00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
7 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:09
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
7 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:06
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
Жазылуу
Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев КМШда илимий кызматташтыкты күчөтүүнү сунуштады. Бул тууралуу ал Бишкекте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунда айтты. Койчиев чөлкөмдөгү элдин ортосундагы гуманитардык диалог уланып келе жатканын белгилеп, биргелешкен илим-изилдөө платформаларын жана лабораторияларды түзүүгө, архивдерди санариптештирүү долбоорлорун илгерилетүүгө көңүл бурууну сунуштады. "Чыңгыз Айтматовдун мурасы маданият, илим жана билим берүү жаатында элди бириктирип, ар кандай сыноого туруштук бере алган ишенимдүү көпүрө экенин эске салат", — деди мамлекеттик катчы.
Россия президентинин атайын өкүлү Михаил Швыдкой Кыргызстанды "сонун өнүгүп жаткан мамлекет" деп мүнөздөдү. Бул тууралуу ал КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумунда айтты. Анын айтымында, КМШ өлкөлөрүнүн чыгармачыл жана илимий интеллигенциясынын форумун Кыргызстанда өткөрүү чечими Чыңгыз Айтматовдун туулган күнүнүн 100 жылдыгына даярдыктын алкагында кабыл алынган. Швыдкой форумдан кийин Ысык-Көл форумунун 40 жылдыгына арналган иш-чара өтөрүн белгилеп, бул аянтча советтик жана постсоветтик мезгилде маанилүү роль ойногонун айтты. Мамлекеттик катчы Арслан Койчиев форумду өткөрүүнүн демилгечилеринин бири Михаил Швыдкой экенин айтып, иш-чарага КМШдан акындар, жазуучулар жана илимпоздор катышып жатканын кошумчалады.
Бишкекте 13-июнда өтө турган Night Run түнкү марафонуна байланыштуу Шабдан баатыр проспекти жана ага чектеш бир катар көчөлөрдө жол кыймылы убактылуу чектелет. Бул тууралуу калаа мэриясы кабарлады. Чектөөлөр саат 20:30дан 23:00гө чейин күчүндө болот. Жарыштын маршруту Шабдан баатыр проспектинин түштүк тарабы менен Лермонтов көчөсүнөн Мухтар Ауэзов көчөсүнө чейин, ошондой эле Чокан Валиханов көчөсү аркылуу Анкара көчөсүнөн Шабдан баатыр проспектине чейин эки багытта өтөт. Шаар бийлиги айдоочуларга маршрутту алдын ала пландап, тыгындарды эске алууну сунуштайт.
БУУнун курамына кирген уюмдардын бири Дүйнөлүк метеорология уюмуна таянып Эль-Ниньо кубулушу жакынкы айларда күндүн ысышына таасир этерин билдирди. Бул туурасында РИА Новости жазды. Эль-Ниньо — Тынч океандын экватордук аймагынын борбордук жана чыгыш бөлүктөрүндөгү океан суусунун үстүңкү катмарынын температурасынын көтөрүлүшү менен байланышкан табигый климаттык кубулуш. Ал орто эсеп менен ар бир 2-7 жылда кайталанып турат. Узактыгы адатта 9 айдан 12 айга чейин созулат. "Тынч океандын тропикалык бөлүгүндөгү океан сууларынын адаттан тыш жылышынан улам Эль-Ниньо кубулушу күчөп жатат. Бул жакынкы айларда кооптуу аба ырайын жана андан улам болчу коркунучту арбытып, глобалдык ысыкка жана жаан-чачындын адаттагы ыраатына таасирин тийгизиши күтүлүүдө", — деп баяндамада айтылат. Бул кубулуш Жердин көп бөлүгүндөгү аба ырайына таасир этерин аталган метеорология уюму билдирген. "Эль-Ниньо адатта Түштүк Американын кээ бир райондорунда, АКШнын түштүгүндө, Африканын кээ бир жерлеринде жана Борбор Азияда жаан-чачындын арбышы менен шартталат. Ага карама-каршы келген кургакчылык Австралияда, Индонезияда жана Түштүк Азиянын бир катар жерлеринде болот", — деп айтылган БУУнун Кырсыктардын тобокелдигин азайтуу боюнча башкармалыгынын сайтында. Метеорологдор бул сапаркы кубулуш ноябрга чейин созулат деп божомолдошууда.
Жаңылыктар түрмөгү
0