00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ачык кеп
Кыргызстан аялдары конгрессинин билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрүн колдоо иши кандай ишке ашууда?
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жазылуу
Борбор калаадагы Old Bishkek жер алдындагы өтмөгүндө кыргыз мамлекеттүүлүгүнүн негиздөөчүлөрүнүн элеси дубалга чегерилди. Анда Иманалы Айдарбеков, Жусуп Абдрахманов, Касым Тыныстанов, Абдыкерим Сыдыков, Ишеналы Арабаев жана Абдыкадыр Орозбековдун элестери түшүрүлгөнүн көрүүгө болот. Ачылыш аземинде алар тууралуу китеп жана даректүү тасма да көрсөтүлдү. Old Bishkek долбоорунун командасы белгилегендей, бул демилге заманбап борбор калаага анын чыныгы тарыхый духун кайтарып, архивдик мурастарды сактоонун жана муундардын үзүлбөгөн байланышынын маанилүүлүгүн эске салат. Иш-чарага мамлекеттик катчы, депутаттар, министрлер, дипломаттар, тарыхчылар жана сүрөтчүлөр катышты.
Ысык-Көл облусунда миграциялык мыйзамдардын сакталышын текшерүү жана мыйзам бузууларды алдын алуу максатында "Нелегал-ЖККУ — 2026" эл аралык операциясынын алкагында рейддик иш-чаралар өткөрүлдү. УКМКнын маалымат кызматынын билдирүүсүнө караганда, үстүбүздөгү жылдын 2-3-июнь күндөрү чет өлкөлүк жумушчу күчүн пайдаланган 32 объектиге текшерүү жүргүзүлдү. Андан сырткары, беш өлкөнүн 768 жаранынын документтери каралды. Иш-чаралардын жыйынтыгында Кыргызстандын аймагында миграциялык эрежелерди бузуп жүргөн 36 жаран аныкталган. Аларга карата 64 административдик протокол түзүлүп, айып пул салынды. Учурда депортациялоо боюнча чаралар көрүлүүдө.
Бишкекте судьяларга берем деп пара алган жактоочу алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети билдирди. Маалымдалгандай, адвокат жана дагы бир жаран УКМКнын тергөө абагында жаткан айыпталуучунун бөгөт чарасын өзгөртүүгө жана соттон актоо өкүмүн чыгарууга көмөктөшөбүз деп анын жакынынан 300 миң доллар талап кылышкан. Алар акчанын бир бөлүгүн, 100 миң доллар алып жаткан жеринен кармалган. Шектүүлөр убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө уланууда. Жактоочу К.Дга аталган факт боюнча Башкы прокуратура тарабынан дагы бир кылмыш иши козголгону кошумчаланды.
Бейшемби күнү кечинде Жерде күчтүү жана узакка созулган магнит бороону башталат. Бул тууралуу Россиянын Илимдер академиясынын Космостук изилдөөлөр институтунун Күн астрономиясы лабораториясынан билдиришкенин РИА Новости жазды. "Күндө бир нече күчтүү жарылуу болуп, андан бөлүнүп чыккан плазма булуттары Жерге жакындап калды. Мындан улам бүгүн кечинде (Москва убактысы боюнча) Жерде узакка созулган абдан күчтүү магнит бороону башталышы мүмкүн", — деп айтылат лабораториянын Telegram каналындагы билдирүүдө. Күндөгү биринчи жана акыркы жарылуулардын ортосунда 10 сааттай убакыт болсо да магнит бороону токтобой, тынымсыз уланат. Окумуштуулардын айтымында, Күндөн кийинчерээк атылып чыккан толкундар Жерге жеткенче алдыдагы плазма булуттарын кууп жетет. Натыйжада алар биригип, узундугу 200 миллион чакырымга жеткен чоң бир толкунду жаратат.
Жаңылыктар түрмөгү
0