https://sputnik.kg/20260617/1101915177.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2027-жылдын 1-январынан тарта 1–4-класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн каражат күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер... 17.06.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-06-17T09:00+0600
2026-06-17T09:00+0600
2026-06-17T09:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101915011_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_41723cbcbaa05a06458b0aa0f0fd3cd9.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
Sputnik Кыргызстан
2027-жылдын 1-январынан тарта 1–4-класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн каражат күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди. Жыйында мектеп окуучуларынын тамактануу сапаты талкууланып, азыркы каржылоо нормасы балдарды толук кандуу жана тең салмактуу тамактандырууга жетишсиз экени белгиленди.Өкмөт башчысы балдардын ден соолугу мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгилеп, каржылоонун көбөйүшү мектептердеги тамак-аштын сапатын жакшыртууга шарт түзөрүн айтты.Тиешелүү министрликтерге жаңы, тең салмактуу меню иштеп чыгуу жана 2027-жылкы бюджетте керектүү каражаттарды алдын ала караштыруу тапшырылды.
Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүүгө лицензия алуу процесси толугу менен санариптештирилип, мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлө баштады. Бул маселе Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык жыйында талкууланды. Жаңы тартипке ылайык, айдоочулар кагаз документтерди чогултпай эле, жөнөкөйлөштүрүлгөн электрондук жол менен лицензия ала алышат. Өкмөт бул кадам кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталганын белгиледи.Ошол эле учурда айдоочулар медициналык жана техникалык кароодон өтүү талаптарын милдеттүү түрдө аткарууга тийиш. Министрлер кабинетинин төрагасы 2026-жылдын 1-июлунан тарта тиешелүү лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөр мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыла турганын эскертти.
Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тик учак үчүн 254 млн сом компенсация бердиКыргызстандын камсыздандыруу тарыхында авиациялык окуя боюнча эң ири камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.Маалыматка ылайык, компания Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн 253,9 миллион сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Каражат 2025-жылы куткаруу операциясын аткарып жатып кырсыкка кабылган Ми-8 тик учагына байланыштуу төлөнгөн.Окуя Жеңиш чокусу аймагында болгон. Билдирүүгө ылайык, тик учак 2024-жылы расмий түрдө камсыздандырылган.Компания белгилегендей, бул төлөм өлкөдөгү мамлекеттик мүлктү, анын ичинде кымбат баалуу авиациялык техникаларды камсыздандыруу системасынын мүмкүнчүлүгүн жана ири тобокелдиктерди жабуудагы натыйжалуулугун көрсөткөн тарыхый окуя болуп саналат.Адистердин баамында, рекорддук өлчөмдөгү компенсация мамлекеттик активдерди камсыздандыруунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктап, тармактын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.
Индия Telegram мессенджерин убактылуу бөгөттөдү Индия Telegram мессенджерин 22-июнга чейин бөгөттөдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Маалыматка караганда, платформа медициналык окуу жайларга кабыл алуу боюнча улуттук сынактагы алдамчылык схемаларында колдонулушу мүмкүн деген кооптонуулардан улам ушундай чечим кабыл алынган. Бийлик чектөө "Маалыматтык технологиялар жөнүндө" мыйзамдын негизинде киргизилгенин, ал өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо максатында онлайн-платформаларды бөгөттөөгө мүмкүндүк берерин билдирди.
2027-жылдын 1-январынан тарта 1–4-класстын окуучуларынын тамактануусуна бөлүнгөн каражат күнүнө 14 сомдон 40 сомго чейин көбөйөт. Бул тууралуу Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев аппараттык жыйында билдирди. Жыйында мектеп окуучуларынын тамактануу сапаты талкууланып, азыркы каржылоо нормасы балдарды толук кандуу жана тең салмактуу тамактандырууга жетишсиз экени белгиленди.Өкмөт башчысы балдардын ден соолугу мамлекеттин негизги артыкчылыктарынын бири экенин белгилеп, каржылоонун көбөйүшү мектептердеги тамак-аштын сапатын жакшыртууга шарт түзөрүн айтты.Тиешелүү министрликтерге жаңы, тең салмактуу меню иштеп чыгуу жана 2027-жылкы бюджетте керектүү каражаттарды алдын ала караштыруу тапшырылды.Кыргызстанда такси кызматын көрсөтүүгө лицензия алуу процесси толугу менен санариптештирилип, мобилдик тиркеме аркылуу жүргүзүлө баштады. Бул маселе Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев өткөргөн аппараттык жыйында талкууланды. Жаңы тартипке ылайык, айдоочулар кагаз документтерди чогултпай эле, жөнөкөйлөштүрүлгөн электрондук жол менен лицензия ала алышат. Өкмөт бул кадам кызмат көрсөтүүлөрдүн ачыктыгын жана жеткиликтүүлүгүн жогорулатууга багытталганын белгиледи.Ошол эле учурда айдоочулар медициналык жана техникалык кароодон өтүү талаптарын милдеттүү түрдө аткарууга тийиш. Министрлер кабинетинин төрагасы 2026-жылдын 1-июлунан тарта тиешелүү лицензиясы жок такси кызматын көрсөткөндөр мыйзам чегинде жоопкерчиликке тартыла турганын эскертти.Мамлекеттик камсыздандыруу уюму тик учак үчүн 254 млн сом компенсация бердиКыргызстандын камсыздандыруу тарыхында авиациялык окуя боюнча эң ири камсыздандыруу төлөмү жүргүзүлдү. Бул тууралуу Мамлекеттик камсыздандыруу уюму билдирди.Маалыматка ылайык, компания Кыргыз Республикасынын Коргоо министрлиги үчүн 253,9 миллион сом өлчөмүндө камсыздандыруу компенсациясын төлөп берди. Каражат 2025-жылы куткаруу операциясын аткарып жатып кырсыкка кабылган Ми-8 тик учагына байланыштуу төлөнгөн.Окуя Жеңиш чокусу аймагында болгон. Билдирүүгө ылайык, тик учак 2024-жылы расмий түрдө камсыздандырылган.Компания белгилегендей, бул төлөм өлкөдөгү мамлекеттик мүлктү, анын ичинде кымбат баалуу авиациялык техникаларды камсыздандыруу системасынын мүмкүнчүлүгүн жана ири тобокелдиктерди жабуудагы натыйжалуулугун көрсөткөн тарыхый окуя болуп саналат.Адистердин баамында, рекорддук өлчөмдөгү компенсация мамлекеттик активдерди камсыздандыруунун маанилүүлүгүн дагы бир жолу тастыктап, тармактын өнүгүшүнө оң таасирин тийгизет.Индия Telegram мессенджерин убактылуу бөгөттөдү Индия Telegram мессенджерин 22-июнга чейин бөгөттөдү. Бул тууралуу Reuters агенттиги жазды. Маалыматка караганда, платформа медициналык окуу жайларга кабыл алуу боюнча улуттук сынактагы алдамчылык схемаларында колдонулушу мүмкүн деген кооптонуулардан улам ушундай чечим кабыл алынган. Бийлик чектөө "Маалыматтык технологиялар жөнүндө" мыйзамдын негизинде киргизилгенин, ал өлкөнүн эгемендүүлүгүн жана аймактык бүтүндүгүн коргоо максатында онлайн-платформаларды бөгөттөөгө мүмкүндүк берерин билдирди.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/06/11/1101915011_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_7e7803f454e94061a4d48ccd9d40b3ec.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио