"Жердин жети кабатынан келген" австралиялык кыргыз Газиз ата. 75 жыл өтүп көргөн Ата Журт
"Жердин жети кабатынан келген" австралиялык кыргыз Газиз ата. 75 жыл өтүп көргөн Ата Журт
Sputnik Кыргызстан
1992-жылдын августунда Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы өтүп, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан кандаштар келген. Арасында Австралиянын жараны, 80... 28.03.2026, Sputnik Кыргызстан
"Учактан түшөрү менен кандаштар аэропорттун асфальтын өөп, сүйлөгөнгө дарманы келбей солкулдап ыйлап жатышты..." Бул — канча бир жылдан кийин өз элин, өз жерин көрүү бактысы буюрган кыргыздарды тосуп алгандардын жазганы. Курултайга чогулган аксакалдардын айрымдары 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин жер оодарып кетсе, кээси Улуу Ата Мекендик согуштан кийин чет өлкөдөн баш паанек тапкан. Биз кеп кыла турган Газиз Айтувар Түп районунун Арал айылында туулган. 1916-жылкы Үркүндө ата-энеси алты жаштагы кызы менен үч жаштагы Газизди алып, Кытайга качкан. 75 жылдан кийин кыргыз жерин көргөн Газиз ата курултайда "Жердин жетинчи кабаты Австралиядан келдим" деп көпчүлүктү таң калтырган. Ысык-Көлдөн Кулжага, андан ары Австралияга барып туруп калган карыянын тарыхын бир тууган иниси Абдылданын кызы Чолпон жана өзүнүн келини Жийдегүл Айтуваровалар айтып берип, "биздин бүлөнүн тагдыры аркылуу кыргыз элинин тарыхынын бир бөлүгү чагылдырылган" дешти. Алар менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен. — Үй-бүлөңүздөрдүн тарыхы абдан кызык экен. Үркүндөн кийин кайра Кыргызстанга кайтышкан эмес экен да? Чолпон Абдылдаева: — Үркүнгө чейин чоң атам Сарыбайдын бүлөсү Түптүн Арал айылында жашачу экен. Чоң энем Ак-Суу районунун Боз-Учук кыштагынан. 1916-жылы Кытайдын Иле-Казак автоном облусунун борбору Кулжа шаарына (кытайча аты Инин) качышат. Ошондо эжебиз алты жашта, Газиз атам үч жашта экен. 1917-жылы Октябрь революциясынан кийин чоң атам Кыргызстанга кайтпаптыр, чоң энем экөө Кулжадан орун-очок алып, дагы төрт уулдуу болушат. 1927-жылы менин атам Абдылда, андан кийин Абдылхамит менен Абдрахман байкелерим төрөлөт. Чоң атам менен чоң энемдин сөөгү Кулжага коюлган. Атам Абдылда кытай армиясында кызмат өтөп, капитан наамын алат, ошондой эле Үрүмчүдө консерваторияны аяктайт. Чыгармачыл адам болчу, пианинодо ойночу. Иниси Абдылхамит да Кытайдын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Тилекке каршы, эрте көзү өтүп кетиптир. Анын да сөөгү Кулжада. Жийдегүл Айтуроварова: — Газиз Айтувар — кайнатам, тун уулу Хамид менин жолдошум. Атабыз бала кезинен зирек экен. Кулжадан орто мектепти бүтүп, жогорку окуу жайды да аяктаган. Ал эми кайненем Халима татар элинин кызы болчу. Эки уул, үч кыздуу болушат. 1920-жылдары Синьцзянга Совет мамлекетиндеги жарандык согуштун кесепетинен көп татар качып, Кулжада алардын жамааты түптөлгөн экен. Өкмөттүк жумушта иштеп, атам жергиликтүү кыргыз, уйгур, дунган, татар, казактарга көп жардам бериптир. Туугандарын окутуп, аларга жөлөк болуптур. — Бирок акыры туугандарыңыздан Кыргызстанга көчүп келгендер болгон экен да. Ч.А.: — Кезинде чоң энем балдарына Ата Мекениңер — ыйык Ысык-Көл, Кыргызстанга көчүп кеткиле деп керээз айтыптыр. 1961-жылы атам Абдылда Үрүмчүдөн үй-бүлөсү менен Чолпон-Атага көчөт. Ал иниси Абдылхамиттин уулу Назарды жана жээни Токсунбекти ала келет. Ошол жылы мен Чолпон-Атада төрөлүп, атым Чолпон деп коюлган. Бир жылдан кийин атамдын иниси Абдрахман үй-бүлөсү менен Кулжадан Фрунзеге көчүп келген. Ал Газиз атамдын улуу баласын, 15 жаштагы Хамидди ала келет. Атам Абдылда чыгармачыл инсан болгон дебедимби, белгилүү композитор Абдылас Малдыбаев "борборго келип биз менен чогуу иштеш, чыгармачылыгыңды улант" деп чакырган экен. Бирок атам макул болбой коюптур. Өмүрүнүн аягына чейин Чолпон-Атанын молдосу болду. Абдрахман байкем борбор калаадагы курулушчулар бейтапканасында, Жал кичи районундагы ооруканада адамдарга ийне сайып (иглотерапевт — ред.) дарылап иштеди. Токсунбек байкем Фрунзе медициналык институтун аяктаган. Караколдо шаардык жугуштуу илдеттер ооруканасында эмгектенип жүргөн учурда жол кырсыгына кабылып каза болду. Назар байкемдин да көзү өтүп кетти. Ж.А.: — Ыраматылык жолдошум Хамид Кытайдан көчүп келгенден кийин энеси менен көрүшкөн жок. Апасы 51 жашында каза болуп, сөөгү Кулжада коюлуптур. Күйөөм СССРге көчүп келгенде Алматыдагы таежелери көп жардам беришкен. СССРдин армиясында кызмат өтөп, Союздун комсомолдук курулуштарында эмгектенген. Андан соң борбор калаадагы ЖБИнин заводунда иштеп пенсияга чыкты. Энесин узата албай калганы чоң арманы эле. Эки уул, бир кыздуу болдук. Мен Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн алдындагы атайын ооруканада медайым болуп иштедим. — Газиз ата анан Автсралияга көчүп кеткен турбайбы? — 1984-жылы уулу Ахат, кызы Софья менен Кытайдан Австралиянын Аделаида шаарына көчүп кеткен экен. Ага 1960-жылдары Кулжадан Австралияга кеткен татар жамааты жардам бериптир. Кулжада университетте мугалим болуп эмгектенген кайним Ахат Австралияга көчүп баргандан кийин заводдо иштеген. Азыр 79 жашта. Анын аялы да кытайлык кыргыз. Софья Кулжада почтада иштечү. Австралияда башка тармакка кирди. Кайнатам ал жерден Меккеге барган. Кийин 1990-жылдардын ортосунда дагы бир кызы Сүйүнбике да Аделаида калаасына көчүп барган эле, каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлду. — Газиз ата алгачкы ирет Кыргызстанга кайсы жылы келди? Ж.А.: — 1989-жылы биринчи жолу уулу Ахат менен Австралиядан Москва аркылуу келген. Бир туугандары Абдылда, Абдрахман, уулу Хамид менен 28 жылдан кийин жолугушту. Мен да атамды ошондо биринчи жолу көрдүм. Бирок анда Ысык-Көлгө бара алган жок, өкмөт уруксат бербей койгон. Ал кезде Көл кылаасы чек ара аймагы болгондуктан чет өлкөлүк меймандар атайын уруксат менен гана кирчү. 1992-жылы өкмөт атамды Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайына чакырып, ошентип экинчи ирет учуп келди. Аны кичүү уулум Нурлан коштоп жүрдү. Курултай улуттук филармонияда өткөн. "Мен дүйнөнүн жетинчи кабаты Австралиядан келдим" деп атам элдин баарын таң калтырган. Курултай бүткөн соң өкмөт келген кандаштарды "Ата-Бейит" менен Буранага алып барып, андан кийин Чолпон-Атага алып келишкен. Атам Ысык-Көлгө жүзүн жууп, бата кылып, көзүнөн жашы аккан эле. Бул тарыхый окуя боюнча "Кыргызфильм" "Ата Журт" деп аталган даректүү тасма тарткан. Атам "эркиндик алган элимдин алгачкы курултайынын демилгеси менен туугандарымды, жакындарымды көрүүгө мүмкүнчүлүк алып турам. Касиетиңден айланайын, куттуу Көлүм, сенин туздуу сууңду жүзүмө сүртүп отурам, эми көз жумсам эч арманым жок" деп Чолпон-Атадан ары туулган айылы Аралга барган. Ошонтип киндик каны тамган жерин 76 жылдан кийин көрдү... Айылдаштары абдан жакшы тосуп алып, атамдын төбөсү көккө жете сүйүнгөн. Абдан адамгерчиликтүү, сыпаа, ак сөөк киши эле. 1993-1994-жылдары биз менен кыштады. Анан Алматыда кайындарында бир кыштады. 1995-жылы күздө Кулжага барып, ошол жактан көз жумду. Сөөгү ата-энесинин жанына коюлду. Биз да 1990-жылдардын аягында алгачкы ирет Кытайдын Иле-Казак автоном облусуна барып, туугандар менен жолуктук. Жолдошум 40 жылга жакын убакыттан кийин энесинин мүрзөсүнө барып, зыярат кылды. Мени Синьцзяндагы кандаштардын кыргызча так сүйлөгөнү жана каада-салтты аярлык менен сактаганы суктандырды. 2000-жылдардын башында күйөөм экөөбүз Австралиянын Аделаида шаарындагы туугандарга барып, эки ай конок болуп келдик. 2008-жылы кайнагам Абдылда каза болду. Ошол жылы кайын сиңдим Софья Чолпон-Атага келип, куран окутуп кеткен. Австралиядагы туугандар менен такай кабарлашып турабыз.
