00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
4 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
4 мин
Ежедневные новости. Погода на завтра
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Тема дня
«Блог — это тоже дипломатия»: что блогеры из России увидели в Кыргызстане
18:08
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Стоп-кадр
Идеядан экранга чейин: “От” фильмин утушка жеткирген сценарий артындагы күрөш
19:08
39 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
6 мин
Будь в курсе
10 лет ЕАЭС: спорят, но договариваются — итоги форума в Минске
20:07
45 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Ысык-Көл менен Нарын облусу органикалык айыл чарбага өтөт — “Органика 2025–2029" программасы кантип ишке ашат?
21:04
54 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
Жазылуу
Трамп БРИКС саясатын колдогондорго бажы алымын киргизүү ниетиндеМиң-Куштагы карьерлердин биринде жер көчүп, көмүр казуу токтотулдуДепутат анонимдүү жарнамаларга тыюу салууну сунуштадыАлдыда кененирээкЖогорку Кеңештин депутаты Марлен Маматалиев анонимдүү жарнамаларга тыюу салууну сунуштады. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыгарылды. Эл өкүлүнүн айтымында, мамлекет тарабынан алдамчылыкка каршы күрөш жана элдин санариптик сабаттуулугун арттырууга багытталган иштер күчөтүлүүдө. Ошол эле учурда интернеттеги анонимдүү жарнамалар калкты алдоонун негизги куралы болууда. "Учурда миңдеген жарнамалар эч кандай текшерүүсүз жайгаштырылып, фишинг-сайттар, жалган онлайн-дүкөндөр, каржылык пирамидалар жана "пайда алып келе турган инвестициялар" сыяктуу алдамчылык схемалар көзөмөлсүз тарап жатат. Ал эми мыйзам бузгандар жана жарнамалык платформалар жоопкерчиликке тартылбайт. Бул көрүнүш алдамчыларга ыңгайлуу шарт түзүп, мыйзамсыз ишмердиктин гүлдөшүнө алып келүүдө. Жарнама берүүчүлөр идентификацияланбаса мамлекет аларды ыкчам бөгөттөп же жоопко тарта албайт", — деп айтылат документтин негиздемесинде. Мындан улам мыйзам долбоору даярдалып, ага ылайык: каттоодон өтпөгөн жарнама берүүчүлөргө интернет аркылуу жарнама жайгаштырууга тыюу салынат; интернеттеги жарнамалык платформалар жарнама берүүчүлөрдү каттоодон өткөрүүгө милдеттүү болот; каттоо тартибин электрондук башкаруу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган аныктайт.
Жумгал районунун Миң-Куш айылындагы карьерлердин биринде жер көчүп, көмүр казуу убактылуу токтотулду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.Маалыматка ылайык, кырсык 6-июлда Дүңгүрөмө айылындагы Как тилкесинде болгон. "Жер көчкүнүн көлөмү болжолдуу 1 миллион куб. Мындан улам ӨКМдин Жумгал райондук ӨК бөлүмүнөн ыкчам топ жеринде болуп, адам өмүрүнө жана техникага зыян келбегенин тактады", — деп айтылат маалыматта. Ошондой эле көмүр казуу иштери аталган карьерде коопсуздук эрежелери сакталбагандыктан токтотулганы кошумчаланды.
"Кыргызстан аэропорттору" ААК жетекчилиги "Манас" эл аралык аэропортунун аймагын кеңейтүү боюнча масштабдуу иштердин жүрүшүнө жигердүү көз салууда. Бул тууралуу аталган башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди. Маалыматка ылайык, терминалдын аянтын кошумча 18 миң чарчы метрге көбөйтүү боюнча курулуш иштери башталды. Жаңы терминал заманбап, технологиялык жактан өнүккөн жана жүргүнчүлөр жана авиакомпаниялар үчүн мүмкүн болушунча ыңгайлуу болот.Жаңы комплекс эң акыркы технология менен жабдылат. Кенен күтүү залдары, кеңейтилген каттоо зонасы, жакшыртылган коопсуздук системасы, ыңгайлуу эс алуу зоналары, ошондой эле эл аралык жана ички каттамдар үчүн заманбап инфраструктура болору айтылды.
АКШнын президенти Дональд Трамп эгерде кайсы бир өлкө БРИКС уюмунун "АКШга каршы" саясатын колдосо, анда ал мамлекетке кошумча 10 пайыздык бажы төлөмүн киргизерин айтты. Бул туурасында РИА Новости жазды. "БРИКСтин Америкага каршы саясатын колдогон кайсы гана мамлекет болбосун, 10 пайыздык төлөм алынат. Мында эч кимге аёо болбойт", — деген Ак үйдүн башчысы. БРИКС — 2006-жылы Россия, Кытай, Индия жана Бразилия тарабынан түзүлгөн мамлекеттер аралык бирикме, 2011-жылы ага Түштүк Африка кирген. Ал эми 2024-жылдан тарта Египет, БАЭ, Эфиопия, Иран, 2025-жылдын январь айынан баштап Индонезия кошулган.
Жаңылыктар түрмөгү
0