https://sputnik.kg/20260120/kyrgyz-studentterinin-aytylbagan-tarykhy-1099252466.html
Кыргыз студенттеринин айтылбаган тарыхы. Видеобаян
Кыргыз студенттеринин айтылбаган тарыхы. Видеобаян
Sputnik Кыргызстан
Кыргызстанда университеттер кандайча пайда боло баштаган? Студенттердин жашосу 100 жыл мурун кандай эле? Өлкөдөгү билим берүүнүн тарыхына сереп салып көрдүк. 20.01.2026, Sputnik Кыргызстан
2026-01-20T20:00+0600
2026-01-20T20:00+0600
2026-01-20T20:00+0600
кыргызстан
россия
билим берүү
тарых
видео
https://sputnik.kg/img/07ea/01/14/1099252076_0:0:1920:1080_1920x0_80_0_0_82f128369f5f1b334e4a84fcbe153058.jpg
Жүз жылдан ашуун убакыт мурун Пишпек уездинин башкы көчөсү жайында чаңдап, кышында ылай-балчыкка айланган топурак жол эле. Кеп Казань көчөсү тууралуу жүрүп жатат, барып-барып бул жер Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө айланган. Азыркы Фрунзе менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилиши — борбор калаанын чок ортосу. Бирок өткөн кылымдын орто ченинде бул аймак тегерек-чети талаа болгон шаардын чекеси болчу. Базар менен ызы-чуулуу көчөлөрдөн алыс болгондуктан университет курууга абдан ылайыктуу деп табылган. 1924-жылы Пишпек Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун борбору деген макамга ээ болот. Калктын 90 пайызы окуп-жазганды билбегендиктен, совет бийлигинин алдында элдин кат-сабатын жоюу милдети турган. Кадрларды даярдоо үчүн гимназиянын имаратында педагогикалык техникум ачылып, ал жакка Москва, Ленинград, Казань жана башка шаарлардан мугалимдер чакырылган. Жети жылдан кийин бул техникумдун базасында республиканын биринчи жогорку окуу жайы болгон Кыргыз педагогикалык институту иштей баштайт. Бүтүрүүчүлөрү дароо айылга балдарды окутууга жөнөтүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында да мугалимдер менен студенттердин көбү фронтко кеткенине карабай окуу токтогон эмес. Согуш аяктагандан кийин студенттердин саны көбөйүп, эски имарат тардык кыла баштаган. 1949-жылы жаңы корпустун курулушу башталат. Материал менен техниканын жетишсиздигинен улам ага студенттер, мугалимдер, шаар тургундары тартылган. 1951-жылы курулуш соңуна чыгып, билим берүү мекемеси Кыргыз мамлекеттик университети болуп кайра түзүлөт. Совет доорунда билим алгандар бир топ социалдык кепилдиктерге ээ болчу. Бүтүрүүчүлөр ишке орношуп, айлык алып, акысыз дарыланып, билим ала алчу. Мугалим, дарыгер, инженер сыяктуу адистерге турак жай берилчү. Россияда билим алуу салты бүгүн да сакталуу. Кыргызстандын жарандары россиялыктар менен бирдей эле жалпы мамлекеттик же ички экзамен, болбосо олимпиадалар аркылуу РФтин окуу жайларына тапшырып жатышат. Мындан тышкары, акысыз билим алууга квота да бөлүнүп турат, акыркы беш жылда 370тен 700гө көбөйдү. Жогорку билим карьерага да жол ачары белгилүү. Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Камчыбек Ташиев сыяктуу Кыргызстандын жетекчилери Россиянын алдыңкы окуу жайларынан окушкан.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2026
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07ea/01/14/1099252076_240:0:1680:1080_1920x0_80_0_0_35e5684bcc36c4020b9d93724a09e17d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, россия, билим берүү, тарых, видео, видео
кыргызстан, россия, билим берүү, тарых, видео, видео
Кыргыз студенттеринин айтылбаган тарыхы. Видеобаян
Кыргызстанда университеттер кандайча пайда боло баштаган? Студенттердин жашосу 100 жыл мурун кандай эле? Өлкөдөгү билим берүүнүн тарыхына сереп салып көрдүк.
Жүз жылдан ашуун убакыт мурун Пишпек уездинин башкы көчөсү жайында чаңдап, кышында ылай-балчыкка айланган топурак жол эле. Кеп Казань көчөсү тууралуу жүрүп жатат, барып-барып бул жер Бишкек шаарынын борбордук бөлүгүнө айланган.
Азыркы Фрунзе менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилиши — борбор калаанын чок ортосу. Бирок өткөн кылымдын орто ченинде бул аймак тегерек-чети талаа болгон шаардын чекеси болчу. Базар менен ызы-чуулуу көчөлөрдөн алыс болгондуктан университет курууга абдан ылайыктуу деп табылган.
1924-жылы Пишпек Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун борбору деген макамга ээ болот. Калктын 90 пайызы окуп-жазганды билбегендиктен, совет бийлигинин алдында элдин кат-сабатын жоюу милдети турган. Кадрларды даярдоо үчүн гимназиянын имаратында педагогикалык техникум ачылып, ал жакка Москва, Ленинград, Казань жана башка шаарлардан мугалимдер чакырылган.
Жети жылдан кийин бул техникумдун базасында республиканын биринчи жогорку окуу жайы болгон Кыргыз педагогикалык институту иштей баштайт. Бүтүрүүчүлөрү дароо айылга балдарды окутууга жөнөтүлгөн. Улуу Ата Мекендик согуш жылдарында да мугалимдер менен студенттердин көбү фронтко кеткенине карабай окуу токтогон эмес.
Согуш аяктагандан кийин студенттердин саны көбөйүп, эски имарат тардык кыла баштаган. 1949-жылы жаңы корпустун курулушу башталат. Материал менен техниканын жетишсиздигинен улам ага студенттер, мугалимдер, шаар тургундары тартылган. 1951-жылы курулуш соңуна чыгып, билим берүү мекемеси Кыргыз мамлекеттик университети болуп кайра түзүлөт.
Совет доорунда билим алгандар бир топ социалдык кепилдиктерге ээ болчу. Бүтүрүүчүлөр ишке орношуп, айлык алып, акысыз дарыланып, билим ала алчу. Мугалим, дарыгер, инженер сыяктуу адистерге турак жай берилчү.
Россияда билим алуу салты бүгүн да сакталуу. Кыргызстандын жарандары россиялыктар менен бирдей эле жалпы мамлекеттик же ички экзамен, болбосо олимпиадалар аркылуу РФтин окуу жайларына тапшырып жатышат. Мындан тышкары, акысыз билим алууга квота да бөлүнүп турат, акыркы беш жылда 370тен 700гө көбөйдү.
Жогорку билим карьерага да жол ачары белгилүү. Исхак Раззаков, Турдакун Усубалиев, Роза Отунбаева, Алмазбек Атамбаев жана Камчыбек Ташиев сыяктуу Кыргызстандын жетекчилери Россиянын алдыңкы окуу жайларынан окушкан.