00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Көз мончок
Өлүмгө алып барган түтүн: эмне үчүн тамеки кыргызстандыктардын саламаттыгына эң чоң коркунучтардын бири бойдон калууда
17:08
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
Документы, хроника и обвиняемые - историк о Нюрнбергском процессе и его уроках для современности
18:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
“Миллионер” — күлкү, эмоция жана чыныгы жашоону көрсөткөн тасма
19:07
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
7 мин
Будь в курсе
Концерты и флешмобы больше не работают - представители УрФУ о том, как на самом деле строить молодёжную политику
20:08
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кыргызстан аялдары конгрессинин билим берүү программаларынын бүтүрүүчүлөрүн колдоо иши кандай ишке ашууда?
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Шахмат мамлекеттик социалдык саясаттын артыкчылыктуу багыттарынын бири катары аныкталды. Президент Садыр Жапаров шахматты өнүктүрүү боюнча жарлыкка кол койду. Ага ылайык, Кыргыз шахмат союзуна караштуу Шахматты өнүктүрүү фонду түзүлөт. Фонддун уставы эки жуманын ичинде даярдалып, бекитүүгө сунушталышы керек. Жарлыктын алкагында өлкөдөгү 500 мектепте 3-5-класстардын окуучулары үчүн "Мектептердеги шахмат" сынамык долбоору ишке киргизилет. Анын алкагында шахмат ийримдери уюштурулуп, мугалимдер даярдалып, долбоордун жыйынтыгы 10 айдан кийин бааланат. Эгер долбоор ийгиликтүү деп табылса, кийин аны өлкөдөгү башка мектептерге да жайылтуу мүмкүнчүлүгү каралышы ыктымал. Ошондой эле жыл сайын Кыргыз шахмат союзунун сунушу менен "Жылдын мыкты шахматчысы" жана "Шахмат боюнча жылдын мыкты машыктыруучусу" деп аталган президенттик атайын сыйлыктар ыйгарылып турат. Документ шахматты калк арасында кеңири жайылтууга жана өлкөдө шахматчыларды даярдоонун натыйжалуу системасын түзүүгө багытталганы айтылды.
Индиядагы өрттөн каза болгон үч кыргызстандык бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Индиядагы элчи Аскар Бешимов билдирди. Кечээ Нью-Дели шаарында мейманканада чыккан өрттөн 21 адам набыт болгон, арасында Кыргызстандын үч жараны да бар экени айтылган. Элчинин айтымында, алар Индияга боор алмаштыруу операциясы үчүн барып, эки айдан бери дарыланып жатышкан. Каза болгондор 50 жаштагы аял, ага донор болгон 23 жаштагы уулу жана экөөнү караш үчүн барган аялдын 76 жаштагы энеси болгон. "Операция жасалган. Дарыланып бүтүп, бир жуманын ичинде мекенине кайтышмак экен. Учурда окуяны полиция териштирип жатат. Тиешелүү органдар уруксат бериши керек. Ошол багытта иштер жүрүүдө. Туугандары менен байланыштабыз. Сөөктөрдү мекенге алып келүү боюнча иштер жүргүзүлүп жатат", — деди Бешимов.
Улуттук банк рублдин курсу эмнеден улам көтөрүлүп жатканын түшүндүрүп берди. Апрелдин башында рублдин курсу 1,07 сомду түзсө, бүгүн дээрлик 1,2 сомго жетти. Улуттук банктын маалыматына ылайык, рублдин бекемделишине Жакынкы Чыгыштагы жаңжал себеп: күйүүчү май кымбаттап, Россия башында турган экспортчу өлкөлөрдүн кирешеси көбөйүүдө. Бул өз кезегинде Россияда эмгектенген жүз миңдеген кыргызстандыктын кирешесин жогорулатты. Андан тышкары, өз продукциясын Россиянын рыногуна экспорттогон кыргызстандык өндүрүүчүлөр үчүн да пайдалуу болууда.
АКШ администрациясы Россияга каршы жаңы санкциялар боюнча мыйзам долбоорун иштеп чыгууда. Бул тууралуу америкалык мамлекеттик катчы Марко Рубио айтканын РИА Новости жазды. "Ак үйдүн юридикалык башкармалыгы сенатор Грэмдин* кеңсеси менен мыйзам долбоору боюнча иштеп жатат. Президент маанилүү нерселерди белгилеп, макулдугун берген деталдар такталууда", — деди саясатчы. Анын айтымында, Россиянын мунайын сатууга лицензия берилгенине карабастан санкциялык саясат ошол бойдон калат. Грэм жаңы санкциялардын пакетин "эки партия тең колдоп", кабыл алынарына аз калганын белгилеген. Өткөн айдын ортосунда Вашингтон танкерлерге жүктөлгөн россиялык нефтини сатуу боюнча операциялардын мөөнөтүн кайрадан узарткан. Лицензия мартта бериле баштап, апрелде да кайталанган. АКШнын Финансы министрлиги муну Жакынкы Чыгыштагы абалдын курчушунан улам дүйнөлүк рыноктогу кырдаалды жеңилдетүү аракети менен түшүндүргөн. Башкача айтканда, мунайдын ири көлөмү транзитте туруп калгандыктан баанын кескин көтөрүлүп кетишине жол бербеш үчүн жасалган.
Жаңылыктар түрмөгү
0