https://sputnik.kg/20260604/1101697834.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жеңиши менен куттуктады. “Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм!” — деди ал. Айта... 04.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-04T11:00+0600
2026-06-04T11:00+0600
2026-06-04T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/04/1101697668_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_48377c1d60fce60f9c6b16797b07486d.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жеңиши менен куттуктады. “Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм!” — деди ал. Айта кетсек, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Өлкө Азия-Тынч океан тобунун атынан катышып, бир орун үчүн Филиппин мамлекети менен ат салышты. Ортодогу тирешүү төрт раундга созулуп, жыйынтыгында Кыргызстан 142 добушту топтоо менен тарыхый жеңишке жетишти.
Кыргызстанда мектептеги билим берүүнү кыргыз тилине өткөрүү планы азырынча жок. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Министр ЖМКларда "сентябрь айынан баштап айрым предметтер жалаң кыргыз тилинде жүргүзүлөт" деп жарыяланган маалыматтарды четке какты. Ал билдиргендей, радиодогу түз эфирде угармандардын бири башталгыч класстар жалаң кыргыз тилинде окушу керек деген сунушун айткан. “Мындай сунуштар арбын, алардын бири — айрым предметтерди жалаң кыргыз тилинде окутуу демилгеси. Бул сунуш азырынча талкууланып жатат жана келечекте карала турган маселе. Себеби алгач окуу китептерин чыгаруу жана мугалимдерди даярдоо зарыл. Бул реформанын качан ишке ашары азырынча белгисиз, балким 10 же 20 жылдан кийин болушу мүмкүн. Ал эми алдыдагы сентябрь айында мындай өзгөрүүлөр болору тууралуу кеп болгон эмес. Мен орус тилине каршы эмесмин. Орус тилине каршы чыгуу — Конституцияга каршы чыгуу дегенди билдирет. Эки тилде билим берүү — бул дүйнөлүк тажрыйба жана мындай ыкма тилди бат өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул эч кандай басым эмес, тескерисинче, өз өлкөсүнүн активдүү жараны болууга, коомдук жана саясий чөйрөдө такшалууга берилген мүмкүнчүлүк. Дагы бир ирет баса белгилеп кетейин, биз мындай системага эртең же бүрсүгүнү эле өтө калбайбыз. Бул — чоң даярдыкты жана көптөгөн талкууларды талап кылган узак мөөнөттүү маселе”, — деди министр.
Бишкекте көрүстөндөн алдын ала жер брондоо 150 миң сомдон ашып кетиши ыктымал. Калаа мэриясы иштеп чыккан көрүстөн брондоо боюнча токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна түштү. Ага ылайык, брондоонун наркы 150 миң 647 сомду түзөт. Баа эки бөлүктөн турат. Мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүч боюнча негизги төлөм 100 миң сом болсо, кошумча кызматтар үчүн 50 миң 647 сом алынат. Кошумча кызматка мүрзөнүн тегерек-четин карап, тосуу, тазалоо, жашылдандыруу, сугаруу, таштанды чыгаруу кирет. Эсептөө 10 чарчы метрлик бир участокту 10 жыл кароого ылайыктап жүргүзүлгөн. Негиздемеде бир участок боюнча бир жолку чыгым 23 миң 722 сом, 10 жылдык тейлөөгө 14 миң 711 сом, кошумча административдик жана чарбалык чыгым 7 миң 610 сом экени көрсөтүлгөн. Жалпы чыгым 46 миң 43 сомду түзүп, ага 10 пайыз рентабелдүүлүк кошулганда кошумча кызматтардын коэффициенти 50 миң 647 сом болуп чыккан.
Венгрия премьер-министри Петер Мадьяр Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүнүн 33 бөлүмүнүн баарын аткаруу үчүн Украинага дагы 10-15 жыл керек экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Мөөнөт уюмга кире турган өлкөнүн жасаган ишинен көз каранды. Эгер Украина Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү 10-15 жылдын ичинде соңуна чыгара алса, Венгрия юридикалык жактан зарыл болгон референдумду өткөрөт", — деп жазды Мадьяр.
Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды жеңиши менен куттуктады. “Биз БУУнун жаңы тарыхын жазууга катышабыз. Мекендештерим, куттуктайм!” — деди ал. Айта кетсек, Кыргызстан БУУнун Коопсуздук кеңешинин 2027–2028-жылдарга карата туруктуу эмес мүчөсү болуп шайланды. Өлкө Азия-Тынч океан тобунун атынан катышып, бир орун үчүн Филиппин мамлекети менен ат салышты. Ортодогу тирешүү төрт раундга созулуп, жыйынтыгында Кыргызстан 142 добушту топтоо менен тарыхый жеңишке жетишти. Кыргызстанда мектептеги билим берүүнү кыргыз тилине өткөрүү планы азырынча жок. Бул тууралуу агартуу министри Догдуркүл Кендирбаева Sputnik Кыргызстан агенттигине билдирди. Министр ЖМКларда "сентябрь айынан баштап айрым предметтер жалаң кыргыз тилинде жүргүзүлөт" деп жарыяланган маалыматтарды четке какты. Ал билдиргендей, радиодогу түз эфирде угармандардын бири башталгыч класстар жалаң кыргыз тилинде окушу керек деген сунушун айткан. “Мындай сунуштар арбын, алардын бири — айрым предметтерди жалаң кыргыз тилинде окутуу демилгеси. Бул сунуш азырынча талкууланып жатат жана келечекте карала турган маселе. Себеби алгач окуу китептерин чыгаруу жана мугалимдерди даярдоо зарыл. Бул реформанын качан ишке ашары азырынча белгисиз, балким 10 же 20 жылдан кийин болушу мүмкүн. Ал эми алдыдагы сентябрь айында мындай өзгөрүүлөр болору тууралуу кеп болгон эмес. Мен орус тилине каршы эмесмин. Орус тилине каршы чыгуу — Конституцияга каршы чыгуу дегенди билдирет. Эки тилде билим берүү — бул дүйнөлүк тажрыйба жана мындай ыкма тилди бат өздөштүрүүгө өбөлгө түзөт. Бул эч кандай басым эмес, тескерисинче, өз өлкөсүнүн активдүү жараны болууга, коомдук жана саясий чөйрөдө такшалууга берилген мүмкүнчүлүк. Дагы бир ирет баса белгилеп кетейин, биз мындай системага эртең же бүрсүгүнү эле өтө калбайбыз. Бул — чоң даярдыкты жана көптөгөн талкууларды талап кылган узак мөөнөттүү маселе”, — деди министр.Бишкекте көрүстөндөн алдын ала жер брондоо 150 миң сомдон ашып кетиши ыктымал. Калаа мэриясы иштеп чыккан көрүстөн брондоо боюнча токтом долбоору шаардык кеңештин кароосуна түштү. Ага ылайык, брондоонун наркы 150 миң 647 сомду түзөт. Баа эки бөлүктөн турат. Мыйзамда белгиленген эсептик көрсөткүч боюнча негизги төлөм 100 миң сом болсо, кошумча кызматтар үчүн 50 миң 647 сом алынат. Кошумча кызматка мүрзөнүн тегерек-четин карап, тосуу, тазалоо, жашылдандыруу, сугаруу, таштанды чыгаруу кирет. Эсептөө 10 чарчы метрлик бир участокту 10 жыл кароого ылайыктап жүргүзүлгөн. Негиздемеде бир участок боюнча бир жолку чыгым 23 миң 722 сом, 10 жылдык тейлөөгө 14 миң 711 сом, кошумча административдик жана чарбалык чыгым 7 миң 610 сом экени көрсөтүлгөн. Жалпы чыгым 46 миң 43 сомду түзүп, ага 10 пайыз рентабелдүүлүк кошулганда кошумча кызматтардын коэффициенти 50 миң 647 сом болуп чыккан.Венгрия премьер-министри Петер Мадьяр Евробиримдикке кирүү боюнча сүйлөшүүнүн 33 бөлүмүнүн баарын аткаруу үчүн Украинага дагы 10-15 жыл керек экенин билдирди. Бул тууралуу РИА Новости жазды. "Мөөнөт уюмга кире турган өлкөнүн жасаган ишинен көз каранды. Эгер Украина Евробиримдикке кошулуу боюнча сүйлөшүүлөрдү 10-15 жылдын ичинде соңуна чыгара алса, Венгрия юридикалык жактан зарыл болгон референдумду өткөрөт", — деп жазды Мадьяр.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/04/1101697668_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_79a807d731c3ecfb8b7983c50184b19f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио