https://sputnik.kg/20260605/1101720207.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Студенттер үчүн жаңы программа: Жатаканалар курулуп, ички авиакаттамдар каржыланат Путин Борбордук Азия дүйнө коомчулугунун кызыгуусун улам арттырып жатканын... 05.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-05T11:00+0600
2026-06-05T11:00+0600
2026-06-05T11:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/05/1101720041_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_06ead99b9b59be4a60bbe910ab3d53b0.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Sputnik Кыргызстан
Студенттер үчүн жаңы программа: Жатаканалар курулуп, ички авиакаттамдар каржыланат Путин Борбордук Азия дүйнө коомчулугунун кызыгуусун улам арттырып жатканын айттыКыргызстан БУУда санкцияларды киргизүү тартибин өзгөртүүнү сунуштайт Президент Садыр Жапаров өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайлангандан кийин уюмду реформалоо боюнча сунуштарын киргизерин билдирди. Бул туурасында ал "Кабар" агенттигине берген интервьюсунда айтты. Мамлекет башчы кайсы бир мамлекетке каршы санкция киргизүү зарыл болсо, бул маселе БУУнун алкагында каралып, чечим уюм тарабынан гана кабыл алынышы керектигин баса белгиледи. "Ошондуктан биз БУУнун Уставына кошумчаларды киргизүү боюнча сунуш беребиз. БУУнун кандай гана чечимдери болбосун, 100 пайыз аткарылууга тийиш. Ар бир мамлекет өзүм билемдик менен башаламандык кыла беришти токтотуш керек. Кайсы бир мамлекетке санкция киргизе турган болсо БУУда каралып, БУУнун чечими менен санкция киргизиш керек. Өзүм билемдик менен эле каалаган мамлекет башка бир мамлекетке санкция киргизе берген башаламан жашоо токтошу зарыл. Мына ушундай жана башка дагы толтура өзгөртүүлөр боюнча сунуштар болот", — деди Жапаров. Президент ошондой эле айрым өлкөлөрдүн башка мамлекеттерге өз алдынча санкция киргизүү практикасын токтотуу зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, мындай чечимдер эл аралык уюмдун деңгээлинде кабыл алынышы керек. Жапаров Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин жөнгө салууда демилге көтөрүп, өлкөнүн Борбор Азияда тынчтыкты бекемдөөгө салым кошкону БУУ үчүн күтүүсүз болгонун айтты.
Эми элчи болуу үчүн кеминде 10 жылдык тажрыйба талап кылынат Садыр Жапаров “КРдин дипломатиялык кызматы жөнүндө” мыйзамга кол койду. Анда кадрларга коюлган талаптар күчөтүлгөн. Алсак, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилигине дипломатиялык органдарда эл аралык мамилелер багытында 10 жылдык иш тажрыйбасы бар жарандар дайындалат. Өзгөчө учурларда мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон жарандардын талапкерлиги да каралышы мүмкүн.
Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, студенттердин башка аймактарга барып билим алышын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп белгиленди. Минкабга гранттарды бөлүштүрүү, программага катышкан студенттерге стипендия төлөө жана ички авиакаттамдарды каржылоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле кеминде 9 миң студентке ылайыкталган жатаканаларды куруу пландалууда. Жатаканалар спорт аянтчалары, ашканалар жана окуу борборлору менен камсыздалат.
Борбордук Азия дүйнө коомчулугунун көңүлүн барган сайын көбүрөөк буруп жаткандыгын РФ президенти Владимир Путин ПЭЭФтин алкагында журналисттер менен жолукканда айтты. Ал иш-чарага катышкан "Кабар" агенттигинин директору Медербек Шерметалиев Путинден Бишкекте өтө турган ШКУнун алдыдагы саммити тууралуу пикирин сурады. "Бүгүнкү күндө ШКУда 27 мамлекет бар. Экономикалык интеграция боюнча олуттуу иштер жүрүп жатат. Борбордук Азия өзүнүн бай ресурстары, кеңири аймагы жана өсүп жаткан калкы менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн барган сайын көбүрөөк бурууда. Мунун башкы себеби — аймактын экономикалык дараметинин жогору экендиги", — деди Путин. Ал уюмда жасалган иштердин бардыгы Россия үчүн да, калган бардык өнөктөштөр үчүн да кызыгууну жаратарын белгиледи. "Андыктан, кыргыз досторго албетте, ийгилик каалайбыз. Бул маанилүү иш-чараны ийгиликтүү өткөрүп алышына ар тараптан көмөктөшөбүз", — деди РФ лидери.
