Мамытов: Батышка ыңгайлуу неоклассикалык экономиканын доору бүтүп баратат

© Sputnik / Арууке Амирдинова
Жазылуу
Экономист Улукман Мамытов неоклассикалык экономика теорияга гана таянарын айтты.
Неоклассикалык экономика же болбосо теорияга гана таянып өткөндү, экономикалык тарыхты эсепке албаган учурдун доору бүтүп бара жатат, бир гана теорияга таянуу туура эместигин көп өлкө билип калды. Мындай пикирин Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, неоклассикалык экономиканы Англия сунуштап, көп өлкөлөргө жайылган. Бирок ошол кезде эле мындай жол менен кетүүнү каалабаган мамлекеттер болгон.
"Неоклассикалык экономика теорияга гана таянат. Ал эми теория кургак сандардан, формулалардан турат. Экономика илиминде бир нече теория бар. Англия учурунда өзүнө ыңгайлуу болгон теорияны тандап алып, аны дүйнөгө жайылтууга аракет кылган. Кандай болгон? Бул теория боюнча өлкөлөрдө рыноктук экономика, башкача айтканда, ким күчтүү болсо ошол жеңет, ал өндүрүшчүбү же кызыл кулак соодагерби, айырмасы жок. Соода үчүн чек аралардын ачыктыгы, албетте, ошол кезде экономикасын жолго коюп алган Британия үчүн ыңгайлуу болгон. Алар мындай жол менен өз товарын дүйнөгө эркин таратып, соодасын тоскоолдуксуз жүргүзө алышкан. Бирок ушуга эле каршы келген экономиканы өндүрүшү күчтүү Кытай, Түштүк Корея, Малайзия сыяктуу өлкөлөр колдонуп келе жатышат. Дүйнө барган сайын бул туура кадам экенине ынанууда. Бул өлкөлөр экономикалык теорияга гана басым жасабастан, анын тарыхына да көңүл бурушат. Кайсы доордо, кайсы өлкөдө эмне болду эле, кандай экономикалык кризистер, эмнеден келип чыккан жана кургак сандарды, теорияларды кое туруп, мурда бир мамлекет кетирген катаны биз да кетирип албайлы деген кадам. Мунун тууралыгын, бир гана рыноктук экономика менен чакан өлкөлөр өнүгө албастыгын эми башка мамлекеттер да түшүнүп, глобалдаштыруу, ачык рыноктук экономика деген ураандар алдында кыймылдаган неоклассикалык экономикадан баш тартып жатышат. Бул — мезгил талабы жана туура кадам", — деди Мамытов.
Ал учурда Кыргызстан дагы ачык рыноктук экономикадан баш тартып, пландык экономикага кайтып жатканын кошумчалады.
