https://sputnik.kg/20260321/zhaparovdun-nooruzdagy-kuttuktoosu-1100347754.html
Жаркын келечекке дагы бир даңгыр жол чабабыз. Жапаровдун Нооруздагы куттуктоосу
Жаркын келечекке дагы бир даңгыр жол чабабыз. Жапаровдун Нооруздагы куттуктоосу
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-мар. —Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Нарындан куттуктады. 21.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-21T12:30+0600
2026-03-21T12:30+0600
2026-03-22T11:18+0600
кыргызстан
садыр жапаров
нооруз
нарын
куттуктоо
каалоо
өнүгүү
https://sputnik.kg/img/07ea/03/15/1100348159_0:101:1080:709_1920x0_80_0_0_b77b0703a44d4a438e3d8dfc3c21bfe3.jpg
БИШКЕК, 21-мар. —Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Нарындан куттуктады. Мамлекет башчы бул майрамды биринчи айым Айгүл Жапарова жана өкмөттүн бир катар мүчөлөрү менен Теңир-Тоонун борборунда тосту. Төмөндө президент Жапаровдун куттуктоосун бир аз кыскартуулар менен жарыялайбыз. "Күн менен түн теңелип, жер бетинде тиричилик жанданып, жергебизге жалпыбыз күткөн жаз келди. Ата-бабаларыбыздан калган улуу көчтү улай, изги тилектердин, жаңылануунун, эмгектин, ынтымак менен биримдиктин жарчысы, адамзаттын маданий мурасы – Нооруз майрамын маданий жөрөлгө катары эли-журтубуз менен эсенчиликте, тынччылыкта белгилеп жатканыбызга кубанычтамын. Быйыл Нооруз майрамын кыргыз элинде касиеттүү тоолордун бири саналган айтылуу Ала-Мышык тоосунун этегинде, Орто Азиянын күрөө тамыры болгон Нарын дайрасынын жээгинде, Нарын шаарында белгилеп жатабыз. Бүгүн мен калайык калкыма, жумурай журтума – мүлдө кыргыз элине тынччылык, молчулук, токчулук, ыйман-ырыскы, ынтымак тилейм. Абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган алтын бешик Нарындан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мекендештеримди, ошондой эле чет элдик элчилерди, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын! Нооруз майрамыңыздар менен, кымбаттуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер! Байыркы таш доорунан бери эле адам баласы мекендеп келген бул касиеттүү Теңир-Тоо жергеси стратегиялык мааниси терең өзгөчө аймак болуп келе жатканы баарыбызга маалым. Батыш менен Чыгышты байланыштырып, нечен элдин маданиятын жуурулуштурган Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан Нарын дубанынын тарыхы тээ түпкүрдө жатат. Айтылуу Теке-Секирик үңкүрү, Кошой-Коргон шаар чалдыбары, Кочкор-Башы шаар калдыктары, Таш-Рабат кербен сарайы, Шырдакбектин чеби, Кырк чоронун күмбөзү жана башка тарыхый эстеликтер буга далил. Мына ушундай өтмүшү да, бүгүнкүсү менен эртеңкиси да зор мүмкүнчүлүктөр жана жаркын келечек менен байланышкан бул аймактан тоолорундай бийик, сууларындай шар, кыргыз деген атка кыл жугузбай, каада-салтын кымбат тутуп, сактап келе жаткан кутман элдин арасынан чыккан атактуу инсандарды атабай туруп, аларды аттап өтүп кетсем туура эмес болоор. Батасы журтту байыткан олуязаада Кошой бабабыз, кыргыздын башкы касиети – "Манас" дастанын муундан муунга руханий азык кылып айтып келген Тыныбек Жапый уулу, Сагынбай Орозбаков, Шапак Рысмендеев, Тоголок Молдо сыяктуу залкар манасчылар, Атантай, Тайлак, Качыке, Ормон хан, Ажыбек өңдүү баатырлар, мамлекетти түптөгөн Ишеналы Арабаев, Баялы Исакеев, Сатыбалды Нааматов аталар, алардан кийинки Турдакун Усубалиевдей мамлекеттик жана саясий ишмерлер, Арстанбек, Молдо Кылычтай даанышман олуялар, Дүрбөлөң Мамбетов, Үсөн Асанов, Асанбек Таабалдиевдей илимпоздор, Муса Баетов, Калый Молдобасанов, Мидин Алыбаев, Эсенгул Ибраев, Мыскал Өмүрканова, Муратбек Рыскулов, Таттыбүбү Турсунбаева, Жумамүдүн Шералиев, Кеңеш Жусупов жана башка көптөгөн маданият менен адабияттын алптарынын киндик кан тамган жери – дал ушул Теңир-Тоо аймагы болот. Биздин заманда дагы, айрыкча, дүйнө бир айылга айланып, заманбап технологиялар өнүккөн азыркы ааламдашуу доорунда ташкындаган таланттарга бай Нарын элинин жалпы өлкөгө дагы да таланттарды берери арбын экенин изги тилек, илгери үмүт менен баса белгилейм. Урматтуу агайын-туугандар! Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда туруктуулук орноп, өлкө өнүгүү жолуна түшүп, анын ичинде биз турган Нарын облусу дагы куру эмес экендигине эки ооз сөз менен токтоло кетейин. Облустун ички дүң продукциясы 2020-жылы 18 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы 40 миллиард сомго жетип, өсүү темпи 224 пайызды түздү. Өзүңүздөр байкагандай, бул эки эседен ашык өсүш дегенди билдирет. Өнөр жай продукциясынын көлөмү беш жыл аралыгында 5,7 эсеге өсүп, 2021-жылы 30 гана ишкана ачылса, 2025-жылы 134 ишкана ишке кирген. Алардын негизинде кошумча жүздөгөн жумуш орундары түзүлгөн. Бүгүнкү күндө облустун курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 21 миллиард сомдук иштер жүрүп жатат. Курулуш тармагында эле учурда 143 курулуш объекти салынууда. Соңку беш жылда мектеп, бала бакча, оорукана баштаган жалпысы 51 социалдык объект пайдаланууга берилди. Нарында беш жылда 259 чакырым жолго асфальт төшөлсө, анын 135 чакырымы былтыр басылды. Мунун ичинде Нарын шаарынын борбордук көчөсү толугу менен асфальтталды. Өзүңүздөр билгендей, 2022-жылдан баштап өлкө экономикасынын маанилүү булагы болгон Кумтөр алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6 пайызы облустун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна түшө баштады. Бүгүнкү күнгө чейин "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна 2 миллиард сомго жакын акча топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталды. "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлордун ичинде Нарын шаарында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык турак үйлөр да бар. Бүгүнкү күндө ал каражатка Нарын шаарында Кыргызстандын бир да аймагында жок, заманбап үлгүдөгү маданий борбор салынууда. Муну менен катар эле соңку беш жылда Нарын облусуна 6 миллиард 800 миллион сомдук чет элдик инвестиция тартылды. Теңир-Тоо — энергетикалык дарамети жогору аймак. Кудай берген Нарын дарыясы турганда облуста энергия булактарын өндүрүүнүн келечеги кең. Учурда 100 мегаваттык Куланак ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоор ишке ашканда аймактын энергетикалык коопсуздугу бекемделип, кошумча кубаттуулук жаралат. Мындан сырткары, 1200 МВатт электр кубаты өндүрүлө турган Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу боюнча инвестор курулуш иштерин баштады. Ал эми Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу салынып бүтсө аймак үчүн жаңы транзиттик байланыштар ачылат, эл аралык мааниси артат. Бир эле Нарын облусунун эмес, жалпы Кыргызстандын экономикалык жана логистикалык потенциалы көтөрүлөт. Долбоор ишке киргенден кийин жүк ташуу убактысы кыйла кыскарып, жаңы рынокторго чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Европа менен Кытайдын ортосунда азыр биз туюк өлкөдө жашап жаткан болсок, темир жол бүтөрү менен биз транзиттик өлкөгө айланабыз. Бул темир жол болжол менен 2030-жылы бүтөт деп турабыз. Темир жол салынган аймактарда инфратүзүмдүк ишмердикти өнүктүрүү жана жергиликтүү экономиканы интеграциялоо үчүн соода-логистикалык борборлорду куруу – учур талабы. Бүгүнкү күндө түндүк менен түштүктү бириктирген ички темир жолубуз Кочкорго чейин жетип калды. Кудай буюрса, келечекте Кара-Кечеге, андан ары Макмалга чейин жеткирип, түндүк-түштүктү темир жол менен дагы байланыштырабыз. Темир жол инфратүзүмүнүн өнүгүшү менен ички байланыштар бекемделип, облустагы башка тармактардын: өнөр жайдын, айыл чарбанын, туризмдин өсүшүнө да оң таасирин тийгизет. Ошентип бүгүнкү күндө стратегиялык аймак болуп саналган Теңир-Тоо өрөөнүнүн келечеги кенен деп айтууга толук негиз бар. Аткарылган иштер менен аткара турган иштерибиз да көп. Нарындагы көйгөйлөрдүн дээрлик баарын билем. Облустагы өкүл сиздердин көйгөйлөрдү мага жеткирип турат. Бирок бардыгын бир убакта чечүү мүмкүн эмес экен. Албетте, негизгилерин четинен чечип келе жатабыз. Кудай буюрса, биз биргелешкен аракет менен Нарын облусун Улуу Жибек Жолундагы жаңы транзиттик байланыштар ачылган, экономиканы интеграциялоо үчүн соода-логистикалык борборлору курулган, экологиялык жактан таза азыктары менен таанылган, тоо туризми менен даңазаланган аймакка айландырабыз. Натыйжада жалпы Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине дагы бир даңгыр жол чабабыз. Улустун Улуу күнүндө айтылган бардык тилектерибиз кабыл болсун! Дыйкандар эмгегинен баар таап, мол түшүм алсын, агартуучуларыбыздын акыбети кайтып, жаштарыбыздын билими артсын, алтын колдуу дарыгерлерибиздин шыпаасы тийип, бейтаптар сакайып чыксын, мамлекеттик кызматтагылар калк көйгөйүн чечип, элдин алкышына арзысын. Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгө берсин! Нооруз майрамыбыз кут болсун!
https://sputnik.kg/20260320/-zhaparov-orozo-kuttuktoo-1100328572.html
нарын
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/15/1100348159_0:0:1080:810_1920x0_80_0_0_14088cf937f89a0e5624f8773a927c25.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, садыр жапаров, нооруз, нарын, куттуктоо, каалоо, өнүгүү
кыргызстан, садыр жапаров, нооруз, нарын, куттуктоо, каалоо, өнүгүү
БИШКЕК, 21-мар. —Sputnik. Президент Садыр Жапаров кыргызстандыктарды Нооруз майрамы менен Нарындан куттуктады.
Мамлекет башчы бул майрамды биринчи айым Айгүл Жапарова жана өкмөттүн бир катар мүчөлөрү менен Теңир-Тоонун борборунда тосту.
Төмөндө президент Жапаровдун куттуктоосун бир аз кыскартуулар менен жарыялайбыз.
"Күн менен түн теңелип, жер бетинде тиричилик жанданып, жергебизге жалпыбыз күткөн жаз келди.
Ата-бабаларыбыздан калган улуу көчтү улай, изги тилектердин, жаңылануунун, эмгектин, ынтымак менен биримдиктин жарчысы, адамзаттын маданий мурасы – Нооруз майрамын маданий жөрөлгө катары эли-журтубуз менен эсенчиликте, тынччылыкта белгилеп жатканыбызга кубанычтамын.
Быйыл Нооруз майрамын кыргыз элинде касиеттүү тоолордун бири саналган айтылуу Ала-Мышык тоосунун этегинде, Орто Азиянын күрөө тамыры болгон Нарын дайрасынын жээгинде, Нарын шаарында белгилеп жатабыз.
Бүгүн мен калайык калкыма, жумурай журтума – мүлдө кыргыз элине тынччылык, молчулук, токчулук, ыйман-ырыскы, ынтымак тилейм. Абасы кымыз жыттанган, ак мөңгү кемер курчанган алтын бешик Нарындан жалпы кыргызстандыктарды, дүйнөнүн булуң-бурчундагы мекендештеримди, ошондой эле чет элдик элчилерди, дипломатиялык корпус менен эл аралык уюмдардын өкүлдөрүн Нооруз майрамы менен чын дилимден куттуктаймын!
Нооруз майрамыңыздар менен, кымбаттуу кыргызстандыктар! Урматтуу мекендештер!
Байыркы таш доорунан бери эле адам баласы мекендеп келген бул касиеттүү Теңир-Тоо жергеси стратегиялык мааниси терең өзгөчө аймак болуп келе жатканы баарыбызга маалым.
Батыш менен Чыгышты байланыштырып, нечен элдин маданиятын жуурулуштурган Улуу Жибек Жолунун боюнда жайгашкан Нарын дубанынын тарыхы тээ түпкүрдө жатат. Айтылуу Теке-Секирик үңкүрү, Кошой-Коргон шаар чалдыбары, Кочкор-Башы шаар калдыктары, Таш-Рабат кербен сарайы, Шырдакбектин чеби, Кырк чоронун күмбөзү жана башка тарыхый эстеликтер буга далил.
Мына ушундай өтмүшү да, бүгүнкүсү менен эртеңкиси да зор мүмкүнчүлүктөр жана жаркын келечек менен байланышкан бул аймактан тоолорундай бийик, сууларындай шар, кыргыз деген атка кыл жугузбай, каада-салтын кымбат тутуп, сактап келе жаткан кутман элдин арасынан чыккан атактуу инсандарды атабай туруп, аларды аттап өтүп кетсем туура эмес болоор.
Батасы журтту байыткан олуязаада Кошой бабабыз, кыргыздын башкы касиети – "Манас" дастанын муундан муунга руханий азык кылып айтып келген Тыныбек Жапый уулу, Сагынбай Орозбаков, Шапак Рысмендеев, Тоголок Молдо сыяктуу залкар манасчылар, Атантай, Тайлак, Качыке, Ормон хан, Ажыбек өңдүү баатырлар, мамлекетти түптөгөн Ишеналы Арабаев, Баялы Исакеев, Сатыбалды Нааматов аталар, алардан кийинки Турдакун Усубалиевдей мамлекеттик жана саясий ишмерлер, Арстанбек, Молдо Кылычтай даанышман олуялар, Дүрбөлөң Мамбетов, Үсөн Асанов, Асанбек Таабалдиевдей илимпоздор, Муса Баетов, Калый Молдобасанов, Мидин Алыбаев, Эсенгул Ибраев, Мыскал Өмүрканова, Муратбек Рыскулов, Таттыбүбү Турсунбаева, Жумамүдүн Шералиев, Кеңеш Жусупов жана башка көптөгөн маданият менен адабияттын алптарынын киндик кан тамган жери – дал ушул Теңир-Тоо аймагы болот.
Биздин заманда дагы, айрыкча, дүйнө бир айылга айланып, заманбап технологиялар өнүккөн азыркы ааламдашуу доорунда ташкындаган таланттарга бай Нарын элинин жалпы өлкөгө дагы да таланттарды берери арбын экенин изги тилек, илгери үмүт менен баса белгилейм.
Урматтуу агайын-туугандар!
Акыркы беш жыл ичинде Кыргызстанда туруктуулук орноп, өлкө өнүгүү жолуна түшүп, анын ичинде биз турган Нарын облусу дагы куру эмес экендигине эки ооз сөз менен токтоло кетейин.
Облустун ички дүң продукциясы 2020-жылы 18 миллиард сомду түзсө, 2025-жылы 40 миллиард сомго жетип, өсүү темпи 224 пайызды түздү. Өзүңүздөр байкагандай, бул эки эседен ашык өсүш дегенди билдирет.
Өнөр жай продукциясынын көлөмү беш жыл аралыгында 5,7 эсеге өсүп, 2021-жылы 30 гана ишкана ачылса, 2025-жылы 134 ишкана ишке кирген.
Алардын негизинде кошумча жүздөгөн жумуш орундары түзүлгөн. Бүгүнкү күндө облустун курулуш, жол, ирригация жана таза суу тармактарында 21 миллиард сомдук иштер жүрүп жатат.
Курулуш тармагында эле учурда 143 курулуш объекти салынууда. Соңку беш жылда мектеп, бала бакча, оорукана баштаган жалпысы 51 социалдык объект пайдаланууга берилди. Нарында беш жылда 259 чакырым жолго асфальт төшөлсө, анын 135 чакырымы былтыр басылды. Мунун ичинде Нарын шаарынын борбордук көчөсү толугу менен асфальтталды.
Өзүңүздөр билгендей, 2022-жылдан баштап өлкө экономикасынын маанилүү булагы болгон Кумтөр алтын кенинин дүң кирешесинен 0,6 пайызы облустун "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна түшө баштады.
Бүгүнкү күнгө чейин "Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондуна 2 миллиард сомго жакын акча топтолуп, түшкөн каражаттар аймакты өнүктүрүүгө, анын ичинде Нарын облусунда бир катар социалдык жана инфратүзүмдүк долбоорлорго багытталды.
"Теңир-Тоо" өнүктүрүү фондунан каржыланган долбоорлордун ичинде Нарын шаарында курулушу жүрүп жаткан ипотекалык турак үйлөр да бар.
Бүгүнкү күндө ал каражатка Нарын шаарында Кыргызстандын бир да аймагында жок, заманбап үлгүдөгү маданий борбор салынууда. Муну менен катар эле соңку беш жылда Нарын облусуна 6 миллиард 800 миллион сомдук чет элдик инвестиция тартылды.
Теңир-Тоо — энергетикалык дарамети жогору аймак. Кудай берген Нарын дарыясы турганда облуста энергия булактарын өндүрүүнүн келечеги кең.
Учурда 100 мегаваттык Куланак ГЭСинин курулушу жүрүп жатат. Бул долбоор ишке ашканда аймактын энергетикалык коопсуздугу бекемделип, кошумча кубаттуулук жаралат. Мындан сырткары, 1200 МВатт электр кубаты өндүрүлө турган Кара-Кече жылуулук электр станциясын куруу боюнча инвестор курулуш иштерин баштады.
Ал эми Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолу салынып бүтсө аймак үчүн жаңы транзиттик байланыштар ачылат, эл аралык мааниси артат. Бир эле Нарын облусунун эмес, жалпы Кыргызстандын экономикалык жана логистикалык потенциалы көтөрүлөт. Долбоор ишке киргенден кийин жүк ташуу убактысы кыйла кыскарып, жаңы рынокторго чыгууга кеңири мүмкүнчүлүк түзүлөт. Европа менен Кытайдын ортосунда азыр биз туюк өлкөдө жашап жаткан болсок, темир жол бүтөрү менен биз транзиттик өлкөгө айланабыз. Бул темир жол болжол менен 2030-жылы бүтөт деп турабыз.
Темир жол салынган аймактарда инфратүзүмдүк ишмердикти өнүктүрүү жана жергиликтүү экономиканы интеграциялоо үчүн соода-логистикалык борборлорду куруу – учур талабы. Бүгүнкү күндө түндүк менен түштүктү бириктирген ички темир жолубуз Кочкорго чейин жетип калды. Кудай буюрса, келечекте Кара-Кечеге, андан ары Макмалга чейин жеткирип, түндүк-түштүктү темир жол менен дагы байланыштырабыз. Темир жол инфратүзүмүнүн өнүгүшү менен ички байланыштар бекемделип, облустагы башка тармактардын: өнөр жайдын, айыл чарбанын, туризмдин өсүшүнө да оң таасирин тийгизет.
Ошентип бүгүнкү күндө стратегиялык аймак болуп саналган Теңир-Тоо өрөөнүнүн келечеги кенен деп айтууга толук негиз бар.
Аткарылган иштер менен аткара турган иштерибиз да көп. Нарындагы көйгөйлөрдүн дээрлик баарын билем. Облустагы өкүл сиздердин көйгөйлөрдү мага жеткирип турат. Бирок бардыгын бир убакта чечүү мүмкүн эмес экен. Албетте, негизгилерин четинен чечип келе жатабыз.
Кудай буюрса, биз биргелешкен аракет менен Нарын облусун Улуу Жибек Жолундагы жаңы транзиттик байланыштар ачылган, экономиканы интеграциялоо үчүн соода-логистикалык борборлору курулган, экологиялык жактан таза азыктары менен таанылган, тоо туризми менен даңазаланган аймакка айландырабыз.
Натыйжада жалпы Кыргызстаныбыздын жаркын келечегине дагы бир даңгыр жол чабабыз.
Улустун Улуу күнүндө айтылган бардык тилектерибиз кабыл болсун!
Дыйкандар эмгегинен баар таап, мол түшүм алсын, агартуучуларыбыздын акыбети кайтып, жаштарыбыздын билими артсын, алтын колдуу дарыгерлерибиздин шыпаасы тийип, бейтаптар сакайып чыксын, мамлекеттик кызматтагылар калк көйгөйүн чечип, элдин алкышына арзысын.
Кыргызстаныбыз өсүп-өнүгө берсин! Нооруз майрамыбыз кут болсун!