1992-жылдын августунда Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк биринчи курултайы өтүп, ага дүйнөнүн булуң-бурчунан кандаштар келген. Арасында Австралиянын жараны, 80 жаштагы Сарыбай уулу Газиз Айтувар ата да бар эле.
"Учактан түшөрү менен кандаштар аэропорттун асфальтын өөп, сүйлөгөнгө дарманы келбей солкулдап ыйлап жатышты..." Бул — канча бир жылдан кийин өз элин, өз жерин көрүү бактысы буюрган кыргыздарды тосуп алгандардын жазганы. Курултайга чогулган аксакалдардын айрымдары 1917-жылдагы Октябрь революциясынан кийин жер оодарып кетсе, кээси Улуу Ата Мекендик согуштан кийин чет өлкөдөн баш паанек тапкан. Биз кеп кыла турган Газиз Айтувар Түп районунун Арал айылында туулган. 1916-жылкы Үркүндө ата-энеси алты жаштагы кызы менен үч жаштагы Газизди алып, Кытайга качкан. 75 жылдан кийин кыргыз жерин көргөн Газиз ата курултайда "Жердин жетинчи кабаты Австралиядан келдим" деп көпчүлүктү таң калтырган. Ысык-Көлдөн Кулжага, андан ары Австралияга барып туруп калган карыянын тарыхын бир тууган иниси Абдылданын кызы Чолпон жана өзүнүн келини Жийдегүл Айтуваровалар айтып берип, "биздин бүлөнүн тагдыры аркылуу кыргыз элинин тарыхынын бир бөлүгү чагылдырылган" дешти. Алар менен колумнист Алмаз Батилов маектешкен.
— Үй-бүлөңүздөрдүн тарыхы абдан кызык экен. Үркүндөн кийин кайра Кыргызстанга кайтышкан эмес экен да?
Чолпон Абдылдаева: — Үркүнгө чейин чоң атам Сарыбайдын бүлөсү Түптүн Арал айылында жашачу экен. Чоң энем Ак-Суу районунун Боз-Учук кыштагынан. 1916-жылы Кытайдын Иле-Казак автоном облусунун борбору Кулжа шаарына (кытайча аты Инин) качышат. Ошондо эжебиз алты жашта, Газиз атам үч жашта экен. 1917-жылы Октябрь революциясынан кийин чоң атам Кыргызстанга кайтпаптыр, чоң энем экөө Кулжадан орун-очок алып, дагы төрт уулдуу болушат. 1927-жылы менин атам Абдылда, андан кийин Абдылхамит менен Абдрахман байкелерим төрөлөт. Чоң атам менен чоң энемдин сөөгү Кулжага коюлган. Атам Абдылда кытай армиясында кызмат өтөп, капитан наамын алат, ошондой эле Үрүмчүдө консерваторияны аяктайт. Чыгармачыл адам болчу, пианинодо ойночу. Иниси Абдылхамит да Кытайдын Куралдуу күчтөрүндө кызмат өтөгөн. Тилекке каршы, эрте көзү өтүп кетиптир. Анын да сөөгү Кулжада.
