00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
3 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
4 мин
Ежедневные новости
12:01
2 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Кыргыз-түрк “Манас” университети эми жасалма интеллект жана киберкоопсуздук багытында да билим берип баштайт
15:09
43 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:06
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00

Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
Жазылуу
Өлкөдө ичип алып унаа айдагандарга жаза катаалдашты. Тиешелүү мыйзамга президент Садыр Жапаров кол койду. Ага ылайык, мас болуп рулга отургандарды 20 суткага чейин камакка алуу (мурда 7 суткага чейин болгон) жана 12 жылга чейин айдоочулук күбөлүктөн ажыратуу каралган. Эгер мас айдоочу жол кырсыгына себеп болуп адамдар жабыркаса, анда 5 жылдан 7 жылга чейин эркинен ажыратылат. Ал эми кырсыктын кесепетинен адам каза болсо 10 жылдан 12 жылга чейин (мурда 8-10 жыл) кесилет. Ошондой эле жаңы мыйзам менен мопеддерди жана электр скутерлерин милдеттүү түрдө каттоо киргизилди. Алардын ээси А1 категориясындагы айдоочулук күбөлүк алууга милдеттүү болот.
Кыргызстанда шайлоону жекшембиден шаршембиге жылдырып, ал күндү акы төлөнүүчү дем алыш кылуу сунушталды. Тиешелүү мыйзам долбоору коомдук талкууга чыкты. Документти демилгелеген ЖК төрагасы Марлен Маматалиев жекшемби күнү эл эс алууну тандап, добуш берүүгө барбай, мындан улам шайлоочулардын активдүүлүгү төмөндөп жатканын жүйө келтирген. Жаңы мыйзам долбооруна ылайык, шайлоо өтчү күн акы төлөнүүчү дем алыш деп жарыяланат, бирок шайлоого себепсиз катышпай койгондорго ал күн үчүн эмгек акы төлөнбөйт, бул күн камсыздандыруу стажына да кошулбайт. Ал эми ошол күнү шайлоого катышып, анан ишке да чыкса эки эселеп айлык төлөнүшү керек.
Кыргызстанда Кызыл китепти жаңыртуу иши башталды. Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги Улуттук илимдер академиясы менен биргеликте өлкө боюнча кеңири илимий изилдөөлөрдү жүргүзөрүн билдирди. Долбоордун алкагында окумуштуулар эки жыл бою изилдөө жүргүзүп, сейрек кездешүүчү жана жоголуп кетүү коркунучунда турган жаныбарлар менен өсүмдүктөрдү аныкташат. Буга жалпы 21 миллион сом каралып, жыйынтыгында жаңы Кызыл китептин басылышы үчүн илимий база даярдалат. Учурда Кызыл китепте куштун 57 түрү, 23 сүт эмүүчү, 17 балык, сойлоочу жана жерде-сууда жашоочу жаныбарлар, курт-кумурсканын 18 түрү, ошондой эле өсүмдүктүн жана козу карындын 89 түрү кирген.
АКШнын Аскердик-аба күчтөрү кыйын күнгө деп жаңы учак иштеп чыгууга 2,2 миллиард доллар сураганын РИА Новости аталган өлкөнүн бюджеттик документтерине таянып жазды. Кеп абадан башкара турган E-4C тууралуу болууда. Айтылган сумманы келерки финансылык жылда алууну эсептешкен. Акча быйыл бөлүнгөн суммадан 23,2 пайызга көп. Каражат инженердик жана техникалык сыноолордун масштабдуулугунан улам көп жумшалары айтылды. Документте жаңы учак эски E-4B бортунун ордуна пайдаланылары жазылган. Мурдагы аппараттар сыяктуу эле өзөктүк куралдардын жарылуусунан жана электромагниттик таасирлерден коргомокчу. АКШнын президенти, согуш министри жана башка маанилүү мамлекеттик кызматтагылар мындай учакта асманда туруп алып эле кургактагы куралдуу күчтөргө буйрук берип, башкара алат. Мындай команда эгерде жердеги штабдар талкаланып калса берилмекчи. Документте бул үчүн Пентагон Sierra Nevada Corporation деп аталган компания менен келишим түзөрү жазылган. Долбоорлоо 2031-жылдын соңуна чейин бүтүп калышы керек. Пентагон, мындан сырткары, аба базаларынын инфраструктурасын жаңылоо жана даяр учактарды сатып алуу үчүн 5,4 миллиард доллар бөлмөкчү. Бул иштер 2029-жылы башталары айтылган.
Жаңылыктар түрмөгү
0