https://sputnik.kg/20260605/1101723465.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү... 05.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-05T13:00+0600
2026-06-05T13:00+0600
2026-06-05T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/05/1101723299_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_44ceb49c755a4f9f8c7b88293de8d3f1.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Сыдыков бул кызматты экономика министринин кызматын айкалыштыруу менен аткарат. Ошондой эле ага үстүбүздөгү жылдын аягына чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамы берилет. Атайын өкүл санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялап, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле санкциялардын өлкө экономикасына тийгизген таасирин талдап, улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо боюнча сунуштарды даярдайт. Мындан тышкары, өкүлгө мамлекеттик органдардан маалымат суроо, ведомстволор аралык кеңешмелерди өткөрүү, жумушчу топторду түзүүнү демилгелөө жана санкциялык саясат боюнча өлкөнүн бирдиктүү позициясын эл аралык деңгээлде билдирүү укугу берилди.
Бишкекте кыргыз-беларус бизнес-форуму өтүүдө Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Минкаб төрагасы айыл чарба, туризм, энергетика жана жеңил өнөр жай тармагында Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү кеңири экенин белгиледи. Ал эми Беларусь премьери 2030-жылга чейин эки өлкөнүн соодасын 500 млн долларга жеткирүү милдети коюлганын айтып, бул үчүн натыйжалуу чаралар керек экенин билдирди. Александр Турчин ошондой эле Беларусь Кыргызстанды биргелешкен ишканаларды түзүүгө ылайыктуу өнөктөш катары карай турганын белгиледи. Форумдун жыйынтыгында жалпы 500 млн сомдук 20 келишимге кол коюлары күтүлүүдө.
Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин адистери атайын кызматтын имаратындагы спорт залга уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жарандарды чогултуп, профилактикалык маек өткөрүштү. Маалымдалгандай, ага жалпы 28 адам катышкан. Арасында каттоодо турган, мурда кылмыштуу топко мүчө болгондугу үчүн соттолгон жана кылмыш дүйнөсүндө белгилүү макамы бар адамдар бар экени айтылды. Чогулгандарга мыйзамдарды сактоо зарылдыгы түшүндүрүлүп, уюшкан кылмыштуу топторго кошулууга, курал сактоого жана мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүгө болбой турганы эскертилди. УКМКнын маалыматына ылайык, сүйлөшүүдөн кийин катышуучулар "уурулук түшүнүктөрдөн" жана криминалдык идеологиядан баш тартышканын билдиришкен.
Киев байлигинин башчысы Владимир Зеленский Россия президенти Владимир Путинге согушту бүтүрүү сунушун киргизди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал өзүнүн сайтына Россиянын лидерине жолдогон катын жарыялаган. Зеленский үчүнчү тарапта (өлкөдө) жолугууну жана сүйлөшүү жүрүп жатканда ок атышууну толугу менен токтотууну сунуштады. "Украина эки тараптын кепке келүүсүн сунуштайт. Киев аскердик туткундарды башма-баш принциби менен алмашуу зарыл деп эсептейт, бул согуштун аякташына олуттуу негиз салышы мүмкүн", — деп жазылган катта. Ал арада Россия президентинин маалымат катчысы Кремль Зеленскийдин катын көргөнүн, Путиндин кабары бар экендигин айтты. Песков эгерде Зеленский Путин менен жолугууну кааласа Москвага келсе болорун кошумчалады.
Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков президенттин санкциялык саясат жана санкциялык тобокелдиктерди минималдаштыруу маселелери боюнча атайын өкүлү болуп дайындалды. Тиешелүү жарлыкка Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, Сыдыков бул кызматты экономика министринин кызматын айкалыштыруу менен аткарат. Ошондой эле ага үстүбүздөгү жылдын аягына чейин министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары макамы берилет. Атайын өкүл санкциялык тобокелдиктерди азайтуу боюнча мамлекеттик органдардын ишин координациялап, эл аралык өнөктөштөр менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзөт. Ошондой эле санкциялардын өлкө экономикасына тийгизген таасирин талдап, улуттук экономикалык кызыкчылыктарды коргоо боюнча сунуштарды даярдайт. Мындан тышкары, өкүлгө мамлекеттик органдардан маалымат суроо, ведомстволор аралык кеңешмелерди өткөрүү, жумушчу топторду түзүүнү демилгелөө жана санкциялык саясат боюнча өлкөнүн бирдиктүү позициясын эл аралык деңгээлде билдирүү укугу берилди. Бишкекте кыргыз-беларус бизнес-форуму өтүүдө Иш-чарага эки өлкөнүн мамлекеттик органдарынын жана бизнес чөйрөсүнүн өкүлдөрү катышууда. Минкаб төрагасы айыл чарба, туризм, энергетика жана жеңил өнөр жай тармагында Кыргызстандын мүмкүнчүлүктөрү кеңири экенин белгиледи. Ал эми Беларусь премьери 2030-жылга чейин эки өлкөнүн соодасын 500 млн долларга жеткирүү милдети коюлганын айтып, бул үчүн натыйжалуу чаралар керек экенин билдирди. Александр Турчин ошондой эле Беларусь Кыргызстанды биргелешкен ишканаларды түзүүгө ылайыктуу өнөктөш катары карай турганын белгиледи. Форумдун жыйынтыгында жалпы 500 млн сомдук 20 келишимге кол коюлары күтүлүүдө.Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин адистери атайын кызматтын имаратындагы спорт залга уюшкан кылмыштуу топторго тиешеси бар жарандарды чогултуп, профилактикалык маек өткөрүштү. Маалымдалгандай, ага жалпы 28 адам катышкан. Арасында каттоодо турган, мурда кылмыштуу топко мүчө болгондугу үчүн соттолгон жана кылмыш дүйнөсүндө белгилүү макамы бар адамдар бар экени айтылды. Чогулгандарга мыйзамдарды сактоо зарылдыгы түшүндүрүлүп, уюшкан кылмыштуу топторго кошулууга, курал сактоого жана мамлекеттик органдардын ишине кийлигишүүгө болбой турганы эскертилди. УКМКнын маалыматына ылайык, сүйлөшүүдөн кийин катышуучулар "уурулук түшүнүктөрдөн" жана криминалдык идеологиядан баш тартышканын билдиришкен.Киев байлигинин башчысы Владимир Зеленский Россия президенти Владимир Путинге согушту бүтүрүү сунушун киргизди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Ал өзүнүн сайтына Россиянын лидерине жолдогон катын жарыялаган. Зеленский үчүнчү тарапта (өлкөдө) жолугууну жана сүйлөшүү жүрүп жатканда ок атышууну толугу менен токтотууну сунуштады. "Украина эки тараптын кепке келүүсүн сунуштайт. Киев аскердик туткундарды башма-баш принциби менен алмашуу зарыл деп эсептейт, бул согуштун аякташына олуттуу негиз салышы мүмкүн", — деп жазылган катта. Ал арада Россия президентинин маалымат катчысы Кремль Зеленскийдин катын көргөнүн, Путиндин кабары бар экендигин айтты. Песков эгерде Зеленский Путин менен жолугууну кааласа Москвага келсе болорун кошумчалады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/05/1101723299_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_44db209bc29c0083d2f0ec9bcdec2dd7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио