https://sputnik.kg/20260304/rossiya-vengriya-putin-ministr-energetika-kyzmattashtyk-zholugushuu-1100072466.html
Путин Сийярто менен кызматташууну талкуулап, эки венгриялыкты бошотту
Путин Сийярто менен кызматташууну талкуулап, эки венгриялыкты бошотту
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугуп, энергетика тармагындагы кызматташтык жана... 04.03.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-03-04T23:51+0600
2026-03-04T23:51+0600
2026-03-05T09:30+0600
дүйнөдө
россия
венгрия
владимир путин
петер сийярто
туткун
https://sputnik.kg/img/07ea/03/04/1100072085_0:208:2900:1839_1920x0_80_0_0_5d293fd7512be042b1aae2fd0526fa41.jpg
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугуп, энергетика тармагындагы кызматташтык жана туткундарды кое берүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу РИА Новости агенттиги жазды. Президент Москва менен Будапешттин мамилеси өнүгүү жолунда жана туруктуу экенин айткан. Ошондой эле Россия Венгриянын электр энергиясын ишенимдүү жеткирүүчү экенин белгилеген.Ал, мындан тышкары, Украинанын армиясы күч менен мобилизациялаган Венгриянын эки жаранын бошотуу маселеси чечилгенин билдирди."Премьер-министр (Виктор Орбан – ред.) өтүнгөндөй, сиздер аларды Будапештке кайта турган учакка салып алып кете аласыздар", — деген Россия президенти.Жолугушууда Сийярто Венгрияга энергетикалык ресурстарды берүүгө кепилдик алуу үчүн Москвага келгенин айткан."Украина бир нече аптадан бери "Дружба" мунай түтүктөрүн бөгөттөп койду. Анын бул кадамы саясий чечимдерге негизделүүдө. Ошого байланыштуу биз газ менен көмүрсуутектин ишенимдүү жана туруктуу түрдө жеткирилишине кызыкдарбыз", — деген министр.Жолугушууга Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана вице-премьер-министр Денис Мантуров да катышты.Айта кетсек, Украина тарап "Дружба" мунай кууру аркылуу күйүүчү май жеткирүүнү январдын аягында токтоткон. Мунай түтүгү Татарстандын Альметьевск шаарынан башталып, Брянск аркылуу өтүп, андан ары эки тарапка бөлүнүп кетет. Бир тарабы Украина аймагы аркылуу Венгрия, Словакия жана Чехияга багыт алат, ал эми экинчи тарабы Беларусь аркылуу Польша жана Германия тарапка кетет.ЖМКлардын маалыматы боюнча, Киев режими объект Россиянын кол салуусунан улам бузулган деген жүйө менен аны жаңылабай келет. Буга жооп кылып, Братислава авариялык негизде электр кубатын берүүнү токтотту. Словакия бийлиги мунай кууру жарактан чыккан эмес деп эсептейт. Алардын пикиринде, Украинанын күйүүчү майды жеткирүүнү токтотуусу — Европа биримдигине жакындашуу үчүн жасап жаткан саясий чечим.Өз кезегинде мунай барбай калган Венгрия Евробиримдиктин Россияга каршы кезектеги санкциялык топтомдоруна бөгөт койду. Мындан тышкары, Украинага 90 миллиард евро насыя берүүнү артка кайтарып, дизелди экспорттоону убактылуу токтото турганын жарыялады.
https://sputnik.kg/20260228/orban-fico-zelenskiy-druzhba-munay-tutuk-kalp-ayyp-1099991532.html
венгрия
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/03/04/1100072085_85:0:2816:2048_1920x0_80_0_0_e66e1775935fb3d165bf2b667523e094.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, венгрия, владимир путин, петер сийярто, туткун
дүйнөдө, россия, венгрия, владимир путин, петер сийярто, туткун
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Россия лидери Владимир Путин Венгриянын тышкы иштер министри Петер Сийярто менен жолугуп, энергетика тармагындагы кызматташтык жана туткундарды кое берүү маселесин талкуулады. Бул тууралуу
РИА Новости агенттиги жазды.
Президент Москва менен Будапешттин мамилеси өнүгүү жолунда жана туруктуу экенин айткан. Ошондой эле Россия Венгриянын электр энергиясын ишенимдүү жеткирүүчү экенин белгилеген.
"Көмүр суутектерди айта турган болсок, түшүнөм. Бул сиздерди түйшөлтпөй койбойт, эң оболу мунай жеткирүү ойлондурат. Дүйнөдөгү газ боюнча рынокто, Европанын газ рыногунда эмнелер болуп жатканын көрүп турабыз. Биз милдеттерибизди дайыма аткарып келгенбиз, аткаруу ниетиндебиз жана ага даярбыз", — деген Путин жолугушууда.
Ал, мындан тышкары, Украинанын армиясы күч менен мобилизациялаган Венгриянын эки жаранын бошотуу маселеси чечилгенин билдирди.
"Премьер-министр (Виктор Орбан – ред.) өтүнгөндөй, сиздер аларды Будапештке кайта турган учакка салып алып кете аласыздар", — деген Россия президенти.
Жолугушууда Сийярто Венгрияга энергетикалык ресурстарды берүүгө кепилдик алуу үчүн Москвага келгенин айткан.
"Украина бир нече аптадан бери "Дружба" мунай түтүктөрүн бөгөттөп койду. Анын бул кадамы саясий чечимдерге негизделүүдө. Ошого байланыштуу биз газ менен көмүрсуутектин ишенимдүү жана туруктуу түрдө жеткирилишине кызыкдарбыз", — деген министр.
Жолугушууга Россия ТИМ башчысы Сергей Лавров, президенттин жардамчысы Юрий Ушаков жана вице-премьер-министр Денис Мантуров да катышты.
Айта кетсек, Украина тарап "Дружба" мунай кууру аркылуу күйүүчү май жеткирүүнү январдын аягында токтоткон. Мунай түтүгү Татарстандын Альметьевск шаарынан башталып, Брянск аркылуу өтүп, андан ары эки тарапка бөлүнүп кетет. Бир тарабы Украина аймагы аркылуу Венгрия, Словакия жана Чехияга багыт алат, ал эми экинчи тарабы Беларусь аркылуу Польша жана Германия тарапка кетет.
ЖМКлардын маалыматы боюнча, Киев режими объект Россиянын кол салуусунан улам бузулган деген жүйө менен аны жаңылабай келет. Буга жооп кылып, Братислава авариялык негизде электр кубатын берүүнү токтотту. Словакия бийлиги мунай кууру жарактан чыккан эмес деп эсептейт. Алардын пикиринде, Украинанын күйүүчү майды жеткирүүнү токтотуусу — Европа биримдигине жакындашуу үчүн жасап жаткан саясий чечим.
Өз кезегинде мунай барбай калган Венгрия Евробиримдиктин Россияга каршы кезектеги санкциялык топтомдоруна бөгөт койду. Мындан тышкары, Украинага 90 миллиард евро насыя берүүнү артка кайтарып, дизелди экспорттоону убактылуу токтото турганын жарыялады.