https://sputnik.kg/20251013/1097118259.html
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлиги алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарын эске салдыНетаньяху Израиль бардык фронтто жеңишке жеткенин жар салдыЧет өлкөдөгү... 13.10.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-10-13T13:00+0600
2025-10-13T13:00+0600
2025-10-13T13:16+0600
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0d/1097118093_0:3:1036:586_1920x0_80_0_0_148d9e568337e1f652fa42c255830934.jpg
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Sputnik Кыргызстан
Саламаттык сактоо министрлиги алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарын эске салдыНетаньяху Израиль бардык фронтто жеңишке жеткенин жар салдыЧет өлкөдөгү кыргызстандыктар ЖК шайлоосунда добуш берүү эрежелери белгилүү болдуАлдыда кененирээкЧет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосунда кантип добуш бере аларын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, өлкө аймагынан тышкары добуш берүүгө шарт түзгөн онлайн-идентификация ыкмасы киргизилди. Ал аркылуу жарандар Кыргызстандагы туруктуу катталган жерине келбей эле чет өлкөдөгү каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат. "Добуш берүүгө Кыргызстандын аймагында катталган, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана 18 жашка толгон жарандар катыша алат. Шайлоочуга анын катталган аймагындагы округдун бюллетени берилет жана бир гана талапкерге же "баарына каршы" добуш берүүгө болот", — деди ТИМ. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын алдын ала тизмесин "Тизме" мамлекеттик порталына жарыялаган. Жарандар тизмеде бар-жогун 19-ноябрга чейин ошол жерден тактай алат.
Саламаттык сактоо министрлиги калкка алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарын эске салды. Министрликтен белгилешкендей, эмдөөлөр календары калктын ден соолугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Балдар жана чоңдор ала турган вакциналардын так мөөнөттөрү жана түрлөрү бар. Календарда камтылган эмдөөлөр бейтапканаларда жана медициналык мекемелерде акысыз негизде жүргүзүлөт.16 жаштан баштап 56 жашка чейинки чоң адамдарга кептөөр жана селеймеге каршы ревакцинация АДС-М эмдөөсү алынган болуусу керек, ал акыркы ревакцинациядан кийинки ар бир 10 жыл сайын жүргүзүлөт.
Ысык-Көлдөн суучулдар 12-октябрга караган түнү 1500 метр тор чыгарып, 114 балыкты сууга коё беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Тоң районунун тушунан табылган 1500 метрге жеткен синтетикалык тор жаңы салынганы аныкталды. Белгилей кетсек, 2023-жылдын 12-мартынан бери президенттин жарлыгына ылайык, Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган. Учурда ӨКМ тарабынан көлдү тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, октябрга чейин көлдөн 80 миңден ашык тор чыгарылды.
Кыргыз күлүгү Каракыз Казакстанда белгилүү самбочу, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Ерлан Байбатыровдун элесине арналган аламан жарышта биринчи болуп келди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарап жатат.Тулпар казак менен кыргыздын 50 күлүгү катышкан 27 чакырымдык чоң жарышта баарын артка калтырган. Тасмадан Каракыз казактын Акбакай аттуу күлүгү менен тең келе жатып, чечүүчү жарым чакырымда ири айырма менен озуп чыкканын көрүүгө болот. Ал буга чейин да коңшу өлкөдөгү аламан жарыштарга катышып, бир нече жолу жеңген. Ал эми Көчмөндөр оюндарындагы жарышта үчүнчү орунду багындырган.
Израиль бардык фронтто жеңишке жетти. Бул тууралуу премьер-министр Биньямин Нетаньяху билдиргенин РИА Новости жазды. Анткен менен премьер-министр айрымдар кол салуу үчүн кайра күч топтоого аракет кылып жатканын айтты. "Биргелешкен аракет менен бүткүл дүйнөнү таң калтырган чоң жеңиштерге жеттик. Кайсы жагы болсо дагы биз жеңдик. Ошол эле учурда кампания бүтө электигин белгилеп кетейин. Бизде чече турган өтө олуттуу коопсуздук маселелери бар", — деген ал. Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, Газа секторунда атышуу жума күнү токтоду.
Саламаттык сактоо министрлиги алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарын эске салдыНетаньяху Израиль бардык фронтто жеңишке жеткенин жар салдыЧет өлкөдөгү кыргызстандыктар ЖК шайлоосунда добуш берүү эрежелери белгилүү болдуАлдыда кененирээкЧет өлкөдө жашаган кыргызстандыктар 30-ноябрда өтө турган Жогорку Кеңештин шайлоосунда кантип добуш бере аларын Тышкы иштер министрлиги билдирди. Маалыматка караганда, өлкө аймагынан тышкары добуш берүүгө шарт түзгөн онлайн-идентификация ыкмасы киргизилди. Ал аркылуу жарандар Кыргызстандагы туруктуу катталган жерине келбей эле чет өлкөдөгү каалаган шайлоо участогунда добуш бере алат. "Добуш берүүгө Кыргызстандын аймагында катталган, биометрикалык маалыматтарын тапшырган жана 18 жашка толгон жарандар катыша алат. Шайлоочуга анын катталган аймагындагы округдун бюллетени берилет жана бир гана талапкерге же "баарына каршы" добуш берүүгө болот", — деди ТИМ. Борбордук шайлоо комиссиясы шайлоочулардын алдын ала тизмесин "Тизме" мамлекеттик порталына жарыялаган. Жарандар тизмеде бар-жогун 19-ноябрга чейин ошол жерден тактай алат.Саламаттык сактоо министрлиги калкка алдын алуучу эмдөөлөрдүн календарын эске салды. Министрликтен белгилешкендей, эмдөөлөр календары калктын ден соолугун камсыздоодо маанилүү роль ойнойт. Балдар жана чоңдор ала турган вакциналардын так мөөнөттөрү жана түрлөрү бар. Календарда камтылган эмдөөлөр бейтапканаларда жана медициналык мекемелерде акысыз негизде жүргүзүлөт.16 жаштан баштап 56 жашка чейинки чоң адамдарга кептөөр жана селеймеге каршы ревакцинация АДС-М эмдөөсү алынган болуусу керек, ал акыркы ревакцинациядан кийинки ар бир 10 жыл сайын жүргүзүлөт.Ысык-Көлдөн суучулдар 12-октябрга караган түнү 1500 метр тор чыгарып, 114 балыкты сууга коё беришти. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришти. Маалыматка караганда, Тоң районунун тушунан табылган 1500 метрге жеткен синтетикалык тор жаңы салынганы аныкталды. Белгилей кетсек, 2023-жылдын 12-мартынан бери президенттин жарлыгына ылайык, Ысык-Көлдүн флора жана фаунасына зыян алып келген таштандылардан жана балык уулоочу торлордон тазалоо иши масштабдуу түрдө башталган. Учурда ӨКМ тарабынан көлдү тазалоо иштери күчөтүлгөн тартипте жүргүзүлүп, октябрга чейин көлдөн 80 миңден ашык тор чыгарылды.Кыргыз күлүгү Каракыз Казакстанда белгилүү самбочу, дүйнөнүн бир нече жолку чемпиону Ерлан Байбатыровдун элесине арналган аламан жарышта биринчи болуп келди. Бул тууралуу видео социалдык тармактарда тарап жатат.Тулпар казак менен кыргыздын 50 күлүгү катышкан 27 чакырымдык чоң жарышта баарын артка калтырган. Тасмадан Каракыз казактын Акбакай аттуу күлүгү менен тең келе жатып, чечүүчү жарым чакырымда ири айырма менен озуп чыкканын көрүүгө болот. Ал буга чейин да коңшу өлкөдөгү аламан жарыштарга катышып, бир нече жолу жеңген. Ал эми Көчмөндөр оюндарындагы жарышта үчүнчү орунду багындырган.Израиль бардык фронтто жеңишке жетти. Бул тууралуу премьер-министр Биньямин Нетаньяху билдиргенин РИА Новости жазды. Анткен менен премьер-министр айрымдар кол салуу үчүн кайра күч топтоого аракет кылып жатканын айтты. "Биргелешкен аракет менен бүткүл дүйнөнү таң калтырган чоң жеңиштерге жеттик. Кайсы жагы болсо дагы биз жеңдик. Ошол эле учурда кампания бүтө электигин белгилеп кетейин. Бизде чече турган өтө олуттуу коопсуздук маселелери бар", — деген ал. Эскерте кетсек, АКШ президенти Дональд Трамптын тынчтык орнотуу планына ылайык, Газа секторунда атышуу жума күнү токтоду.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e9/0a/0d/1097118093_126:0:910:588_1920x0_80_0_0_5bd04f080ae7b4ed010c09334c040c89.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
аудио