00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:00
4 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
6 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
3 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Сапаттуу көчөттү тандоодо үч нерсеге маани бериш керек — багбанчылыкка кантип көңүл бурушат?
13:08
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
On air
14:06
60 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
15:05
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Студенческий стартап в КР: 10 команд получили гранты и вышли на реальный рынок
16:04
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Экономикалык панорама
Ормуз кризиси ЕАЭБ мамлекеттерине азык-түлүк жаатында кандай мүмкүнчүлүктөрдү ачат?
17:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
Зарыл болсо соот кийип жоо чапкан: кыргыз кыз-келиндеринин тарыхтагы орду
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Цифровая гигиена для всей семьи: как защитить ребенка в интернете
20:06
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Күн башат
«Экооператор» мамлекеттик ишканасы түзүлдү — утилизациялык жыйым кайсы продукцияларга тийиштүү?
21:05
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россиянын ишаратын күткөндөр көбөйүүдө. ЕБдин Украинага аскер жөнөтүүсү тууралуу

© AP Photo / Efrem LukatskyАтайын аскердик операция. Архив
Атайын аскердик операция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2026
Жазылуу
БИШКЕК, 25-фев. — Sputnik. "Каалоочулар коалициясына" кирген мамлекеттердин арасында Украинага тынчтык орнотуучу күчтөрдү жөнөтүү Россия президенти Владимир Путиндин уруксатына байланыштуу экенин моюндагандар бар. Мындай жагдай Лондон менен Париждин планына бут тосорун Telegraph өз маалымат булактарына таянуу менен жазды.
Коалицияга мүчө өлкөлөрдүн башчылары шейшемби күнү жолугуп, коопсуздук кепилдиктеринин алкагында Украинага аскер жөнөтүү оюн ырасташкан. Ага чейин Россия ТИМинин башчысынын орун басары Сергей Рябков Москва эч убакта НАТО аскеринин Украинага жайгашуусуна жол бербей турганын билдирген. Бул аталган топтун мамлекеттерине да тиешелүү.
"Өздөрүн коалиция деп атаган мамлекеттердин арасында аскер күчтөрүнүн жөнөтүлүшү россиялык президенттин чечиминен көз каранды экенин моюндагандар улам көбөйүп баратат", — деп жазган гезит.
Ал эми коргонуу жана дипломатия жаатындагылардын берген маалыматы боюнча, бул Улуу Британия менен Франциянын элдешүүнү колдогон болуп көрүнүү планын Кремлдин каалоосуна жараша ишке ашырбай коюшу толук ыктымал. Жогорку кызматтагы аткаминердин айтымында, коалицияга мүчө болгон айрым мамлекеттердин өкүлдөрү Украинага аскер күчүн Москванын макулдугу менен гана жөнөтө турганын айтышкан.
"Эгер Россия "макул эмеспиз" деп, жөнөтүлгөн аскер күчүн мыйзамдуу бута катары кабыл аларын айтса, башка бир нерсе ойлоп табууга туура келет. Андыктан Россиянын ишаратынан азыр өтө көп нерсе көз каранды", — деген басылманын маектеши.
Маалымат берген дагы бир дипломаттын айтымында, Европа мамлекеттери Россия — Украина сүйлөшүүсүнө катышууга далалаттанып, Путинге коалициянын пландарына аралашуу укугун берип койгон сыяктуу. Ал арада Украинага тынчтык орнотуучулардын жөнөтүлүшү көп ишке аша бербей турган кыял экени да айтылууда.
Белгилей кетсек, 6-январда "каалоочулар коалициясына" мүчө өлкөлөрдүн лидерлери жолугуп, Украинага берилчү коопсуздук кепилдиктери талкууланган. Иш-чаранын жыйынтыгы менен макулдашылган документке ылайык, "коалиция" Киев режимине аскердик колдоо көрсөтүүсүн улантмай болгон, ал эми президенттер тынчтык келишими түзүлүп калса украин жергесине аскер жайгаштыруу боюнча декларацияга кол коюшкан.
Россия президенти Владимир Путин тынчтык орноп калса Украинага чет өлкөлөрдүн аскер күчүн жайгаштырууга зарылдык болбой турганын ага чейин да, андан кийин да айтып келет. РФ лидери Россия Украина аймагындагы кандай гана аскер күчү жайгаштырылбасын, аларды мыйзамдуу бута деп эсептей турганын эскерткен.
Атайын аскердик операция. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 25.02.2026
Эксперт: Россия Батыштын үстөмдүгүнө доо кетирип, алардын алсыздыгын көрсөттү
Жаңылыктар түрмөгү
0