00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
8 мин
Спортбокс
Улуттук спорт даңазаланат — эми жыл сайын “Улуттук спорт мыктылары” аныкталат
19:09
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
20:06
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Гепатитти кайрадан жуктуруп алгандар аныкталууда — эмдөө жана дарылоо жолдору
21:04
43 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Капалов: алимент төлөбөй жүргөндөрдү эркинен ажыратуу каралууда

© Sputnik / Нурайым РысмамбетоваСот аткаруучулар кызматынын директорунун орун басары Кубанычбек Капалов
Сот аткаруучулар кызматынын директорунун орун басары Кубанычбек Капалов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.09.2025
Жазылуу
Башкы прокуратурага караштуу Сот аткаруучулар кызматынын директорунун орун басары Кубанычбек Капалов алимент төлөөдөн баш тарткан карызкорлор үч жылга чейин эркинен ажыратылышы мүмкүндүгүн айтты.
Учурда алимент боюнча сот аткаруучуларда жалпы 53 миңден ашуун өндүрүш иши бар. Алардын ичинен 1 200 гана алимент төлөөчү бухгалтерия аркылуу төгөт. Бул тууралуу Кубанычбек Капалов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Капалов: алимент төлөбөй жүргөндөрдү эркинен ажыратуу каралууда
Анын айтымында, Сот аткаруучулар кызматы Сот департаментинин курамынан чыгарылып, Башкы прокуратурага киргизилди.
"Кыргыз Республикасында мыйзамдуу күчүнө кирген соттук аткарууларды жана башка документтердин аткарылыш деңгээлин жогорулатуу, өлкөдө мыйзамдуулукту жана укуктук тартипти чыңдоо, жарандардын, юридикалык жактардын укуктарын жана мыйзамдуу кызыкчылыктарын коргоону камсыз кылуу максатында президенттин Кыргыз Республикасынын аткаруу өндүрүш системасын жана сот аткаруучулардын ишин өркүндөтүү чаралары боюнча жарлыгы чыккан. Ага ылайык, быйылкы жылдын 1-июлунан тартып апробациялык режим киргизилген. Андыктан Сот аткаруучулар кызматы Сот департаментинин курамынан чыгарылып, Башкы прокуратурага киргизилген. Анда аткаруу документиндеги талаптарды аткарбагандыгы үчүн карызкорлордун жоопкерчилигин күчөтүү жагы да каралып кеткен. Ошонун алкагында Башкы прокуратура тарабынан жумушчу топ түзүлүп, колдонуудагы мыйзамдарга өзгөртүү, толуктоолор киргизилди", — деди Капалов.
Ал өзгөрүүлөргө ылайык, карызкорлорду бир жылдан үч жылга чейин камакка алуу каралып жатканын билдирди.
"Учурда алимент боюнча сот аткаруучуларда жалпы 53 миңден ашуун өндүрүш иши бар. Анын ичинен 1 200 гана адам жумушу боюнча бухгалтерия аркылуу туруктуу алимент төлөйт. Башкалары иштеген жерин көрсөткөн эмес же туруктуу иши жок. Ошондуктан ар бир аймактын эң төмөнкү маянасынын статистикалык маалыматы боюнча алимент өндүрүлүп келет. Окуу жылынын башталышында алимент маселеси абдан курчуйт. Себеби балдарды окууга даярдоо кажет. Ар бир ата-эне баласы үчүн өздөрү аракет кылып, убагында төлөбөсө мамлекеттик органдарга да бул маселе өтө кыйынга туруп калды. Сот аткаруучулар мүлкүн текшерет, айып пул салып, өлкө аймагынан чыкпоого гана чектөө киргизе алат. Башка колдоно турган чара жок болчу. Азыр мыйзамга сунушталган өзгөртүүлөр боюнча карызын төлөбөгөндөргө үч сутка административдик камак киргизип жатабыз. Үч ай алимент төлөбөсө жана бир жылдык алименттин төлөнбөгөн өлчөмү көбөйүп кеткенде ушул чектөөнү колдонобуз. Бул дагы кайталана турган болсо жети суткага камалат. Бул Укук бузуулар кодексине жаңы берене катары кирип жатат. Мындан тышкары, эркиндигинен ажыратууну карап жатабыз. Ал ишке аша турган болсо баш тарткандар же 12 ай төлөбөгөндөр бир жылга, ал эми ал дагы кайталанып 24 айдан аша турган болсо үч жылга чейин эркинен ажыратылат", — деди Капалов.
Адис мыйзамга кирген өзгөртүүлөр мурункуга караганда натыйжалуу болорун кошумчалады.
Теги: радио сот аткаруучу
Жаңылыктар түрмөгү
0