасы бир жарым жылдын ичинде төмөндөйт. Бул туурасында Евразиялык экономикалык комиссиянын Монополияны жөнгө салуу департаментинин жетекчисинин орун басары Бакытбек Исаев Санкт-Петербургда өтүп жаткан экономикалык форумдун алкагындагы иш-чарада билдирди. Анын айтымында, комиссиянын алдына роуминг кызматтарын арзандатуу милдети коюлган. 2028-жылдын 1-январына чейин анын баасы мүмкүн болушунча ички тарифтерге жакын болот. Исаев төмөнкүлөргө да токтолду: азыр ЕАЭБде башкы милдет жарандарга, анын ичинде бир өлкөдөн экинчисине каттаганда ыңгайлуу шарттарды түзүү. Бул багыттагы негизги иштердин бири — роумингдин баасын арзандатуу; "Адилеттүү" тариф дегенибиз — баалардын өлкө ичиндеги өзүнүн тарифтерине мүмкүн болушунча жакындатылышы. Азырынча баа так айтыла элек, анткени тарифтерди колдонуунун эрежелери иштелип жатат. Аларды жылдын аягына чейин бекитүү пландалууда;
Баткен облусунда нөшөрлөгөн жаандан улам катуу сел жүрдү. Бул тууралуу Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, кыяндын кесепетинен Ак-Кыя — Жийделик жана Кызыл-Булак — Тамаша унаа жолдору жабылган. Министрлик атайын техника тартылганын, жолдор сел агымы токтогондон кийин тазаланарын кошумчалады.
Путин менен Мирзиеев Өзбекстандагы АЭСтин курулушун баштап беришти Россия лидери Владимир Путин жана Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиеев Өзбекстандагы интеграцияланган атомдук электр станциясынын (АЭС) биринчи энергоблогунун курулушуна старт беришти. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги маалымдады. Эки өлкөнүн башчылары Санкт-Петербург шаарындагы Константинов сарайында жолугушуп, курулуштун башталыш аземине видеобайланыш аркылуу катышты. Интеграцияланган АЭСти куруу эки өлкөнүн флагмандык долбоору болуп саналат. Анын өзгөчөлүгү — бир эле аянтта чакан жана ири кубаттуулуктагы атомдук электр станцияларынын курулушу. Станция Өзбекстандын Жизак облусунда жайгашат. Долбоорго ылайык, станциянын курамына ВВЭР-1000 реакторлорунун негизиндеги эки ири кубаттуу энергоблок жана ар бири 55 мегаватт кубаттуулуктагы эки РИТМ-200Н реакторунан турган энергоблок кирет. Реактордун имаратынын пайдубалына алгачкы бетондун куюлушу — Эл аралык атомдук энергия агенттигинин (МАГАТЭ) стандарттарына ылайык, объектинин расмий курулуп жаткан атомдук электр станциясы макамын алганын билдирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0