00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
6 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:00
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:00
5 мин
Жума жыйынтыгы
апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:06
51 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Спички и Транспортир
Гений авангарда: жизнь и творчество Александра Родченко
18:07
42 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Ремонтные работы в здании Жогорку Кенеша в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Парламент өзүн-өзү таркаткандан кийин КР президенти Садыр Жапаров Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоону 30-ноябрга белгилеген. Жаңы мыйзамга ылайык, өлкө көп мандаттуу 30 округга бөлүндү, ар биринен үчтөн депутат шайланышы керек. Шайлоонун жыйынтыгы 14-декабрга чейин чыгат.

Жаңыча өтө турган шайлоо. Депутат болом дегендер эмнени эске алышы керек

© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин жыйыны
Жогорку Кеңештин жыйыны - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2025
Жазылуу
Жогорку Кеңештин азыркы чакырылышы мөөнөтүнөн мурда тарап, кезексиз шайлоо боюнча күбүр кептер чындыкка айланганы калды. Ушу тапта парламентте өзүн-өзү таркатуу боюнча демилгечи топ түзүлгөн. Алар көтөргөн сунушту депутаттардын үчтөн бири колдоого алып, кийинки жумада парламенттин тармактык комитети карамай болду. Парламенттин бүгүнкү жалпы жыйынында төрага Нурланбек Тургунбек уулу да мөөнөтүнөн мурда таркатууну колдой турганын билдирди.
Мыйзамга ылайык, өзүн-өзү таркатуу тууралуу чечимди парламент өзү гана кабыл алат. Эгер эл өкүлдөрү көтөргөн демилге колдоо таап, тийиштүү токтом кабыл алынса, президент мөөнөтүнөн мурда шайлоону дайындайт. Ал такталгандан кийин 45 күндөн кечиктирилбестен өнөктүк өткөрүлүүгө тийиш.
Депутаттар быйыл "Президентти жана Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо жөнүндө" мыйзамды өзгөртүшкөн. Андыктан келе турган парламент жаңы эреже менен шайланат. Sputnik Кыргызстан агенттиги мыйзамдын күнгөй-тескейин талдап көрдү.

30 округ 90 депутат

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону өткөрүү үчүн 30 көп мандаттуу шайлоо округу түзүлөт. Алардын ар биринен үчтөн депутат шайланат. БШК шайлоо күнү дайындалгандан кийин 7 күндүн ичинде шайлоо округдарынын схемасын жана чек араларын түзүп, бекитиши керек.
Жалпы шайлоочулардын саны округдардын санына тең бөлүнөт. Өлкөдө 4,2 миллион шайлоочу болсо, ар бир округ үчүн орточо 140 миң шайлоочудан тиет. Бирок мыйзамда өз ара чектешпеген аймактардан шайлоо округун түзүүгө жол берилбегендиктен, округдагы шайлоочулардын санында 20 пайызга чейин айырмага уруксат бар. Мисалы, округдардагы шайлоочулардын орточо саны 100 миң деп эсептелсе, бир аймакта 80 миң, дагы биринде 120 миң шайлоочуга чейин болсо болот. Округдарга бөлүүдө республиканын административдик-аймактык бөлүнүшү да эске алынат.
© Sputnik / Акылбек БатырбековЖогорку Кеңештин имараты
Деятельность Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2025
Жогорку Кеңештин имараты

Болочок депутаттарга кандай талап коюлган?

Көп мандаттуу шайлоо округдары боюнча депутаттыкка талапкерлерди саясий партиялар же жарандар өзүн-өзү көрсөтө алат. Эл өкүлү болом деген адам шайлоо өткөрүлгөн күнгө карата 25 жашка толгон, жогорку кесиптик билими бар, мамлекеттик тилди билген, акыркы беш жылда республикада туруктуу жашаган болушу керек (өндүрүштүк, илимий, кызматтык себеп же башка зарылчылык боюнча өлкөнүн чегинен тышкары иш сапарларына байланыштуу ар бир жылда алты айга чейин чет элде жүрүп келсе эч нерсе болбойт).
Соттолгондугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлгандар жана диний ишмерлер өздөрүнүн диний ишин токтоткондон кийин 5 жыл аралыгында талапкер боло албайт. Ошондой эле бир адам бир эле округдан талапкер болууга укуктуу.

Саясий партиялардын талапкер көрсөтүү тартиби

Саясий партиялар курултай өткөрүп, жашыруун добуш берүү менен ар бир округдан бирден гана талапкер көрсөтөт. Партияда мүчөлүктө турбаган жаранды да талапкер кылып көрсөтүүгө укуктуу. Бирок башка саясий партиянын мүчөсүн өзүнүн атынан талапкер кылып көрсөтө албайт. Талапкер көрсөтүүдө жалпы 70 пайыздык гендердик тең салмактуулук сакталышы абзел. Эгер партия 100 талапкер көрсөтсө, 70 эркек (же аял) талапкер болушу мүмкүн. Калган 30 орунду сөзсүз түрдө башка жыныстагылар толтурушу керек.
© Фото / пресс-служба Жогорку КенешаЖогорку Кеңештин депутаттары
Депутаты Жогорку Кенеша - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.09.2025
Жогорку Кеңештин депутаттары

Үгүтчүлөр жана шайлоо фондулары

Мыйзамдагы жаңы талаптарга ылайык, саясий партия көрсөтөбү, же өзүн-өзү көрсөтөбү, бир талапкер 1000ден ашуун үгүтчү ала албайт. Мурда 500 үгүтчү болчу.
Шайлоо күрөөсү 100 миң сомдон 300 миң сомго көбөйдү. Саясий партия көрсөткөн талапкерин кааласа шайлоо фондунун эсебинен каржылап берет, болбосо күрөөнү талапкер өзү төгөт. Эски эреже боюнча, талапкер 5 пайыздан жогору добуш алганда күрөө кайтарылып берилчү, жаңы нормага ылайык, алган добушуна карабай күрөө толугу менен мамлекеттик бюджетке кетет.
Шайлоо фондулары төрт булактан түзүлөт. Өзүн-өзү көрсөткөн талапкер шайлоо фондун түзүүдө төмөнкүдөй тартипте каражат чогулта алат:
талапкердин өздүк салымы (10 миллион сомдон ашпайт);
саясий партиянын талапкерге бөлгөн каражаты (миллион сомдон ашпайт);
жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу (500 миңден ашпайт);
юридикалык жактардын кайрымдуулугу (500 миңден ашпайт).
Саясий партиянын шайлоо фондун түзүү тартиби:
талапкерлердин салымы (1,5 миллион сомдон ашпайт);
саясий партиянын өздүк каражаты (100 миллион сомдон ашпайт);
жеке жактардын ыктыярдуу кайрымдуулугу (200 миңден ашпайт);
юридикалык жактардын кайрымдуулугу (3 миллион сомдон ашпайт).
Талапкерлерди көрсөткөн саясий партия ар бир талапкерге 20 миллион сомдон ашпаган гана акча корото алат.

Шайлоодон кийин иштеген эрежелер

Талапкерлердин алган добуштары бирдей болгон учурда каттоо үчүн документтердин топтомун эрте берген талапкер жеңүүчү болуп эсептелет. Мында экинчи тур менен шайлоо өткөрүп, ашыкча акча коротпогонго болушунча аракет жасалган.
Ошондой эле депутат мандатынан баш тартса же бир аз убакыт иштеп мандатын тапшырса, башка ишке өтсө, каза болсо, сот жоопкерчилигине тартылган учурда да кайрадан шайлоо өткөрүлбөйт. Гендердик норманы сактоо менен эң көп добуш алган кийинки талапкерге мандат берилет. Аял-депутаттын ордуна аял киши, эркек кишинин ордуна эркек-депутат келет. Бирок кийинкиде турган талапкерлердин арасында аялзат жок болуп калса, эркек-талапкерге мандат бергенге уруксат бар. Качан гана добуш алган талапкерлер жок болуп калганда гана ошол округда кайрадан шайлоо өткөрүлөт.
Көп мандаттуу округ боюнча мандаттарды бөлүштүрүүдө бир жыныстагы өкүлдөр үчүн экиден ашык мандат бөлүнүшү мүмкүн эмес. Кыргызстандын шартында бир округдан шайланган үч депутаттын бирөө сөзсүз аял киши болушу шарт.
Белгилей кетсек, өнөктүк кезексиз өтүп жаткандыктан, шайлоо иш-аракеттеринин мөөнөттөрү үчтөн бирге кыскарып жүргүзүлөт.
Жогорку Кеңеш - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.09.2025
Жогорку Кеңеш шайлоосу — 2025
Жогорку Кеңештин өзүн-өзү таркатуу жол-жобосу кандай?
Жаңылыктар түрмөгү
0