Мамытов: мамлекеттердин дүйнөлүк уюмдардан карыз алуусу саясатташып кеткен

© Sputnik / Асылбек Бактыбеков
Жазылуу
Жусуп Абдрахманов атындагы Башкаруу академиясынын жаңы экономика кафедрасынын жетекчиси Улукман Мамытов мамлекеттердин карызынын дүйнөлүк экономикага таасирине токтолду.
Макроэкономикага кызыккан экономисттер өлкөлөрдүн карыздары абдан жогорку ченге жеткен доордо жашап жатканыбызды айтышууда. Учурда бардык мамлекеттердин ИДПсын ала турган болсок, 100 триллион доллардын тегерегинде, бирок бардык өлкөлөрдүн карыздарынын суммасы 300 тириллион долларды чапчып калды. Мындай маалыматты Улукман Мамытов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, мамлекеттердин карыздарынын жогорку ченине жеткенине жөнөкөй жарандардын да тиешеси бар.
"Мамлекеттердин карыздары мейли сырткы же ички болсун, өзгөчө чоң өлкөлөрдү алсак, дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизет. Мисалы, учурда АКШнын карызы 36 триллион долларга жетти. Бул өлкө бюджетинин дефицитине алып келип, барган сайын дефолт коркунучуна кептөөдө. Акча басып чыгарган өлкөдө эмнеге мындай кризис жаралды деген суроо туулушу мүмкүн. Бирок дал ушул акчаны өздөрү чыгаргандыктан керек учурда эбегейсиз суммада басып чыгара берип, доллардын куну түшүүдө. Американын сырткы карызы бир эле өз өлкөсү үчүн эмес, доллар эл аралык акча болгондуктан дүйнөлүк экономикага таасирин тийгизет. Ошого карабай айрым өлкөлөр мына ушинтип ири карыздарды ала беришет. Ошол эле учурда экономикасы алсыз мамлекеттерге ИДПыңардын 50/60/70 пайызынан ашпасын деген сыяктуу талаптарды коюшат же эл аралык каржы уюмдарынын башкаруучулук саясатын ээлеп алып, чабал өлкөлөргө берилип жаткан карыздарга өздөрүнүн башка бир кызыкчылыктарын кошушат. Алар аскердик, идеологиялык, ресурстук жана башка багыттарда болушу мүмкүн. Ошентип макроэкономиканы саясатка айландырышат", — дейт Мамытов.
Экономист өлкөлөр алган карызын көбөйө турган тармактарга салышы керектигин айтты.
"Мамлекеттер карыз алганда, биринчиден, аны өсө турган багыттарга иштетиши керек. Жол куруу, айлык акыны төлөө деген социалдык программаларга иштетип салганга болбойт. Ал акча көбөйүп, карыз төлөнүп, андан түшкөн пайда гана башка багыттарга жумшалышы шарт. Мындай долбоорлорго алынган карыздан коркпой эле койсо болот. Экинчиден, карызды алып жатканда келишимдерге терең көңүл буруу зарыл, күчтүү юристтер иштеши керек. Дагы бир жагдай, өлкөдө өндүрүш барбы, жокпу, бийлиги кандай иштеп жатат дегенден сырткары да жашоочуларынын коромжу болушу же сарамжалдуулугу мамлекеттердин карыз алышына түздөн-түз таасир этет. Мисалы, адамдар тапканына көп коротсо, дайыма банктардан карызга батып жашагандары көп болсо, импорттук товарларга көз карандылыгы көп болсо, анда бул мамлекетте карызга муктаждыктын көрсөткүчү да жогору болот",— деди Мамытов.
Ал мамлекеттин өнүгүшү ар бир адамдын каржылык сабаттуулугуна да байланыштуу экендигин кошумчалады.