Жийдегүл Айтуроварова: — Газиз Айтувар — кайнатам, тун уулу Хамид менин жолдошум. Атабыз бала кезинен зирек экен. Кулжадан орто мектепти бүтүп, жогорку окуу жайды да аяктаган. Ал эми кайненем Халима татар элинин кызы болчу. Эки уул, үч кыздуу болушат. 1920-жылдары Синьцзянга Совет мамлекетиндеги жарандык согуштун кесепетинен көп татар качып, Кулжада алардын жамааты түптөлгөн экен. Өкмөттүк жумушта иштеп, атам жергиликтүү кыргыз, уйгур, дунган, татар, казактарга көп жардам бериптир. Туугандарын окутуп, аларга жөлөк болуптур.
Кыргыздардын алгачкы дүйнөлүк курултайына Австралиядан келген кандашыбыз Сарыбай уулу Газиз Айтувар (оң жакта) бир тууган иниси Абдылда менен. Чолпон-Ата, 1992-жыл, август
Кыргыздардын алгачкы дүйнөлүк курултайына Австралиядан келген кандашыбыз Сарыбай уулу Газиз Айтувар (сол жакта биринчи), Сауд Аравиялык кыргыз, Кимсанбай ажы Абдрахманов менен. “Ата-Бейит” комплекси. 1992-жыл, август
Австралиядан келген этникалык кыргыз Сарыбай уулу Газиз Айтувар (оң жакта) улуу баласы Хамиддин үйүндө. Бир тууган иниси Абдрахман (ортодо) Газиз Айтувардын улуу баласы Хамид (сол жакта). Фрунзе, 1989-жыл
Кыргыздардын алгачкы дүйнөлүк курултайына Австралиядан келген кандашыбыз Сарыбай уулу Газиз Айтувар (оң жакта) бир тууган иниси Абдылда менен. Чолпон-Ата, 1992-жыл, август
Кыргыздардын алгачкы дүйнөлүк курултайына Австралиядан келген кандашыбыз Сарыбай уулу Газиз Айтувар (сол жакта биринчи), Сауд Аравиялык кыргыз, Кимсанбай ажы Абдрахманов менен. “Ата-Бейит” комплекси. 1992-жыл, август
Австралиядан келген этникалык кыргыз Сарыбай уулу Газиз Айтувар (оң жакта) улуу баласы Хамиддин үйүндө. Бир тууган иниси Абдрахман (ортодо) Газиз Айтувардын улуу баласы Хамид (сол жакта). Фрунзе, 1989-жыл
— Бирок акыры туугандарыңыздан Кыргызстанга көчүп келгендер болгон экен да.
Ч.А.: — Кезинде чоң энем балдарына Ата Мекениңер — ыйык Ысык-Көл, Кыргызстанга көчүп кеткиле деп керээз айтыптыр. 1961-жылы атам Абдылда Үрүмчүдөн үй-бүлөсү менен Чолпон-Атага көчөт. Ал иниси Абдылхамиттин уулу Назарды жана жээни Токсунбекти ала келет. Ошол жылы мен Чолпон-Атада төрөлүп, атым Чолпон деп коюлган. Бир жылдан кийин атамдын иниси Абдрахман үй-бүлөсү менен Кулжадан Фрунзеге көчүп келген. Ал Газиз атамдын улуу баласын, 15 жаштагы Хамидди ала келет. Атам Абдылда чыгармачыл инсан болгон дебедимби, белгилүү композитор Абдылас Малдыбаев "борборго келип биз менен чогуу иштеш, чыгармачылыгыңды улант" деп чакырган экен. Бирок атам макул болбой коюптур. Өмүрүнүн аягына чейин Чолпон-Атанын молдосу болду. Абдрахман байкем борбор калаадагы курулушчулар бейтапканасында, Жал кичи районундагы ооруканада адамдарга ийне сайып (иглотерапевт — ред.) дарылап иштеди. Токсунбек байкем Фрунзе медициналык институтун аяктаган. Караколдо шаардык жугуштуу илдеттер ооруканасында эмгектенип жүргөн учурда жол кырсыгына кабылып каза болду. Назар байкемдин да көзү өтүп кетти.
