https://sputnik.kg/20260604/1101709227.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Дипломатиялык кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, кадрларга коюлган талаптар күчөтүлдү. Мисалы, элчи жана... 04.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-04T17:00+0600
2026-06-04T17:00+0600
2026-06-04T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/04/1101709060_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_94ea144cd8ba4bd9831517b791b7c499.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Президент Садыр Жапаров "Дипломатиялык кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, кадрларга коюлган талаптар күчөтүлдү. Мисалы, элчи жана туруктуу өкүл кызматтарына дайындоо үчүн талапкерлер кеминде 10 жыл дипломатиялык же эл аралык кызматта иштеген болушу керек. Өзгөчө учурларда мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон жарандардын талапкерлиги да каралышы мүмкүн. Консулдук уставды бекитүү президенттин ыйгарым укугуна өтөт, мамлекеттик органдардын тышкы саясаттагы өз ара иштешүү тартиби да мамлекет башчысынын чечими менен аныкталат. Ошондой эле дипломатиялык кызматтын функциялары кеңейип, чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамиле түзүү боюнча сунуштарды президентке киргизүү тартиби такталды. Башкы консулдарды дайындоо тартиби өзгөртүлүп, алар тышкы иштер министри тарабынан президент менен макулдашуу аркылуу дайындалат. Мындан тышкары, дипломатиялык рангдан ажыратуу мүмкүнчүлүгү киргизилип, кызматкерлер мыйзам бузса ар кандай жоопкерчиликке тартылары белгиленди.
Президент Садыр Жапаров студенттердин өлкө ичиндеги ар кайсы аймактарда окуусуна шарт түзгөн жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эми студент башка шаарга окууга барса, мамлекет аны колдоого аракет кылат. Тагыраагы, атайын программа иштелип чыгып, студенттерге стипендия берүү, жол чыгымын жабуу жана жатаканалар менен камсыздоо каралат. Айрыкча ички аба каттамдары менен жүрүү маселеси да каралууда. Мындан тышкары, өлкө боюнча кеминде 9000 студентке ылайыкталган жатаканаларды этап-этабы менен куруу пландалууда. Алар жашоого ыңгайлуу болуп, спорт аянтчалары, ашкана жана окуу борборлору менен жабдылат. Бул демилге өлкө ичинде студенттердин эркин окуусуна шарт түзүп, региондор арасындагы билим берүү теңсиздигин азайтууга багытталган.
Бишкектеги ШКУ көргөзмөсүндө Кыргызстанда жасалган, баасы 15 миллион сомдон башталган жолтандабас көрсөтүлдү. Бул техниканы Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен компаниясы жасаган. Чынжыр тамандуу транспорт адамдарды, жабдыктарды ташууга жана жолу жок, барууга кыйын болгон аймактарда тапшырмаларды аткарууга ылайыкталган. Ошону менен бирге айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ичинде бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Иштеп чыгуучулардын айтымында, техника бир ирет күйүүчү май куюлган бойдон 500 чакырымга чейин жол жүрүүгө жөндөмдүү. Ошондой эле жолтандабас туурасы 2,8 метрлик аңдардан жана бийиктиги 1,1 метрге жеткен тик тоскоолдуктардан оңой өтө алат. Машина туманда, кар жааганда жана куткаруу иштерин жүргүзүүдө даана көрүнүп турушу үчүн саргыч түскө сырдалган.
Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, "Өсөр" шахтасында газ чыгып, 23 жана 66 жаштагы эки кенчи ууланган. ӨКМдин тоо-кен куткаруучулары окуя болгон жерге барып, шахтанын ичинен эки жумушчуну алып чыгышкан. Бирок дарыгерлер алардын газга ууланып каза болгонун аныкташкан. Учурда кырсыктын себептери такталууда. ӨКМ жыл башынан бери Баткенде шахталарда беш киши газга ууланып көз жумганын белгиледи.
Президент Садыр Жапаров "Дипломатиялык кызмат жөнүндө" мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизди. Ага ылайык, кадрларга коюлган талаптар күчөтүлдү. Мисалы, элчи жана туруктуу өкүл кызматтарына дайындоо үчүн талапкерлер кеминде 10 жыл дипломатиялык же эл аралык кызматта иштеген болушу керек. Өзгөчө учурларда мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошкон жарандардын талапкерлиги да каралышы мүмкүн. Консулдук уставды бекитүү президенттин ыйгарым укугуна өтөт, мамлекеттик органдардын тышкы саясаттагы өз ара иштешүү тартиби да мамлекет башчысынын чечими менен аныкталат. Ошондой эле дипломатиялык кызматтын функциялары кеңейип, чет мамлекеттер менен дипломатиялык мамиле түзүү боюнча сунуштарды президентке киргизүү тартиби такталды. Башкы консулдарды дайындоо тартиби өзгөртүлүп, алар тышкы иштер министри тарабынан президент менен макулдашуу аркылуу дайындалат. Мындан тышкары, дипломатиялык рангдан ажыратуу мүмкүнчүлүгү киргизилип, кызматкерлер мыйзам бузса ар кандай жоопкерчиликке тартылары белгиленди.Президент Садыр Жапаров студенттердин өлкө ичиндеги ар кайсы аймактарда окуусуна шарт түзгөн жарлыкка кол койду. Ага ылайык, эми студент башка шаарга окууга барса, мамлекет аны колдоого аракет кылат. Тагыраагы, атайын программа иштелип чыгып, студенттерге стипендия берүү, жол чыгымын жабуу жана жатаканалар менен камсыздоо каралат. Айрыкча ички аба каттамдары менен жүрүү маселеси да каралууда. Мындан тышкары, өлкө боюнча кеминде 9000 студентке ылайыкталган жатаканаларды этап-этабы менен куруу пландалууда. Алар жашоого ыңгайлуу болуп, спорт аянтчалары, ашкана жана окуу борборлору менен жабдылат. Бул демилге өлкө ичинде студенттердин эркин окуусуна шарт түзүп, региондор арасындагы билим берүү теңсиздигин азайтууга багытталган.Бишкектеги ШКУ көргөзмөсүндө Кыргызстанда жасалган, баасы 15 миллион сомдон башталган жолтандабас көрсөтүлдү. Бул техниканы Кыргызстан менен Россиянын биргелешкен компаниясы жасаган. Чынжыр тамандуу транспорт адамдарды, жабдыктарды ташууга жана жолу жок, барууга кыйын болгон аймактарда тапшырмаларды аткарууга ылайыкталган. Ошону менен бирге айдоочулар жана жүргүнчүлөр үчүн ичинде бардык ыңгайлуу шарттар түзүлгөн. Иштеп чыгуучулардын айтымында, техника бир ирет күйүүчү май куюлган бойдон 500 чакырымга чейин жол жүрүүгө жөндөмдүү. Ошондой эле жолтандабас туурасы 2,8 метрлик аңдардан жана бийиктиги 1,1 метрге жеткен тик тоскоолдуктардан оңой өтө алат. Машина туманда, кар жааганда жана куткаруу иштерин жүргүзүүдө даана көрүнүп турушу үчүн саргыч түскө сырдалган. Баткен облусунун Сүлүктү шаарында шахтада эки адам каза болду. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалымдалгандай, "Өсөр" шахтасында газ чыгып, 23 жана 66 жаштагы эки кенчи ууланган. ӨКМдин тоо-кен куткаруучулары окуя болгон жерге барып, шахтанын ичинен эки жумушчуну алып чыгышкан. Бирок дарыгерлер алардын газга ууланып каза болгонун аныкташкан. Учурда кырсыктын себептери такталууда. ӨКМ жыл башынан бери Баткенде шахталарда беш киши газга ууланып көз жумганын белгиледи.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/04/1101709060_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_391741d82596328478653a9e6f53e291.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио