https://sputnik.kg/20251020/aydoochular-moonot-koyulgan-chektoo-alynyshy-yktymal-1097284691.html
ЕАЭБ: айдоочулардын Россияда жүрүү мөөнөтүнө коюлган чектөө алынышы ыктымал
ЕАЭБ: айдоочулардын Россияда жүрүү мөөнөтүнө коюлган чектөө алынышы ыктымал
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин айдоочуларына Россияда жүрүү мөөнөтүнө коюлган чектөө алынышы ыктымал. Бул... 20.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-20T17:42+0600
2025-10-20T17:42+0600
2025-10-20T17:43+0600
еаэб
россия
миграция
айдоочу
экономика
чектөө
мыйзам
тоскоолдук
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/19/1090393284_0:320:3072:2048_1920x0_80_0_0_05a6caacb8573fc75d8506c4d2327d94.jpg
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин айдоочуларына Россияда жүрүү мөөнөтүнө коюлган чектөө алынышы ыктымал. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдиргенин Sputnik Армения жазды. Россияга жүк ташыган армениялык айдоочулар өкмөт үйүнүн алдында бир нече жолу нааразылык акциясын өткөрүп, бийликтен маселени чечүүнү талап кылышкан. Армениянын Экономика министрлиги бул жалпы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көйгөйү экенин жана маселени чечүү жолдору каралып жатканын билдирген. ЕЭК бул маселени чечүү күн тартибинде турганын айтып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары менен тыгыз иш жүргүзүп жатканын айтып ишендирүүдө. Коммиссиянын маалыматына таянсак, уюмдун аткаруу органдарынын, мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кирген ыкчам штаб түзүлгөн. Ал эл аралык ташуулар учурунда миграциялык процедураларды жөнгө салуу боюнча маалыматтарды чогултуп, кырдаалды тез арада жөнгө салуу үчүн Россия өкмөтүнө жиберет. Эске салсак, ушул жылдын 1-январынан тарта Россияда визасыз режимдеги өлкөлөрдүн жарандарынын Россияда болуу мөөнөтүн чектеген "Чет өлкөлүк жарандардын укуктук макамы жөнүндө" федералдык мыйзам иштей баштаган. Ага ылайык, жумушка орношуу максатында келбеген чет өлкөлүктөр (эгерде миграциялык картада "иштөө" деген максат көрсөтүлбөсө) бир жыл ичинде Россиянын аймагында 90 күндөн ашык боло алышпайт. Буга чейинки талап боюнча 180 күндүк мөөнөттө 90 күн болууга уруксат бар болчу.
https://sputnik.kg/20251014/yeaeb-duynoluk-transport-khab-1097142797.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e8/0b/19/1090393284_341:0:3072:2048_1920x0_80_0_0_d323c7ba3ed8d7a114c8c4f54f88d8e7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
еаэб, россия, миграция, айдоочу, экономика, чектөө, мыйзам, тоскоолдук
еаэб, россия, миграция, айдоочу, экономика, чектөө, мыйзам, тоскоолдук
БИШКЕК, 20-окт. — Sputnik. Евразия экономикалык бирлигине мүчө мамлекеттердин айдоочуларына Россияда жүрүү мөөнөтүнө коюлган чектөө алынышы ыктымал. Бул тууралуу Евразия экономикалык комиссиясы билдиргенин
Sputnik Армения жазды.
Россияга жүк ташыган армениялык айдоочулар өкмөт үйүнүн алдында бир нече жолу нааразылык акциясын өткөрүп, бийликтен маселени чечүүнү талап кылышкан. Армениянын Экономика министрлиги бул жалпы ЕАЭБ өлкөлөрүнүн көйгөйү экенин жана маселени чечүү жолдору каралып жатканын билдирген.
ЕЭК бул маселени чечүү күн тартибинде турганын айтып, уюмга мүчө өлкөлөрдүн ыйгарым укуктуу органдары менен тыгыз иш жүргүзүп жатканын айтып ишендирүүдө.
"Көйгөйдү чечүүнүн эки жолу каралууда. Биринчиси – ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин эл аралык жүк ташыган айдоочуларына карата тоскоолдуктарды алып салуу. Экинчиси – мындай чектөө чараларын уюмдун эл аралык жүк ташыган айдоочуларына карата колдонбоо маселесин карап жатабыз", —деп айтылат билдирүүдө.
Коммиссиянын маалыматына таянсак, уюмдун аткаруу органдарынын, мүчө мамлекеттердин ыйгарым укуктуу органдарынын жана бизнес-коомчулуктун өкүлдөрү кирген ыкчам штаб түзүлгөн. Ал эл аралык ташуулар учурунда миграциялык процедураларды жөнгө салуу боюнча маалыматтарды чогултуп, кырдаалды тез арада жөнгө салуу үчүн Россия өкмөтүнө жиберет.
Эске салсак, ушул жылдын 1-январынан тарта Россияда визасыз режимдеги өлкөлөрдүн жарандарынын Россияда болуу мөөнөтүн чектеген "Чет өлкөлүк жарандардын укуктук макамы жөнүндө" федералдык мыйзам иштей баштаган. Ага ылайык, жумушка орношуу максатында келбеген чет өлкөлүктөр (эгерде миграциялык картада "иштөө" деген максат көрсөтүлбөсө) бир жыл ичинде Россиянын аймагында 90 күндөн ашык боло алышпайт. Буга чейинки талап боюнча 180 күндүк мөөнөттө 90 күн болууга уруксат бар болчу.