https://sputnik.kg/20251111/ukrainada-atyshuu-toktoso-ele-chyrdyn-tupku-sebebi-zhoyulup-ketpeyt-1097762288.html
Небензя: Украинада атышуу токтосо эле чырдын түпкү себеби жоюлуп кетпейт
Небензя: Украинада атышуу токтосо эле чырдын түпкү себеби жоюлуп кетпейт
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Украинада атышуунун токтошу менен эле жаңжалдын баштапкы себептери жоюлуп кетпейт. Бул тууралуу Россиянын БУУДагы туруктуу өкүлү... 11.11.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-11-11T11:14+0600
2025-11-11T11:14+0600
2025-11-11T11:14+0600
россиянын донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
дүйнөдө
россия
украина
атайын операция
себеп
василий небензя
https://sputnik.kg/img/07e8/04/13/1084371684_0:0:3074:1730_1920x0_80_0_0_211f9b71d94b4da183c4e960e2523feb.jpg
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Украинада атышуунун токтошу менен эле жаңжалдын баштапкы себептери жоюлуп кетпейт. Бул тууралуу Россиянын БУУДагы туруктуу өкүлү Василий Небензя маек учурнда айтканын РИА Новости кабарлады. Небензя муну менен бирге Батыш Украинаны колдонуп Россияны тизелете албасын жакшы түшүнөрүнө токтолгон. "Бул — Украина менен да эмес, бүтүндөй Батыш менен каршылашуу. Алар үчүн Киев болгону Россияга сокку уруу үчүн пайдаланыла турган курал. Азыр аны көп айтпай калышты, анткени Россияны жеңип алуу мүмкүн эмес экенин аз-аздап түшүнүп келе жатышат", — деди дипломат. РФ өкүлү украин маселесин чечүүдөгү АКШнын аракети боюнча да пикирин билдирген. Анын айтымында, Америка тарап жаңжалдын канчалык тереңдеп кеткенин жакшы аңдай албай жатат. "АКШ администрациясы чырды соңуна чыгарууга чын дилинен киришип жатат, бирок анын келип чыккан себеби канчалык терең экенин чындап түшүнө электей", — деди Небензя. Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-августунда Россия менен АКШ лидерлери Аляскада жолугуп, эки тараптуу мамилелерди жана украин маселесин жөнгө салуу жолдорун талкуулашкан. Путин да, Трамп да сүйлөшүү маңыздуу болду деген жыйынтыкка келишкен. РФ президенти саммиттин жыйынтыгы менен Украина чырын аяктоо мүмкүнчүлүгү пайда болгонун айтып, тынчтык узакка созулушу керектигин белгилеген. Ага чейин Путин узак мөөнөттүү тынчтык үчүн жаңжалдын түпкү себептери жоюлушу керектигин бир нече ирет айткан.
https://sputnik.kg/20251111/ukrain-zhanzhalynan-aksh-kancha-chygymga-uchuragan-1097759958.html
украина
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/04/13/1084371684_303:0:3034:2048_1920x0_80_0_0_88c50a1d22ef83eb0ea09058f8e5c9a3.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, себеп, василий небензя
дүйнөдө, россия, украина, атайын операция, себеп, василий небензя
БИШКЕК, 11-ноя. — Sputnik. Украинада атышуунун токтошу менен эле жаңжалдын баштапкы себептери жоюлуп кетпейт. Бул тууралуу Россиянын БУУДагы туруктуу өкүлү Василий Небензя маек учурнда айтканын
РИА Новости кабарлады.
"Ушу тапта Владимир Зеленский менен европалыктар атышууну токтотууну талап кылып жатышат. Бул болгону алардын согуш талаасындагы оор абалынын чагылышы, аларга азыр адам ресурсу жетишпей турат. Бир аз дем алып алып, кайрадан Украинага курал-жарак ташуу үчүн убакыт керек. Бирок тирешүүнү, атышууну токтотуп, биз жаңжалга себепкер болгон маселелерди чече албайбыз", — деди РФ өкүлү.
Небензя муну менен бирге Батыш Украинаны колдонуп Россияны тизелете албасын
жакшы түшүнөрүнө токтолгон.
"Бул — Украина менен да эмес, бүтүндөй Батыш менен каршылашуу. Алар үчүн Киев болгону Россияга сокку уруу үчүн пайдаланыла турган курал. Азыр аны көп айтпай калышты, анткени Россияны жеңип алуу мүмкүн эмес экенин аз-аздап түшүнүп келе жатышат", — деди дипломат.
РФ өкүлү украин маселесин чечүүдөгү АКШнын аракети боюнча да
пикирин билдирген. Анын айтымында, Америка тарап жаңжалдын канчалык тереңдеп кеткенин жакшы аңдай албай жатат.
"АКШ администрациясы чырды соңуна чыгарууга чын дилинен киришип жатат, бирок анын келип чыккан себеби канчалык терең экенин чындап түшүнө электей", — деди Небензя.
Эскерте кетсек, ушул жылдын 15-августунда Россия менен АКШ лидерлери Аляскада жолугуп, эки тараптуу мамилелерди жана украин маселесин жөнгө салуу жолдорун талкуулашкан. Путин да, Трамп да сүйлөшүү маңыздуу болду деген жыйынтыкка келишкен. РФ президенти саммиттин жыйынтыгы менен Украина чырын аяктоо мүмкүнчүлүгү пайда болгонун айтып, тынчтык узакка созулушу керектигин белгилеген. Ага чейин Путин узак мөөнөттүү тынчтык үчүн жаңжалдын түпкү себептери жоюлушу керектигин бир нече ирет айткан.