00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
7 мин
Максимальный репост
Помогут ли агрокластеры и новые заводы остановить рост цен на продукты в 2026 году
12:08
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Алкоголсуз суусундуктарга милдеттүү түрдө акциз салыгы салынат — кайсы товарларга тиешелүү?
13:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Обязательная доля: кому закон присудит наследство вопреки вашей воле - объясняет юрист
14:05
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
15:04
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Как понять что ваша усталость превратилась в тревожное расстройство
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Стимул
Мигрант болуп акча табам десем ата-энем көнбөй окутту – Комузчу Курманбек Жалил уулу менен маек
17:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
С Наталией Князевой
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
20:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
«Кыргызстанда жасалган» товардык белгисин берүү укугу Соода өнөр-жай палатасына берилди — эмне өзгөрөт?
21:07
48 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

120 жыл мурун аяктаган орус-япон тиреши. Согуштун чоо-жайы. Видео

© Sputnik / Евгений ХалдейКвантун армиясынын багынышы. Архивдик сүрөт
Квантун армиясынын багынышы. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2025
Жазылуу
БИШКЕК, 5-сен. — Sputnik. 1905-жылдын 5-сентябрында Россия менен Япония Портсмут келишимине кол коюп, ушуну менен орус-япон согушу соңуна чыккан.
Документке ылайык, Россия империясы контрибуция төлөбөй турган болуп, анткен менен Японияга Сахалиндин түштүк бөлүгүн берүүгө аргасыз болгон. Бул аймакты кийин Советтик армия Экинчи дүйнөлүк согуш учурунда кайтарып алган.
Кургакта да, деңизде да жетишкен ийгилигине карабай Токио кыйын кырдаалга кептелген. Япония жаратылыш ресурсуна жарды эле, ал эми согушта куралданууга, ок-дарыга ого эле көп акча талап кылынган. Каражат насыянын эсебинен Улуу Британия менен АКШдан алынып, кийин мамлекеттик карыз эселеп өсүп кеткен. Согушту токтотпой уланта берүү өлкөнү экономикалык кыйроого кептемек.
Япон армиясы абдан көп аскеринен ажыраган. Мисалы, Порт-Артурду алган жеңишинин куну 60 миң кишинин өмүрүнө татыган. Өлкө бийлиги минтип согушта жеңүүчү боло албай турганын жакшы түшүнгөн: Россиянын адамдык да, материалдык да ресурсу эбегейсиз эле. Транссибирь магистралы үзгүлтүккө учуратса да фронтко жардам жеткирүүнү токтоткон эмес.
Япониялык профессор Сюмпэй Окамото абалды "Өлкөнүн келечеги бүдөмүк эле. Ошол учурда Россиянын армиясы үч эсе күчтүү болчу. Япон армиясын көбүнесе запастагы офицерлер баштаган, анткени кадрдык офицерлердин көбү өлтүрүлгөн же жаракат алган. Ал эми россиялык армиянын негизин Европадан жаңы келген даярдыгы мыкты аскерлер түзгөн" деп сүрөттөгөн.
Япония Россияга катуу сокку ура алган эмес. Бул маалда Токиодо партиялар арасында катуу тиреш жүрүп жаткан: бири тынчтыкка келели десе, экинчиси контрибуция талап кылган. Япония Сахалинден да баш тартууга даяр болчу, бирок репарацияга (аскердик чыгымдын ордун толтуртуу) муктаждыгы да күч эле. 1905-жылы 23-августта алгач талапка көнбөгөн Николай II Сахалиндин түштүгүн берүүгө макул болуп, аскердик чыгымдын ордун толтуруудан караманча баш тарткан.
Россия империясы "аймагы каршылаштын чабуулуна тушукпаган өлкө жеңилди деп саналбайт. Япон армиясы Россиянын ички аймагын ээлеп алган учурда гана контрибуция төлөө маселесинин көтөрүлүшүн түшүнүүгө аракет кылмакпыз" деген.
Анткен менен япониялыктар тынчтык келишими пайда алып келген жок деген пикирде эле. Болуп көрбөгөндөй чыгымдан жана контрибуциянын ишке ашпай калышынан улам согуштун жыйынтыгына каршы нааразылык акцияларына 30 миңдей киши чыгып, митингдер 1906-жылдын январына чейин уланган.
Ондогон жылдар өтүп, 1945-жылдагы Маньчжурия операциясынын жүрүшүндө Советтик армия 1,2 миллиондук Квантун армиясын талкалап, Түштүк Сахалин кайтарылып, Курил аралдарынын суверенитети калыбына келтирилген.
Квантун армиясынын капитуляциясы. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.09.2025
Японияны жеңүүдөгү СССРдин чечүүчү ролу. Видео
Жаңылыктар түрмөгү
0