Ж.А.: — Ыраматылык жолдошум Хамид Кытайдан көчүп келгенден кийин энеси менен көрүшкөн жок. Апасы 51 жашында каза болуп, сөөгү Кулжада коюлуптур. Күйөөм СССРге көчүп келгенде Алматыдагы таежелери көп жардам беришкен. СССРдин армиясында кызмат өтөп, Союздун комсомолдук курулуштарында эмгектенген. Андан соң борбор калаадагы ЖБИнин заводунда иштеп пенсияга чыкты. Энесин узата албай калганы чоң арманы эле. Эки уул, бир кыздуу болдук. Мен Кыргыз ССРинин өкмөтүнүн алдындагы атайын ооруканада медайым болуп иштедим.
— Газиз ата анан Автсралияга көчүп кеткен турбайбы?
— 1984-жылы уулу Ахат, кызы Софья менен Кытайдан Австралиянын Аделаида шаарына көчүп кеткен экен. Ага 1960-жылдары Кулжадан Австралияга кеткен татар жамааты жардам бериптир. Кулжада университетте мугалим болуп эмгектенген кайним Ахат Австралияга көчүп баргандан кийин заводдо иштеген. Азыр 79 жашта. Анын аялы да кытайлык кыргыз. Софья Кулжада почтада иштечү. Австралияда башка тармакка кирди. Кайнатам ал жерден Меккеге барган. Кийин 1990-жылдардын ортосунда дагы бир кызы Сүйүнбике да Аделаида калаасына көчүп барган эле, каза болуп, сөөгү ошол жерге коюлду.
— Газиз ата алгачкы ирет Кыргызстанга кайсы жылы келди?
Ж.А.: — 1989-жылы биринчи жолу уулу Ахат менен Австралиядан Москва аркылуу келген. Бир туугандары Абдылда, Абдрахман, уулу Хамид менен 28 жылдан кийин жолугушту. Мен да атамды ошондо биринчи жолу көрдүм. Бирок анда Ысык-Көлгө бара алган жок, өкмөт уруксат бербей койгон. Ал кезде Көл кылаасы чек ара аймагы болгондуктан чет өлкөлүк меймандар атайын уруксат менен гана кирчү.
1992-жылы өкмөт атамды Кыргыздардын бүткүл дүйнөлүк курултайына чакырып, ошентип экинчи ирет учуп келди. Аны кичүү уулум Нурлан коштоп жүрдү. Курултай улуттук филармонияда өткөн. "Мен дүйнөнүн жетинчи кабаты Австралиядан келдим" деп атам элдин баарын таң калтырган. Курултай бүткөн соң өкмөт келген кандаштарды "Ата-Бейит" менен Буранага алып барып, андан кийин Чолпон-Атага алып келишкен. Атам Ысык-Көлгө жүзүн жууп, бата кылып, көзүнөн жашы аккан эле. Бул тарыхый окуя боюнча "Кыргызфильм" "Ата Журт" деп аталган даректүү тасма тарткан. Атам "эркиндик алган элимдин алгачкы курултайынын демилгеси менен туугандарымды, жакындарымды көрүүгө мүмкүнчүлүк алып турам. Касиетиңден айланайын, куттуу Көлүм, сенин туздуу сууңду жүзүмө сүртүп отурам, эми көз жумсам эч арманым жок" деп Чолпон-Атадан ары туулган айылы Аралга барган. Ошонтип киндик каны тамган жерин 76 жылдан кийин көрдү... Айылдаштары абдан жакшы тосуп алып, атамдын төбөсү көккө жете сүйүнгөн. Абдан адамгерчиликтүү, сыпаа, ак сөөк киши эле. 1993-1994-жылдары биз менен кыштады. Анан Алматыда кайындарында бир кыштады. 1995-жылы күздө Кулжага барып, ошол жактан көз жумду. Сөөгү ата-энесинин жанына коюлду.
Биз да 1990-жылдардын аягында алгачкы ирет Кытайдын Иле-Казак автоном облусуна барып, туугандар менен жолуктук. Жолдошум 40 жылга жакын убакыттан кийин энесинин мүрзөсүнө барып, зыярат кылды. Мени Синьцзяндагы кандаштардын кыргызча так сүйлөгөнү жана каада-салтты аярлык менен сактаганы суктандырды. 2000-жылдардын башында күйөөм экөөбүз Австралиянын Аделаида шаарындагы туугандарга барып, эки ай конок болуп келдик. 2008-жылы кайнагам Абдылда каза болду. Ошол жылы кайын сиңдим Софья Чолпон-Атага келип, куран окутуп кеткен. Австралиядагы туугандар менен такай кабарлашып турабыз.