https://sputnik.kg/20250721/zher-kodeksi-sadyr-zhaparov-miyzam-1095442410.html
Нааразылык жаратып, артка кайтарылган Жер кодексине президент кол койду
Нааразылык жаратып, артка кайтарылган Жер кодексине президент кол койду
Sputnik Кыргызстан
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров нааразылык жаратып артка кайтарылган Жер кодексинин макулдашылган вариантына кол койду. Бул тууралуу... 21.07.2025, Sputnik Кыргызстан
2025-07-21T16:45+0600
2025-07-21T16:45+0600
2025-07-21T17:06+0600
кыргызстан
жер кодекси
садыр жапаров
мыйзам
кол коюу
https://sputnik.kg/img/07e6/03/0e/1062833304_0:146:2835:1741_1920x0_80_0_0_8b480a0aabec70b139fe0249322c5445.jpg
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров нааразылык жаратып артка кайтарылган Жер кодексинин макулдашылган вариантына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында кабарланган. Кодекстин мурдагы редакциясында элде коомдук муктаждык үчүн мамлекет менчик жерди базар баасынан арзан алып коет деп кооптонушкан. Кийин президент жеке менчик мүлк кол тийгис экенин билдирип, мыйзам долбоорун каршы пикири менен артка кайтарган. Кайрадан макулдашылып, Жогорку Кеңеш тарабынан 4-июнда кабыл алынган мыйзам долбоорунда кенемте төлөө пунктунда "жетишерлик баа" деген түшүнүк "базар баасында" дегенге алмаштырылды. Башкача айтканда, менчикти мамлекеттик же коомдук муктаждык үчүн алууда көз карандысыз адис базар баасын аныктап, ошол нарк макулдашуу үчүн колдонулат. Мамлекеттик муктаждык үчүн жер тилкени алуу боюнча Кодексте белгиленген негизги эрежелер: Мындан тышкары, "Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга да кол коюлду. Ал жер тилкелеринин укуктук макамын тактап, мурда берилген укуктарды таануу жана коргоо, ошондой эле эски укук документтерин бирдиктүү кадастрдык планга өткөрүү тартибин белгилейт. Трансформация (айыл чарба жерин башка максатка өткөрүү) жана жайыттарды мыйзамдаштыруу маселелери да камтылган. Ошондой эле аталган мыйзам менен 1999-жылга чейин алынган багбанчылык-дачалык участокторго укуктар жана аларды жакын жайгашкан калктуу конуштарга кошулушун ырастайт. Бул турак жай менен социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, каттоолорду алууга, мектепке чейинки балдар жана мектеп мекемелерине кирүү үчүн балдардын документтерин тариздөөгө, жөлөк пулдарды жана пенсияларды алууга өбөлгө түзөт.
https://sputnik.kg/20250415/bashky-prokuror-maksat-asanaliyev-1093347562.html
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2025
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e6/03/0e/1062833304_234:0:2675:1831_1920x0_80_0_0_40cb5460eaad365d6cf62a7db2c23c64.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
кыргызстан, жер кодекси, садыр жапаров, мыйзам, кол коюу
кыргызстан, жер кодекси, садыр жапаров, мыйзам, кол коюу
БИШКЕК, 21-июл. — Sputnik. Президент Садыр Жапаров нааразылык жаратып артка кайтарылган Жер кодексинин макулдашылган вариантына кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында кабарланган.
Кодекстин мурдагы редакциясында элде коомдук муктаждык үчүн мамлекет менчик жерди
базар баасынан арзан алып коет деп кооптонушкан. Кийин президент жеке менчик мүлк
кол тийгис экенин билдирип, мыйзам долбоорун каршы пикири менен
артка кайтарган.
Кайрадан макулдашылып, Жогорку Кеңеш тарабынан 4-июнда кабыл алынган мыйзам долбоорунда кенемте төлөө пунктунда "жетишерлик баа" деген түшүнүк "базар баасында" дегенге алмаштырылды. Башкача айтканда, менчикти мамлекеттик же коомдук муктаждык үчүн алууда көз карандысыз адис базар баасын аныктап, ошол нарк макулдашуу үчүн колдонулат.
Мамлекеттик муктаждык үчүн жер тилкени алуу боюнча Кодексте белгиленген негизги эрежелер:
жерди алып коюу — объектини жайгаштырууга башка мүмкүнчүлүктөр болбогондо гана жүргүзүлөт;
менчик ээси макул болбосо, мамлекеттик орган сотко кайрыла алат;
кенемте теңдеш жер тилке, акчалай төлөм же экөөнүн айкалышы түрүндө болушу мүмкүн;
кенемтенин өлчөмүнө жердин жана курулуштардын базар баасы, ошондой эле келтириле турган чыгымдар кирет;
акчалай төлөм жер алынганга чейин берилиши керек;
эгер маселе сот аркылуу чечилсе, кенемтенин өлчөмүн сот аныктайт;
жердин бир бөлүгүн бөлүп алуу каралбайт, алынса толугу менен алынышы керек;
эгер жер күрөөдө болсо, күрөө жаңы участокко өтөт же компенсация эсебинен жабылат.
Мындан тышкары, "Жер кодексин колдонууга киргизүү жөнүндө" мыйзамга да кол коюлду. Ал жер тилкелеринин укуктук макамын тактап, мурда берилген укуктарды таануу жана коргоо, ошондой эле эски укук документтерин бирдиктүү кадастрдык планга өткөрүү тартибин белгилейт. Трансформация (айыл чарба жерин башка максатка өткөрүү) жана жайыттарды мыйзамдаштыруу маселелери да камтылган.
Ошондой эле аталган мыйзам менен 1999-жылга чейин алынган багбанчылык-дачалык участокторго укуктар жана аларды жакын жайгашкан калктуу конуштарга кошулушун ырастайт. Бул турак жай менен социалдык көйгөйлөрдү чечүүгө, каттоолорду алууга, мектепке чейинки балдар жана мектеп мекемелерине кирүү үчүн балдардын документтерин тариздөөгө, жөлөк пулдарды жана пенсияларды алууга өбөлгө түзөт.