Сүттөй болгон туман "Манас" аэропортунун ишин токтотууда
Сүттөй болгон туман "Манас" аэропортунун ишин токтотууда
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Акыркы күндөрү "Манас" аэропортунда тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана... 23.12.2025, Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Акыркы күндөрү "Манас" аэропортунда тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталууда. Адатта туман республиканын түштүгүндөгү аэропорттордо көп кездешип келген болсо, эми Бишкекте улам-улам кайталанып жатат. Жума күндөн баштап келген учактар Алматыга жана Тамчыга багытталууда. Кечээ Тамчыдагы аэропортто ачууланган жүргүнчүлөр компьютер менен принтерди талкалап салышкан. Аялдардын биринин айтымында, алар автобусту жети саат күтүшкөн. Ысык-Көл аэропорту жай мезгилинде гана толук кандуу иштегендиктен көп сандагы рейстерди кабыл алууга даяр эмес. Керектүү жабдуулардын жоктугунан Москвадан келген рейстердин биринен жүктөр түшүрүлбөй калып, жүргүнчүлөр Бишкекке автобус менен кетишкен. Кийинчерээк жүгү бар учак борборго тумандан улам коно албай, Ошко багыт алган. Учурда борт Ош шаарында "Манас" аэропортундагы аба ырайынын жакшырышын күтүп жатат. Авиакомпания бардык жүргүнчүлөргө багаж Бишкекке келгенден кийин дароо кабар берет. Эмне кылыш керек? "Манас" аэропорту Бишкектен 23 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Айрымдар анын географиялык абалы туура эмес тандалганын айтып келишет. Себеби аймак канчалык ылдый болсо, туман ошончолук коюу болот. "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын инфраструктуралык жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов билдиргендей, жакынкы айда жарык-сигналдык жабдуулардын категориясын биринчиден үчүнчүгө чейин жогорулатуу менен туман маселеси чечилет. "Учуп-конуу тилкесин оңдоп, жаңы жабдуу орнотуп жатабыз. Азыр аны башкаруу пультуна кошуу иштери аткарылууда. 2026-жылдын январынан тарта жаңы система кирет. Андан кийин тумандан улам жаралган көйгөйлөр азайып же такыр эле жок болушу керек", — деди ал. "Манастын" реконструкциясы аяктап, жаңы жарык берүүчү жана аэродромдук системалар ишке киргенден кийин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эң жогорку талаптарына жооп берет деп күтүлүүдө.
БИШКЕК, 23-дек. — Sputnik. Акыркы күндөрү "Манас" аэропортунда тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталууда.
Адатта туман республиканын түштүгүндөгү аэропорттордо көп кездешип келген болсо, эми Бишкекте улам-улам кайталанып жатат.
"Метеорологдордун айтымында, Бишкек үчүн туман нормага айланды. Рейстерди кабыл алып, жөнөтүү үчүн кеминде 800 метр аралык көрүнүп турушу керек. Ал эми бизде 400 метр гана болуп жатат. Туман дагы сүттөй коюу болууда. Мурда мындай болчу эмес. Азыркы тапта 10 рейс кармалып, бирөө токтотулуп, экөө Ысык-Көлгө жөнөтүлдү", — деди "Кыргызстан аэропорттору" ААКнын маалымат кызматынын жетекчиси Алена Хоменко.
Жума күндөн баштап келген учактар Алматыга жана Тамчыга багытталууда. Кечээ Тамчыдагы аэропортто ачууланган жүргүнчүлөр компьютер менен принтерди талкалап салышкан. Аялдардын биринин айтымында, алар автобусту жети саат күтүшкөн.
Ысык-Көл аэропорту жай мезгилинде гана толук кандуу иштегендиктен көп сандагы рейстерди кабыл алууга даяр эмес. Керектүү жабдуулардын жоктугунан Москвадан келген рейстердин биринен жүктөр түшүрүлбөй калып, жүргүнчүлөр Бишкекке автобус менен кетишкен. Кийинчерээк жүгү бар учак борборго тумандан улам коно албай, Ошко багыт алган. Учурда борт Ош шаарында "Манас" аэропортундагы аба ырайынын жакшырышын күтүп жатат. Авиакомпания бардык жүргүнчүлөргө багаж Бишкекке келгенден кийин дароо кабар берет.
Акыркы күндөрү "Манас" аэропортунда тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталууда
Акыркы күндөрү "Манас" аэропортунда тумандан улам учактар учуп-коно албай, каттамдар Ысык-Көлдөгү, Алматыдагы, Ташкенттеги жана Оштогу башка аба майдандарга багытталууда
Ысык-Көл аэропорту жай мезгилинде гана толук кандуу иштегендиктен көп сандагы рейстерди кабыл алууга даяр эмес
Эмне кылыш керек?
"Манас" аэропорту Бишкектен 23 чакырым түндүк-батышта жайгашкан. Айрымдар анын географиялык абалы туура эмес тандалганын айтып келишет. Себеби аймак канчалык ылдый болсо, туман ошончолук коюу болот.
"Кыргызстан аэропорттору" ААКнын инфраструктуралык жана аймактык өнүктүрүү боюнча директору Алтынбек Мамбетов билдиргендей, жакынкы айда жарык-сигналдык жабдуулардын категориясын биринчиден үчүнчүгө чейин жогорулатуу менен туман маселеси чечилет.
"Учуп-конуу тилкесин оңдоп, жаңы жабдуу орнотуп жатабыз. Азыр аны башкаруу пультуна кошуу иштери аткарылууда. 2026-жылдын январынан тарта жаңы система кирет. Андан кийин тумандан улам жаралган көйгөйлөр азайып же такыр эле жок болушу керек", — деди ал.
"Манастын" реконструкциясы аяктап, жаңы жарык берүүчү жана аэродромдук системалар ишке киргенден кийин Эл аралык жарандык авиация уюмунун (ИКАО) эң жогорку талаптарына жооп берет деп күтүлүүдө.