https://sputnik.kg/20250922/shayloodo-aralyktan-dobush-berse-bolot-1096669353.html
Шайлоодо аралыктан добуш берсе болот. Жаңы эреженин чоо-жайы
Шайлоодо аралыктан добуш берсе болот. Жаңы эреженин чоо-жайы
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Быйыл кабыл алынган мыйзамга ылайык, жарандар шайлоодо аралыктан добуш берсе болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан... 22.09.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-09-22T11:57+0600
2025-09-22T11:57+0600
2025-10-07T09:47+0600
кыргызстан
шайлоо
паспорт
каттоо
чет өлкө
аралыктан добуш берүү
жогорку кеңеш шайлоосу — 2025
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0e/1050427964_0:0:2480:1395_1920x0_80_0_0_3df2e870c930781b6ce440547f149753.jpg
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Быйыл кабыл алынган мыйзамга ылайык, жарандар шайлоодо аралыктан добуш берсе болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти. Мекеме "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө буга жол берилгенин белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн техника сыналып жатканын маалымдады. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ар бир жаран онлайн-идентификация аркылуу өзүнүн туруктуу катталган шайлоо участогуна барбай туруп, башка аймактагы шайлоо участогунда добуш берүүгө укук алат. Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар да ушул система аркылуу аралыктан добуш берүүгө шарт түзүлөт. Бирок мында эске ала турган бир жагдай бар. Кээ бир кыргызстандыктар чет өлкөдөгү элчиликтерде же консулдуктарда паспорт алып жатып, каттоо дареги катары чет өлкөдөгү жашаган жерин көрсөтүшкөн. Ошондуктан:
https://sputnik.kg/20250917/zhany-miyzam-menen-erte-shayloo-1096568785.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e4/0b/0e/1050427964_45:0:2462:1813_1920x0_80_0_0_589eb0872c01eace00929b26e0a0fe05.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, шайлоо, паспорт, каттоо, чет өлкө, аралыктан добуш берүү
кыргызстан, шайлоо, паспорт, каттоо, чет өлкө, аралыктан добуш берүү
БИШКЕК, 22-сен. — Sputnik. Быйыл кабыл алынган мыйзамга ылайык, жарандар шайлоодо аралыктан добуш берсе болот. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынан билдиришти.
Мекеме "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамдагы өзгөртүүлөрдө буга жол берилгенин белгилеп, аны ишке ашыруу үчүн техника сыналып жатканын маалымдады.
Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, ар бир жаран онлайн-идентификация аркылуу өзүнүн туруктуу катталган шайлоо участогуна барбай туруп, башка аймактагы шайлоо участогунда добуш берүүгө укук алат.
"Эгер шайлоочу өзүнүн катталган дарегиндеги участокко бара албай калса, эң жакынкы шайлоо участогунан аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгү бар. Бирок өз шайлоо округунун ичинде башка участоктон добуш берүүгө болбойт", — деп айтылат маалыматта.
Чет өлкөдө жүргөн кыргызстандыктар да ушул система аркылуу аралыктан добуш берүүгө шарт түзүлөт. Бирок мында эске ала турган бир жагдай бар. Кээ бир кыргызстандыктар чет өлкөдөгү элчиликтерде же консулдуктарда паспорт алып жатып, каттоо дареги катары чет өлкөдөгү жашаган жерин көрсөтүшкөн.
эгер онлайн-идентификация системасында каттоо дареги жок болсо же чет өлкөдөгү дарек көрсөтүлсө, анда шайлоо бюллетени түзүлбөйт же бош чыгат;
ошол себептен БШК мындай жарандарга Кыргызстандын аймагындагы каттоо дарегин жаңыртып коюуну сунуштайт. Ошондо гана алар аралыктан добуш берүү мүмкүнчүлүгүнө ээ болушат. Башкача айтканда, чет жакта паспорт алып жатып чет өлкөдөгү дарегин каттаткандар Кыргызстандагы дарегин калыбына келтирбесе, добуш бере албай калышы мүмкүн.