Студенттер үчүн жаңы программа: Жатаканалар курулуп, ички авиакаттамдар каржыланат Путин Борбордук Азия дүйнө коомчулугунун кызыгуусун улам арттырып жатканын айттыКыргызстан БУУда санкцияларды киргизүү тартибин өзгөртүүнү сунуштайт Президент Садыр Жапаров өлкө БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу эмес мүчөсү болуп шайлангандан кийин уюмду реформалоо боюнча сунуштарын киргизерин билдирди. Бул туурасында ал "Кабар" агенттигине берген интервьюсунда айтты. Мамлекет башчы кайсы бир мамлекетке каршы санкция киргизүү зарыл болсо, бул маселе БУУнун алкагында каралып, чечим уюм тарабынан гана кабыл алынышы керектигин баса белгиледи. "Ошондуктан биз БУУнун Уставына кошумчаларды киргизүү боюнча сунуш беребиз. БУУнун кандай гана чечимдери болбосун, 100 пайыз аткарылууга тийиш. Ар бир мамлекет өзүм билемдик менен башаламандык кыла беришти токтотуш керек. Кайсы бир мамлекетке санкция киргизе турган болсо БУУда каралып, БУУнун чечими менен санкция киргизиш керек. Өзүм билемдик менен эле каалаган мамлекет башка бир мамлекетке санкция киргизе берген башаламан жашоо токтошу зарыл. Мына ушундай жана башка дагы толтура өзгөртүүлөр боюнча сунуштар болот", — деди Жапаров. Президент ошондой эле айрым өлкөлөрдүн башка мамлекеттерге өз алдынча санкция киргизүү практикасын токтотуу зарылдыгын белгиледи. Анын пикиринде, мындай чечимдер эл аралык уюмдун деңгээлинде кабыл алынышы керек. Жапаров Кыргызстан коңшу мамлекеттер менен чек ара маселелерин жөнгө салууда демилге көтөрүп, өлкөнүн Борбор Азияда тынчтыкты бекемдөөгө салым кошкону БУУ үчүн күтүүсүз болгонун айтты.Эми элчи болуу үчүн кеминде 10 жылдык тажрыйба талап кылынат Садыр Жапаров “КРдин дипломатиялык кызматы жөнүндө” мыйзамга кол койду. Анда кадрларга коюлган талаптар күчөтүлгөн. Алсак, чет өлкөлөрдөгү дипломатиялык өкүлчүлүктөрдүн жетекчилигине дипломатиялык органдарда эл аралык мамилелер багытында 10 жылдык иш тажрыйбасы бар жарандар дайындалат. Өзгөчө учурларда мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон жарандардын талапкерлиги да каралышы мүмкүн. Садыр Жапаров кол койгон жарлыкка ылайык, студенттердин башка аймактарга барып билим алышын колдоо мамлекеттик саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири болуп белгиленди. Минкабга гранттарды бөлүштүрүү, программага катышкан студенттерге стипендия төлөө жана ички авиакаттамдарды каржылоо боюнча механизмдерди иштеп чыгуу тапшырылды. Ошондой эле кеминде 9 миң студентке ылайыкталган жатаканаларды куруу пландалууда. Жатаканалар спорт аянтчалары, ашканалар жана окуу борборлору менен камсыздалат.Борбордук Азия дүйнө коомчулугунун көңүлүн барган сайын көбүрөөк буруп жаткандыгын РФ президенти Владимир Путин ПЭЭФтин алкагында журналисттер менен жолукканда айтты. Ал иш-чарага катышкан "Кабар" агенттигинин директору Медербек Шерметалиев Путинден Бишкекте өтө турган ШКУнун алдыдагы саммити тууралуу пикирин сурады. "Бүгүнкү күндө ШКУда 27 мамлекет бар. Экономикалык интеграция боюнча олуттуу иштер жүрүп жатат. Борбордук Азия өзүнүн бай ресурстары, кеңири аймагы жана өсүп жаткан калкы менен дүйнөлүк коомчулуктун көңүлүн барган сайын көбүрөөк бурууда. Мунун башкы себеби — аймактын экономикалык дараметинин жогору экендиги", — деди Путин. Ал уюмда жасалган иштердин бардыгы Россия үчүн да, калган бардык өнөктөштөр үчүн да кызыгууну жаратарын белгиледи. "Андыктан, кыргыз досторго албетте, ийгилик каалайбыз. Бул маанилүү иш-чараны ийгиликтүү өткөрүп алышына ар тараптан көмөктөшөбүз", — деди РФ лидери.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/05/1101720041_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_183376d191a0aa9880367162948e36b8.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио