https://sputnik.kg/20260617/1101920367.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында калк үчүн жылдык 17 пайыздык киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды. Бул тууралуу... 17.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-17T13:00+0600
2026-06-17T13:00+0600
2026-06-17T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101920201_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_8569e2af84f866dad26dd93e526aea0b.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Министрлер кабинети Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында калк үчүн жылдык 17 пайыздык киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, эми ар бир жаран аларды мобилдик тиркеме аркылуу сатып ала алышат. “Ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды "MegaPay" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде оңой эле сатып ала алат. Жалпак тил менен айтканда, финансылык мекемелерге барып, убакыт коротпой эле, ар кандай документтерди толтуруп убара болбой эле инвестиция жасай алат. Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда квартал сайын төлөнүп берилет”, - деди президент. Садыр Жапаров мисал келтирип, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше аларын айтты. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат. Мындан улам өлкө башчысы жарандарды баалуу кагаздарды сатып алууга жигердүү катышууга чакырды.
Бишкек жылуулук электр борборуна (ТЭЦ) көмүр жеткирүүдө анын сапаты тууралуу документтер жасалмаланып келгенин УКМК билдирди. Мекеме отундун сапатын текшерүүнүн жыйынтыктарын жасалма жол менен жогорулатып көрсөтүү схемасын аныктаган. “Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жыл сайын жылытуу мезгилине даярдык көрүү алкагында Бишкек ТЭЦине көмүр ташыган жеке компаниялардын кызыкчылыктарын коргоп келгени аныкталды”, — деп айтылат маалыматта. Мамлекеттик комитет мындай аракеттер ТЭЦтин жабдыктарына олуттуу зыян келтирип, экологияга терс таасирин тийгизерин белгилеген. Ал эми жалган текшерүүлөрдүн натыйжасында көмүрдүн канча бөлүгү кагаз жүзүндө “сапаттуу” болуп калганы такталган эмес.
Украинаны Евробиримдикке тездетилген тартипте кабыл алуу боюнча башталган сүйлөшүүлөр уюмдун кеңейиши тигил же бул өлкөнүн сиңирген эмгегине эмес, тек гана геосаясий кызыкчылыктарга негизделип жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу Венгриядан шайланган Европарламенттин депутаты Кинга Гал Х социалдык тармагына жазды.Кинга Галдын пикиринде, Украинанын Евробиримдикке кириши уюмга мүчө мамлекеттер үчүн олуттуу коркунучтарды жаратып, бирикменин аброюна шек келтирет. “Бул кадамдын тобокелчилиги тууралуу дээрлик эч кандай талкуу жүргөн жок. Саясий кызыкчылыктардан улам тездетилип жаткан бул кеңейүү процессинин айынан европалык фермерлер, ынтымак фондунан бөлүнүүчү каражат жана жалпы Евробиримдиктин бюджети зыян тартып, курмандыкка айланышы мүмкүн. Негизи кеңейүү процесси өлкөнүн реалдуу жыйынтыктарына, даярдыгына жана баарына бирдей мамиле кылуу принцибине негизделиши керек.”, — деп баса белгиледи евродепутат.Евробиримдик Украина менен Молдовага талапкер өлкө макамын 2022-жылдын июнь айында берген. Бирок уюмдун өзүндө бул кадам негизинен Киев менен Кишиневду Москвага каршы турууда колдоо иретинде жасалган символикалык гана чечим болгонун моюнга алышкан.
Министрлер кабинети Кыргыз фондулук биржасынын аянтчасында калк үчүн жылдык 17 пайыздык киреше менен мамлекеттик баалуу кагаздарды жайгаштырды. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди. Мамлекет башчысы белгилегендей, эми ар бир жаран аларды мобилдик тиркеме аркылуу сатып ала алышат. “Ар бир жаран мамлекеттик баалуу кагаздарды "MegaPay" мобилдик тиркемеси аркылуу онлайн режиминде оңой эле сатып ала алат. Жалпак тил менен айтканда, финансылык мекемелерге барып, убакыт коротпой эле, ар кандай документтерди толтуруп убара болбой эле инвестиция жасай алат. Салган акча каражаты эки жылдан кийин толугу менен кайтарылат. Ошол эле учурда жарандар жылына 17 пайыз өлчөмүндө киреше алып турушат. Киреше төлөмдөрү ар үч ай сайын, башкача айтканда квартал сайын төлөнүп берилет”, - деди президент. Садыр Жапаров мисал келтирип, бир жаран 100 миң сомдук баалуу кагаз сатып алса, эки жыл ичинде 34 миң сом пайыздык киреше аларын айтты. Бул каражат квартал сайын 4 миң 250 сом өлчөмүндө төлөнүп турат. Ошентип эки жылдын соңунда салынган 100 миң сом 134 миң сомго айланат. Мындан улам өлкө башчысы жарандарды баалуу кагаздарды сатып алууга жигердүү катышууга чакырды.Бишкек жылуулук электр борборуна (ТЭЦ) көмүр жеткирүүдө анын сапаты тууралуу документтер жасалмаланып келгенин УКМК билдирди. Мекеме отундун сапатын текшерүүнүн жыйынтыктарын жасалма жол менен жогорулатып көрсөтүү схемасын аныктаган. “Жаратылыш ресурстары министрлигине караштуу "Борбордук лаборатория" мамлекеттик ишканасынын директору кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди. Ал жыл сайын жылытуу мезгилине даярдык көрүү алкагында Бишкек ТЭЦине көмүр ташыган жеке компаниялардын кызыкчылыктарын коргоп келгени аныкталды”, — деп айтылат маалыматта. Мамлекеттик комитет мындай аракеттер ТЭЦтин жабдыктарына олуттуу зыян келтирип, экологияга терс таасирин тийгизерин белгилеген. Ал эми жалган текшерүүлөрдүн натыйжасында көмүрдүн канча бөлүгү кагаз жүзүндө “сапаттуу” болуп калганы такталган эмес. Украинаны Евробиримдикке тездетилген тартипте кабыл алуу боюнча башталган сүйлөшүүлөр уюмдун кеңейиши тигил же бул өлкөнүн сиңирген эмгегине эмес, тек гана геосаясий кызыкчылыктарга негизделип жатканын көрсөтүүдө. Бул тууралуу Венгриядан шайланган Европарламенттин депутаты Кинга Гал Х социалдык тармагына жазды.Кинга Галдын пикиринде, Украинанын Евробиримдикке кириши уюмга мүчө мамлекеттер үчүн олуттуу коркунучтарды жаратып, бирикменин аброюна шек келтирет. “Бул кадамдын тобокелчилиги тууралуу дээрлик эч кандай талкуу жүргөн жок. Саясий кызыкчылыктардан улам тездетилип жаткан бул кеңейүү процессинин айынан европалык фермерлер, ынтымак фондунан бөлүнүүчү каражат жана жалпы Евробиримдиктин бюджети зыян тартып, курмандыкка айланышы мүмкүн. Негизи кеңейүү процесси өлкөнүн реалдуу жыйынтыктарына, даярдыгына жана баарына бирдей мамиле кылуу принцибине негизделиши керек.”, — деп баса белгиледи евродепутат.Евробиримдик Украина менен Молдовага талапкер өлкө макамын 2022-жылдын июнь айында берген. Бирок уюмдун өзүндө бул кадам негизинен Киев менен Кишиневду Москвага каршы турууда колдоо иретинде жасалган символикалык гана чечим болгонун моюнга алышкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101920201_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b957d7ee0d88524a249b1d96193fa9b2.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио