https://sputnik.kg/20260221/1099865913.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү дүйнөнүн 80ден көп өлкөсүнө экспорттоло баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек... 21.02.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-02-21T17:00+0600
2026-02-21T17:00+0600
2026-02-21T17:16+0600
https://sputnik.kg/img/07ea/02/15/1099865747_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_0873fc8361e755ed4687f0374db8f171.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү дүйнөнүн 80ден көп өлкөсүнө экспорттоло баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда айтты. "Бийлик менен бизнестин аракети барган сайын шайкеш келүүдө. Күйүүчү май, насыя берүү жана башка маселелерди чечүүдө олуттуу прогресс бар. 2030-жылга чейинки улуттук программада айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүн, кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, суунун жоготуу деңгээлин 15 пайызга чейин төмөндөтүү, сугат жерлердин аянтын 15 миң гектарга көбөйтүү, жерлердин суу менен камсыз болушун 93 миң гектарга жогорулатуу камтылган. Быйыл ирригация тармагына 12,3 миллиард сом каралды", — деген ал. Касымалиев бул жылы айыл чарбасына өткөн жылдагыдан дээрлик 10 милиард сомго көп каражат — 41 миллиард 1 миллион сом багыттоо пландаштырылганын билдирди. Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25 пайызга, 2040-жылга чейин 50 пайызга жеткирүүнү пландоодо. Жогорудагы максаттарга жетүү үчүн 2030-жылга чейин кайра иштетүүчү 385 ишкананы ишке киргизүү зарыл. Өкмөт башчы айыл чарба тармагындагы өткөн жылдын негизги көрсөткүчтөрүнө да токтолду. Анын айтымында, 2025-жылы айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 459,7 миллиард сомду түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 миллиард сомго көп болуп, өсүү темпи 102,2 пайызга жеткен. Касымалиев жакынкы жылдары үрөнчүлүктүн, асыл тукум мал чарбасынын жана питомниктердин материалдык базасын активдүү чыңдоо зарыл экенин кошумчалады.
Бишкекке Жер шарынын борбору Ысык-Көл болуп көрсөтүлгөн дүйнө картасы орнотулат. Бул тууралуу президенттик администрация маалымдады. Билдирүүгө ылайык, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев XI кылымда жашап өткөн Махмуд Кашгари түзгөн дүйнө картасынын көчүрмөсүн орнотуу боюнча демилге көтөргөн. "Борбор Азиядагы ислам ренессансынын толкунунда жаралган картада дүйнөнүн борбору деп Ысык-Көл көрсөтүлгөн. Бул демилге Махмуд Кашгари-Барсканинин 1000 жылдыгына карата иш-чаралардын бир бөлүгү болмокчу", — деп айтылат маалыматта. Эми Маданият министрлиги сынак аркылуу эң мыкты долбоорду тандап алышы керек.
АКШнын Жогорку соту Дональд Трамптын импорттук тарифтерин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Чечим боюнча Эл аралык өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар мыйзамы президентке бажы алымдарын өз алдынча киргизүүгө укук бербейт. Маалыматка ылайык, мындай укук Конгресске таандык. Ак үйдүн башчысы соттун чечимин “маскара” деп атады.
Кыргызстандын айыл чарба продукциясынын 60тан ашык түрү дүйнөнүн 80ден көп өлкөсүнө экспорттоло баштады. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев "Агродиалог" форумунда айтты. "Бийлик менен бизнестин аракети барган сайын шайкеш келүүдө. Күйүүчү май, насыя берүү жана башка маселелерди чечүүдө олуттуу прогресс бар. 2030-жылга чейинки улуттук программада айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмүн, кайра иштетүүнүн көлөмүн көбөйтүү, суунун жоготуу деңгээлин 15 пайызга чейин төмөндөтүү, сугат жерлердин аянтын 15 миң гектарга көбөйтүү, жерлердин суу менен камсыз болушун 93 миң гектарга жогорулатуу камтылган. Быйыл ирригация тармагына 12,3 миллиард сом каралды", — деген ал. Касымалиев бул жылы айыл чарбасына өткөн жылдагыдан дээрлик 10 милиард сомго көп каражат — 41 миллиард 1 миллион сом багыттоо пландаштырылганын билдирди. Өкмөт 2030-жылга чейин айыл чарба продукциясын кайра иштетүүнүн көлөмүн 25 пайызга, 2040-жылга чейин 50 пайызга жеткирүүнү пландоодо. Жогорудагы максаттарга жетүү үчүн 2030-жылга чейин кайра иштетүүчү 385 ишкананы ишке киргизүү зарыл. Өкмөт башчы айыл чарба тармагындагы өткөн жылдын негизги көрсөткүчтөрүнө да токтолду. Анын айтымында, 2025-жылы айыл чарба продукциясын өндүрүү көлөмү 459,7 миллиард сомду түздү. Бул 2024-жылга салыштырмалуу 62,9 миллиард сомго көп болуп, өсүү темпи 102,2 пайызга жеткен. Касымалиев жакынкы жылдары үрөнчүлүктүн, асыл тукум мал чарбасынын жана питомниктердин материалдык базасын активдүү чыңдоо зарыл экенин кошумчалады.Бишкекке Жер шарынын борбору Ысык-Көл болуп көрсөтүлгөн дүйнө картасы орнотулат. Бул тууралуу президенттик администрация маалымдады. Билдирүүгө ылайык, мамлекеттик катчы Арслан Койчиев XI кылымда жашап өткөн Махмуд Кашгари түзгөн дүйнө картасынын көчүрмөсүн орнотуу боюнча демилге көтөргөн. "Борбор Азиядагы ислам ренессансынын толкунунда жаралган картада дүйнөнүн борбору деп Ысык-Көл көрсөтүлгөн. Бул демилге Махмуд Кашгари-Барсканинин 1000 жылдыгына карата иш-чаралардын бир бөлүгү болмокчу", — деп айтылат маалыматта. Эми Маданият министрлиги сынак аркылуу эң мыкты долбоорду тандап алышы керек.АКШнын Жогорку соту Дональд Трамптын импорттук тарифтерин мыйзамсыз деп тапты. Бул тууралуу РИА Новости кабарлады. Чечим боюнча Эл аралык өзгөчө экономикалык ыйгарым укуктар мыйзамы президентке бажы алымдарын өз алдынча киргизүүгө укук бербейт. Маалыматка ылайык, мындай укук Конгресске таандык. Ак үйдүн башчысы соттун чечимин “маскара” деп атады.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/02/15/1099865747_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_b71e183b466f9373c674485250c58d5f.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио