https://sputnik.kg/20260605/1101737678.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды. Бул туурасында анын... 05.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-05T18:59+0600
2026-06-05T18:59+0600
2026-06-05T19:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/05/1101737512_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_5b8f47912fed76a541704dd45697d26f.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. Жапаров министрлер менен заман талабындагы актуалдуу, анын ичинде санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшүнө байланыштуу көйгөйлөр боюнча пикир алышты. Маалыматтык коопсуздук жана киберкоркунучтарга каршы биргелешкен күрөштү чыңдоонун маанилүү экендигин сүйлөшкөн. Жапаров эл аралык системанын терең трансформациясы жана глобалдык туруктуулуктун кризиси шартында ШКУнун туруктуулугун сактап, ишенимди жана коопсуздукту бекемдөөчү ишенимдүү механизм болуп турарын айткан. Кабыл алууда болгон ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Бул жетишкендик өлкөнүн эл аралык аброюнун жана анын тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого кошкон салымынын таанылгандыгынын айкын күбөсү экенин белгиледи.
ШКУ өлкөлөрү транс чек аралык баңгизат трафигине каршы күрөштү күчөтүүгө даяр. Бул тууралуу Бишкекте уюмга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жыйынынан кийин ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Анын айтымында, жолугушуунун катышуучулары криминогендик кырдаалды жана иш-аракеттерди координациялоо маселелерин талдап чыгышты. Министр жыйында баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.
Балбан Жоламан Шаршенбеков Монголияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик турнирде алтын медаль алды. Ал алгачкы эки беттешин утуп, үчүнчүсүндө ирандык Мохаммад Кешткарга жеңилип калган. Турнир айлампа системасы менен өткөндүктөн кыргыз балбаны кийин казакстандык Еркебулан Ардаковду жеңип, финалда кайра Кешткар менен кез келген. Бирок мунусунда ирандык спортчу жаракатынан улам күрөшпөй, жеңиш Шаршенбековго берилди. Мелдеш Жоламандын эки жыл мурун белин кокустатып алгандан берки биринчи турнири болду.
Беларусь менен Кыргызстан 2030-жылга чейин өз ара сооданы 500 миллион долларга жеткирүүгө тийиш. Бул тууралууу Беларустун премьер-министри Александр Турчин Бишкекте өткөн кыргыз-беларус бизнес-форумунда билдирди. Ал эки өлкөнү жалпы тарых, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчөлүк жана экономикаларынын бири-бирин толуктап турган мүнөзү байланыштырарын белгиледи. "Бүгүн биз эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы саясий ишеним конкреттүү экономикалык көрсөткүчтөргө айланып жаткан маанилүү этапта турабыз. Белгиленген максатка жетүү үчүн стандарттуу эмес чечимдер жана эки өлкөнүн бизнесинин активдүү катышуусу керек", — деди Турчин. Өкмөт башчы Беларусь Кыргызстанды жөн гана товар сатчу базар эмес, бирге завод-фабрика куруп, өндүрүш кылууга ылайыктуу өнөктөш өлкө катары карай турганын кошумчалады.
Президент Садыр Жапаров бүгүн Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин ички иштер жана коомдук коопсуздук министрлерин кабыл алды. Бул туурасында анын маалымат кызматынан кабарлашты. Жапаров министрлер менен заман талабындагы актуалдуу, анын ичинде санариптик технологиялардын ыкчам өнүгүшүнө байланыштуу көйгөйлөр боюнча пикир алышты. Маалыматтык коопсуздук жана киберкоркунучтарга каршы биргелешкен күрөштү чыңдоонун маанилүү экендигин сүйлөшкөн. Жапаров эл аралык системанын терең трансформациясы жана глобалдык туруктуулуктун кризиси шартында ШКУнун туруктуулугун сактап, ишенимди жана коопсуздукту бекемдөөчү ишенимдүү механизм болуп турарын айткан. Кабыл алууда болгон ШКУнун башкы катчысы Нурлан Ермекбаев Жапаровду жана Кыргызстан элин өлкөнүн 2027-2028-жылдарга БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөлүгүнө шайланышы менен куттуктады. Бул жетишкендик өлкөнүн эл аралык аброюнун жана анын тынчтыкты, коопсуздукту чыңдоого кошкон салымынын таанылгандыгынын айкын күбөсү экенин белгиледи. ШКУ өлкөлөрү транс чек аралык баңгизат трафигине каршы күрөштү күчөтүүгө даяр. Бул тууралуу Бишкекте уюмга мүчө мамлекеттердин укук коргоо органдарынын жетекчилеринин жыйынынан кийин ички иштер министри Улан Ниязбеков билдирди. Анын айтымында, жолугушуунун катышуучулары криминогендик кырдаалды жана иш-аракеттерди координациялоо маселелерин талдап чыгышты. Министр жыйында баңгизаттардын мыйзамсыз жүгүртүлүшүнө жана маалыматтык технологияларды колдонуу менен жасалган кылмыштарга каршы күрөшүүгө өзгөчө көңүл бурулганын белгиледи.Балбан Жоламан Шаршенбеков Монголияда өтүп жаткан эл аралык рейтингдик турнирде алтын медаль алды. Ал алгачкы эки беттешин утуп, үчүнчүсүндө ирандык Мохаммад Кешткарга жеңилип калган. Турнир айлампа системасы менен өткөндүктөн кыргыз балбаны кийин казакстандык Еркебулан Ардаковду жеңип, финалда кайра Кешткар менен кез келген. Бирок мунусунда ирандык спортчу жаракатынан улам күрөшпөй, жеңиш Шаршенбековго берилди. Мелдеш Жоламандын эки жыл мурун белин кокустатып алгандан берки биринчи турнири болду.Беларусь менен Кыргызстан 2030-жылга чейин өз ара сооданы 500 миллион долларга жеткирүүгө тийиш. Бул тууралууу Беларустун премьер-министри Александр Турчин Бишкекте өткөн кыргыз-беларус бизнес-форумунда билдирди. Ал эки өлкөнү жалпы тарых, Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчөлүк жана экономикаларынын бири-бирин толуктап турган мүнөзү байланыштырарын белгиледи. "Бүгүн биз эки өлкөнүн лидерлеринин ортосундагы саясий ишеним конкреттүү экономикалык көрсөткүчтөргө айланып жаткан маанилүү этапта турабыз. Белгиленген максатка жетүү үчүн стандарттуу эмес чечимдер жана эки өлкөнүн бизнесинин активдүү катышуусу керек", — деди Турчин. Өкмөт башчы Беларусь Кыргызстанды жөн гана товар сатчу базар эмес, бирге завод-фабрика куруп, өндүрүш кылууга ылайыктуу өнөктөш өлкө катары карай турганын кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/05/1101737512_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5676f37bc30ff844bbdb74e3d3d84620.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио